Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-июлу № 5/8
Исфана шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Исфана шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун долбоорун угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин. (ЖОБО тиркелет)
2. Ушул ЖОБОнун негизинде иш жургузуу жагы Исфана шаар мэриясынын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча түзүлгөн комиссиясына тапшырылсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Исфана шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |
| Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин 2013-жылдын 3-июлундагы кезексиз V сессиясынын№ 5/8 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Исфана шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча укуктук мамилелерди жонго салуучу башка нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартиби жонго салат.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык, ал эми ал жок болсо райондун башкы архитектору менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык берилет.
3. Жер участокторун беруу боюнча иштерди жургузуу жана уюштуруу Исфана шаар мэриясы түзүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат, анын компетенциясына жогоруда корсотулгон максаттар үчүн жер участогу беруу кирет.
4. Берилчу объект болуп тийштүү аймакта жайгашкан жана менчикке берилиши мумкун болгон жер участоктору эсептелет.
5. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн олчомун Исфана шаардык Кенеши аныктайт.
6. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчу жер участоктору үчүнчу жактардын укуктарынан бош болушу жана жарандык-укуктук бутумдорду жургузуу үчүн чектоосуз болууга тийиш.
7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөнкүндөй жарандарына таандык:
- Исфана шаарынын аймагында акыркы жолу каттоого (прописка) алынгандан кийин 1 (бир) жылдан кем эмес жашагандар;
- Кыргыз Республикасынын (буткул) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жоктор;
- Кийинки беш жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бутумдорун тузуп, менчигинде турган турак жайды үчүнчу жактарга беруу менен озунун турак жай шарттарын начарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар;
8. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер адам Исфана шаар мэриясына төмөнкүндөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагы арыз;
- ким экенин билдируучу документтин кочурмосу;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жай же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесинин кочурмосу (эгер болсо);
- эмгек ишмердуулугун жургузуп жаткан учурда иштеген жеринен отунуч;
- атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
- турак жай шарттарын текшеруу актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жеринен үй-булосунун курамы жөнүндө маалымкат;
9. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу алуу үчүн талапкер адам аныкталган формадагы арызды жана тийштүү документтерди озу же мыйзамдаштырылган ишенимдуу окулу тапшыруусу зарыл;
10. Тийштүү документтер чогултулгандан кийин Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти жеке менчик турак үй куруу үчүн жер алуучу талапкердин документтерин түзүлгөн комиссиянын кароосуна коет.
11. Исфана шаар мэриясы тапшырылган документтерди кароо үчүн төмөнкүндөй курамда комиссия тузушот:
- Исфана шаар мэриясынын жана депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин окулдору (комиссиянын тенторагалары);
- архитектура боюнча мамлекеттик органдын окулу;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын окулу;
Атайын укуктуу органдын чечими менен комиссиянын курамына коомчулуктун окулдору кириши мумкун.
12. Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун беруу жөнүндө тушкон отунучторду жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун беруу же жер участогун беруудон баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
13. Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 (бир) жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти аткарат.
14. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын окулунун милдетине төмөнкүлөр кирет:
- жер участогунун документте белгиленген чек араларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшеруу;
- жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчу жер участокторунун чек араларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
- сервитуттар же башка чектоолор бар же жок экенин текшеруу;
15. Архитектура боюнча мамлекеттик органдын окулунун милдетине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын заседаниелерин откоруу үчүн керектуу материалдарды жана документтерди даярдоо;
- бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чек араларын аныктоо;
- санитардык, ортко каршы жана башка кызматтарга болуп беруу белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберуу;
- алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мумкундуктору жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду тузуу;
16. Жеке менчик турак үй куруу үчүн болуп беруу белгиленген ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет тузулот, ага төмөнкүлөр кирет:
- жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);
- жер участогунун планы анын чек араларын, сервитуттар колдонулуучу чек араларын чийуу менен;
- инженердик коммуникациялардын ар кыл турлоруно кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду;
17. Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет.
- Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана нормативдик актыларынын
негизинде жарандардын кезектеринин тизмесин аныктайт;
18. Комиссиянын чечими тийштүү протокол менен таризделет, ал Исфана шаар мэриясынын жер участогун болуп беруу жөнүндө чечимин даярдоого жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны тариздоого негиз болот.
19. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участогун чек арасы натурасында (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту куболондуруучу документ жана турак үйдун макулдашылган долбоору берилгенге чейин оздоштурууну баштоого тыюу салынат.
Исфана шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы |
З. Туяков |