Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № IV-11
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |
| Депутаттардын Ноокат шаарды кеңешинин 2013-жылдын–6-июлундагы кезексиз IV чакырылыш IV сессиясынын №11 токтомуна №1 тиркеме |
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
II чейректе каралуучу маселелер:
III чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга шаардык кеңешинин бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
2. Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдагы атайын эсебиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
3. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
4. Ноокат шаардык мэриясынын 2014-2016-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
5. Ноокат шаарынын 2013-2017-жылдарга карата экономиалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэриясынын вице мери Д.Тажибаев
6.Ноокат шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө
Билдирүү берет Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Ярматов
7. Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Ярматов
Шаардык кенештин бюджет , финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
IV чейректе каралуучу маселелер:
1.2013-жылды Ноокат районунун аймагында айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын вице-мэри Д.М.Тажибаевдын отчету
Шаардык кенештин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча турукту комиссия.
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Ярматов |
Ноокат шаардык
кеңешинин: