Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 9
Сулукту шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндөгү Жобону бекитүү
Сулукту шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттарды жөнгө салуу боюнча комиссиялардын курамдары жана Сулукту шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттарды жөнгө салуу жөнүндөгү Жобонун долбоорун, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктунун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет)
2. Шаардын аймагында каада-салттарды жөнгө салуу боюнча шаардык коммиссиянын жана коомдук өз алдынча башкаруу аймактарындагы комиссиялардын курамдары бекитилсин (Комиссиялардын курамдары тиркелет)
3. Жобону ишке ашырууну уюштуруу жагы каада-салттарды жөнгө салуу боюнча коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын алдында түзүлгөн комиссиялардан, коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнөн талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин билим берүү, маданият, жаштар, спорт, мамлекеттик тил жана каада салт боюнча туруктуу комиссияга жана каада салтты жөнгө салуу боюнча шаардык комиссияга жүктөлсүн.
Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Исмаилов |
| Шаардык кеңештин 2013-жылдын 21-февралындагы сессиясынын №9 токтомуна №1 тиркеме |
Сулукту шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндө Жобо
1.1. Сулукту шаарынын аймагында тойлорду, маркумдарды акыркы сапарга узатуу ж.б. каада салттар аймактын экономикалык абалына, элдин жашоо турмушунун деңгээлине жараша өткөрүлөт.
Шаардык Кеңештин аймагында азыркы экономикалык кырдаалды, эддин жашоо турмушундагы кыйынчылыктарды эске албастан ар түрдүү шаан-шөкөт, тойлорду өткөрүү, маркумдарды акыркы сапарга узатуу өз ара мелдешке айланып, акыркы карманган малдарын сарп кылган фактылардын саны көбөйүп бара жаткандыгына ар бирибиз күбө болуудабыз.
Мындай ыксыз чыгымдарга мыйзам чегинде бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү шаар тургундарынын ар биринин милдети болуу керек деген сунуш-пикирлер ар кайсы жамааттардан келип түшүүдө, ал эми бул маселени шаар мыйзамына киргизүү менен жалпы коомчулук тарабынан жонго салуу максатында ушул Жобону кабыл алуу сунуш кылынат.
1.2. Куру намыстуулукка, ашыкча чыгымдуулукка каршы күрөшүү жамааттардын ар бир мүчөсүнүн милдети болуу керек. Эл арасындагы тойлорду, белгилүү күндөрдү, кечелерди өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу, аларды эскерүүгө байланыштуу каада-салттар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун негизинде шаардык кеңештин сессияларында бекитилген шаар мыйзамынын жана каада-салттар жөнүндөгү ушул Жобонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
1.3. Каада-салттарды жонго салуу жөнүндөгү Жобо атайын комиссия тарабынан даярдалып коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында, коомдук уюмдарында, аксакалдар, аялдар, жаштар уюмдарында талкууга алынгандан кийин шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы менен шаардык каада-салтарды жонго салуу боюнча комиссиясында бирге каралгандан кийин шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
1.4 Шаардын жашоочуларынын социалдык, маданий жана күндөлүк турмушун жакшыртууга карата кабыл алынган укуктук ченемдик актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына, Президенттин Указдарына, Өкмөттүн жана шаардык кеңештин чечимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамаатынын Уставына карама-каршы келбесе шаардын аймагындагы атуулдар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан, аткарууга милдеттүү.
2.1. Шаардын тургундары тойлорду, белгилүү күндөрдү жана кечелерди өткөрүү боюнча сунуштарын, ой-пикирлерин коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларына жана каада салт боюнча комиссияларга 10-15 күн мурун билдирүүсү керек. Ал билдирүүгө сөзсүз төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
-өтүлө турган маарекени өткөрүү күнү, сааты, өткөрүүчү жайы.
-Тойго, кечеге кетүүчү жалпы чыгымдын саны (сом менен);
-Маарекеге союлуучу жандыктардын турү;
-Музыканттардын, ырчылардын, бийчилердин жалпы саны;
-Тойдун, кеченин жана белгилүү күндөрдүн Жобонун негизинде өтүлүшүнө жекече жоопкерчиликти мойнуга алган адамдын Ф.А.А. иштеген жери.
-Той, кече, белгилүү күндөр өтүүчү көчөдө коомдук тартипти камсыз кылуучу милициянын аймактык тескоочусунун, элдин ыктыярдуу кошундар тобунун жетекчисинин Ф.А.А. иштеген жери.
2.2. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында өткөрүлгөн жыйындарды маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт жана анын башчысы шайланат.
2.3. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия той, кече ж.б. марекелерди өткөрүү жөнүндө түшкөн сунуштарды Жобонун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылып, тийишүү жогорку органдарды айылына бир жолу билдирүү жасайт.
2.4. Коомдук өзүн-өзү башкару аймактарына башчылары, мааракелерди өткөөрү боюнча атайын комиссия, милициянын аймактык тескоочусу жана той маарекенин ээси маарекелерди Жабого ылайык өтүлүшүнө жооп берет.
3.1. Той, кече, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салтарды жонго салуу боюнча комиссия менен макулдашып белгиленген күнү макулдашылган шарт боюнч өткөрүлөт.
3.2. Тойлор, кечелер, ишке, чарбалык жумуштарга тоскоол болбогон күндөрү той, кеченин ээлерине макул болгон күндөрү өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү кечелери улуттук каада салтка ылайык той болгон күнү өткөрүлөт.
3.4. Маарекелерге чакырылган адамдардын саны маареке өткөргөн адамдын турмуш шартына жараша болушу шарт.
3.5. Тойлордо атайын үйлөрдө конок берүүнү токтотуп той өткөрүлгөн жерде сый тамагын уюштуруу
3.6. Эки жаштын нике тууралуу күбөлүгү жаштар каалаган жерде тапшырылат.
3.7. Баш кошкон жаштарга нике окуу шарыяттын жол жобосу менен өткөрүлөт.
3.8. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө коомдук тартип сактоо, тойго келген меймандардын унааларын коё турган жерин, унаалардын жоголуп кетишине жол бербөө, тойдон кийин узатуу, той ээсине жана каада салтты жонго салуу боюнча атайын комиссиянын бир мүчөсүнө жана ыктыярдуу кошундун мүчөсүнө жүктөлөт.
3.9. Той, кече өткөрүлүүчү жайлар, коомдук транспорттор, адамдар, балдар өтүүчү жолдорго жакын болбоосу зарыл. Андай мүмкүнчүлүк болбосо мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен макулдашып, атайын белгилер көрсөтмөлөр коюлуп өткөрүлөт.
3.10 Той, кече өткөрүлүүчү жайлар өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бере тургандыгы алдын ала текшерүүлөрдүн негизинде эгер кемчиликтер болсо, ал кемчиликтер четтетилет.
3.11. Жол коопсуздугун сактоо максатында автомашиналар жана айдоочулар МАИнин кызматкерлери тарабынан текшерилип андан кийин уруксат берилиши зарыл. 3.12 Той, кечелер улуттун калыптанган нукура каада-салтынын, урп адатынын негизинде өткөрүлүшү сунушталат.
4.1. Азыркы экономикалык шарттарды, элдин турмуш денгээлин эске алып, шаардын аймагында өткөрүлүүчү бардык тойлорго, кечелерге ашыкча чыгым жумшоого тыюу салынат.
4.2. Меймандарга берилүүчү тамак-аштар, түркүн жер-жемиштер, суусундук, ичимдиктер санитардык жактан таза болушу керек.
4.3. Өткөрүлүүчү той-кечелерде улуттук бозо, кымыз жана ар түрдүү суусундуктарды коюуга уруксат берилет.
4.4. Той, кечелерди ар кандай маарекелерди өткөрүүчү адамдар экономикалык жактан жакшы жашап, колунда бар болсо кары-картан, майып, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, кошуналарга, акчалай же материалдык жактан жардам берсе же аймакта түзүлгөн жардам берүү фондго берсе чон соопчулук иш болот.
5.1. Үйлөнүү тоюнда кыз-күйөө жолдоштору менен ЗАГСка барып сейилге чыкканда 3 женил автомашинадан ашпоо
5.2. Кечелерди өткөрүүнүн убактысы кыш күндөрү 16-00дон - 21-00 чейин, жаз күндөрү 17-00дон - 22-00 чейин.
5.3. Кулукка барган адамдардын санын 20 дан ашырбоо.
5.4. Келинге той бергенде майда малдын санын кулдугу менен бирге 5 тен ашырбоо.
5.5. Кече болуп жаткан убакта аялдарга жоолук, эркектерге белбоо жана акча тагууну токтотуу.
5.6. Чомуч кармады мааракесине барганда кыз тараптан 7 кишиден, уул тараптан 10 кишиден ашырбоо.
5.7. Сүннот, үйлонуу жана бешик тойорунда куда кудагыйдан башкаларга сарпай кийгизүүнү токтоту. К8йоо корду кыз кордуну жол кылуу.
5.8. Жүк бузду аземинде акча берүүнү 2000 сом ашырбоо.
5.9. Сырга салды аземинде ашыкча чыгымдарды болтурбоо.
5.10. Мечиттин имамындан жана көчөнүн молдосудан башкасына хадим пулун берүүнү токтотуу
5.11. Той кечелерди таза, сергек өткөрүш үчүн спирттик ичимдиктерди койбоо.
5.12. Мектеп жашындагы балдардын ЗАГС барышын жана кечелерде саат 19-00 кийин болушун токтотуу
5.13. Супура салды аземии токтотуу.
5.14. Мае адамдардын тойго катышуусуна жол бербоо.
5.15. Той, кече өтүп жаткан мезгилде чыр-чатактарды чыгарууга ар кандай талаш-тартыштарды баштоого жол бербоо.
5.16. Тамак-аштарды ашыкча сарптоого жол бербоо.
5.17. ЗАГС ка айланганда жаштар үчүн өзүнчө той кылып берүүнү токтотуу
5.18. Кыз чыгарып жаткан үйдө күйөө балдарды сыйлоо, паяндос жана гилем тошоп түшүрүп алууну токтотуу.
6.1. Тойлордун, кечелердин белгиленген тартипте Жобонун негизинде тынч өтүүсүн уюштурууга.
6.2. Тойлордун, кечелерди тартиптүү, маданияттуу, жогорку уюшкандыкта ыр-күү, оюн-зоок, бийлердин коштоосунда көңүлдүү өткөрүлүшүнө иш чараларды жүргүзүү.
6.3. Тойлордун, кечелерди өткөрүүдө ушул Жобонун айрым пункттарынын бузулушуна жол берип жаткан той, кечелердин ээсине эскертүүгө, кемчиликти дароо четтетүүнү талап кылууга.
6.4. Тойго, кечеге келген меймандарды тосууну, узатууну уюштурууга.
6.5. Той, кече өткөрүлгөн учурларда, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылууга.
6.6. Жобону одоно бузган инсандарга мыйзам ченеминде тийиштүү жаза колдонуу үчүн аксакалдар сотторуна, укук бузууларга каршы түзүлгөн коомдук алдын алуу борборуна жана административдик комиссияларга билдирүүгө.
6.7. Той, кече өткөндөн кийин анын жакшы жактарын, кеткен кемчиликтерин анализдеп шаардык Кеңешке билдирүүгө.
7.1. Той, кечелерди өткөрүүнү Жобонун негизинде өтүлүшүн уюштура албаган коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салты жонго салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары, милициянын аймактык тескоочулору жана той кече өткөрүүчүлөрүнүн ээлери жамааттардын алдында жооп берет.
7.2. Шаардын аймагында өткөрүүчү той, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кыла албаган каада салттарды жонго салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчыларына, милициянын аймактык тескөөчүсүнө жана той кечелердин ээлерине коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада салтарды жонго салуу боюнча шаардык комиссиянын сунуштарынын негизинде аксакалдар соттору, административдик комиссия жана башка укук коргоо органдары тарабынан мыйзам ченеминде чаралар колдонулат.
8.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) аларды эскерүүгө байланыштуу маарекелерди уюштуруучулук иштерин жүргүзүү коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын башкаруу аймактарынын башчылары, той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү боюнча комиссиялардын негизги иш аракеттеринин бири болуп саналат.
8.2. Маркумду акыркы сапарга узатуу ар бир көчөнүн улуттук динин өзгөчөлүктөрүн эске алынып ушул жобонун негизинже жүргүзүлөт.
8.3. Маркумду акыркы сапарга узатуунун жол жоболорун маркумдун урук-туугандарына, куда-сөөктөрүнө, дос-жарларына карым-катнаш адамдарына кабароо, аларды тосууну, жайгаштыруу кайра узатууну уюштуруу, тажия күнүн белгилөө. Маркумду жайынын каздыруу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салтарды жонго салу боюнча комиссияларына менчиттин имамдары менен биргеликте аныкталып уюштурулат.
8.4. Маркумду акыркы сапарга узатууга шаардын аймагынан тышкары келген меймандарга колу коңшунун үйүндө чай, тамак берүү жагы сунуш кылынат.
8.5. Маркумду акыркы сапарга узатууга шаардын айымагынан тышкары келген меймандарга колу коңшунун үйүндө чай, тамак берүү жагы сунуш кылынат.
8.6. Маркумдун үй-бүлөсүнүн шартына жараша каада салтты жонго салуу боюнча комиссиялардын макулдугусуз ашыкча мал союп, чыгым жумшоого жол берилбейт.
8.7. Маркумду акыркы сапарга узатуу убагында спирттик ичимдик ичүүгө жол берилбейт.
8.8. Маркумдун кыркылыгын, элүү, эки күндүгүн өткөрүүдө көп адамдарды чакырып ашыкча чыгым жумшоого уруксат берилбейт. Кыркын өткөрүү күнү бирден ашык тамак тартырбоо, элүү эки күндүгүндө мал сойдурууну токтотуу.
8.9 Тажия күнү таяк кармоону, добуш чыгарууну токтотуу.
8.10. Жободо көрсөтүлгөндөн ашыкча чыгым жумшалган үй ээси коомчулукта талкууга алынып, аксакалдар соту аркылуу тартипке чакырылат.
8.11. Шаардык Кеңештин аймагындагы мүрзөлөрдү тазалоо, тартипке келтирүү жагы коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан, мечиттердин имамдарынан талап кылынат.
Сулукту шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Джураева |