Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 9/25
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) регламентине толуктоолордуу киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 28 – беренесинин 1 – бөлүгүнө, 31 – беренесинин 2 – бөлүгүнүн 10)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) шаардык кеңештин 2013 – жылдын 12 – январындагы №1/2 токтому менен кабыл алынган регламентине №1 – тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Маткалыков |
| Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2013–жылдын 06–сентябрындагы № 9/25 токтомуна №1–тиркеме |
10.15. Ачык сессияларды даярдоо өткөрүү жөнүндө
Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
– жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.
– жергиликтүү кенеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, алардын сессияга катшуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
– жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.
– аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу менен жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.
– жергиликтүү кенештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
– өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.
– ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.
– жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
– конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.
– катышуучулар үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.
– конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.
– сессияны ачаар алдында шаардык кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.
– жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга укугу жок.
тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу
мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
– өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.
– жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.
– ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу
маалыматтын айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.
– жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
– жергиликтүү кеңеш өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
–депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.
– кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.
жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой
эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.