Загрузка документа…
КЫЗЫЛ КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 9/26
“Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын өткөрүү жөнүндө” Жобону кабыл алуу тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, шаардык кеңештин ачык сессияларын өткөрүүгө методикалык колдонмо жана инструктаж катары пайдалануу жана шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачык–айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын өткөрүү жөнүндө” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Маткалыков |
|
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2013–жылдын 6–сентябрындагы №9/26 токтомуна №1–тиркеме |
I. Жалпы Жоболор;
II. Жер-жерлерде ачык сессияларын өткөрүү жол-жоболору;
III. Ачык сессиялар тууралуу маалыматтарды жайылтуу;
Бул Типтүү жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү жана ачык сессиялар тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат.
Бул жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен өзүнчө документ катары кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештин ишмердигинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.
Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот.
Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.
Жергиликтүү кеңеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, аларды сессияга катышуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдетүү.
Жабык сессияларда каралган маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болгон учурда өткөрүлөт.
Жер–жерлерде ачык сессияларды даярдоо жана өткөрүү жол–жоболору
Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.
Аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.
Жергилктүү кеңештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
Өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтында жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.
Жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
Конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.
Катышуучулардан үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.
Конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.
Сессияны ачар алдында кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергилктүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.
Жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскооолдук кылууга укугу жок. Ачык сессияларга катышуучуларга сөз депутаттардын макулдугу менен берилет.
Тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылучуу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
Ачык сессиялар тууралуу маалыматтарды жайылтуу
Өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.
Ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалыматтын айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардан өкүлдөрүнөн сурана алат.
Депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.
Кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
Р.Абдукаюмов |