Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 14-майы № 172
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 269/08-13 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн жол акысы 10 сом өлчөмүндө белгилөө жана шаардагы муниципалдык автобус, троллейбустарда Ош шаарындагы ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдик берилип, аларды акысыз ташуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 8 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-кичи автобустарда - 10 (он) сом;
-автобустарда - 8 (сегиз) сом;
-троллейбустарда - 6 (алты) сом;
-мектеп окуучуларына муниципалдык транспорттордо (автобус, троллейбус) -1 (бир) сом, кичи автобустарда - 5 (беш) сом;
-тиешелүү кызматтардын аныктамасынын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары-мектеп окуучулар Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген күбөлүк менен кичи автобустарда акысыз ташылсын;
-автобустарда, троллейбустарда электрондук карталары жок жүргүнчүлөр үчүн жол акы - 10 (он) сом;
2. Мектеп окуучуларына муниципалдык транспорттордо (автобустарда, троллейбустарда) 2020-жылдын 1-январынан тартып жол акы - 3 (үч) сом өлчөмүндө белгиленсин:
3. Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын автоунааларында (автобустарда, троллейбустарда) төмөндөгү категориядагы жүргүнчүлөр тиешелүү кызматтар аркылуу берилген күбөлүктүн негизинде акысыз ташылсын:
-Жашы боюнча пенсионерлер;
-Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар - I, II топтогу майыптар;
-Ош шаарынын Ардактуу атуулдары;
-Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар соттору;
-Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери;
-«Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү;
-«Ош шамы» гезитинин журналисттери;
-Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү эмканасынын медициналык кызматкерлери.
4. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-июнундагы V сессиясында кабыл алынган № 45 токтому, 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239 токтому, 2013-жылдын 11-октябрындагы X сессиясында кабыл алынган №128 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Ош шаардык мэриясына (Сарыбашов Т.Н)
-Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын-мектеп окуучуларын тиешелүү кызматтар менен биргеликте иликтеп, тактап, окуучу экенин ырастоочу күбөлүк же бейджик менен камсыз кылуу тапшырылсын.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |