ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 3-июлу № 5/11
Исфана шаар мэриясына караштуу Ак-Булак жана Тайлан айылдарына смендуу кыска мөөнөттөгү балдар бакчаларын ачуу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын шаар мэриясына караштуу Ак-Булак жана Тайлан айылдарына айылдардагы ата-энелер тарабынан чогултулган акча каражатынын эсебинен смендуу кыска мөөнөттөгү балдар бакчасын ачуу жөнүндөгу сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Ак-Булак айылындагы ФАПтын эски имаратына жана Тайлан айылындагы аймактык озун-озу башкаруу комитетинин имаратына кыска мөөнөттөгү-жамааттык башкаруудагы балдар бакчасы ачылсын.
2. Жаныдан ачылып жаткан жамааттык балдар бакчаларынын документтерин мыйзамдаштырууга комок корсотуу жагы Исфана шаар мэриясынын билим беруу тармагын тейлеген адисине тапшырылсын.
3. Балдар бакчалары уюштурулуп жаткан Ак-Булак айылындагы «Умут» жана Тайлан айылындагы «Жоогазын» жамааттык балдар бакчаларынын уставдары бекитилсин. (Уставдар тиркелет)
4. Мамлекеттик каттоодон откоруу жана мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын ккөзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кенешинин билим беруу, маданият, мамлекеттик тил жана каада-салт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Исфана шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |
| Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин 2013-жылдын 3-июлундагы кезексиз V сессиясынын№ 5/11 токтомуна №1 тиркеме |
Исфана шаар мэриясынын аймагында жайгашкан «Умут» жамааттык балдар бакчасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
«Умут» жамааттык балдар бакчасы, мындан ары балдар бакчасы мектепке чейинки билим беруу мекемеси болуп эсептелет. Балдар бакчасы коммерциялык эмес, киреше табууну оз алдына максат кылып койбогон мекеме.
Балдар бакчасын уюмдаштыруучулар Исфана шаар мэриясы жана Ак-Булак айылынын жамааты.
Балдар бакчасы юридикалык тарап болуп эсептелет, озунун мулкуно ээ, оз атынан келишимдерди тузо алат.
Балдар бакчасы озунун ишин Кыргыз Республикасынын «Билим беруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, билим беруунун башкаруу органдарынын буйрук, корсотмолорун жетекчиликке алуу менен уюмдаштыруучулар менен тузулгон келишимдин негизинде жургузот.
Балдар бакчасынын юридикалык дареги: Баткен областы Лейлек районуАк-Булак айылы
Балдар бакчасы «Билим беруу жөнүндөгу» билим беруу жаатындагы мыйзамдардын негизинде аттестацияланып, аккредитацияланат.
2. Балдар бакчасынын предмети жана максаты
Балдар бакчасынын максаты томонкулор 3 жаштан 7 жашка чейин болгон, балдарга билим беруу, тарбиялоону камсыз кылуу, кароо, ден соолугун чындоо багытында иш жургузуу;
- Баланын окугусуна, чыгармачылык жондомдорун калыптануусуна шарт тузуу;
- Баланын толук кандуу онугуусу учун уй-було менен оз ара байланыш тузуу;
- Баланын ден соолугун, укугун коргоо;
3. Окуу – тарбия процессин уюштуруу
3.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим стандартында «Мектепке чейинки билим беруунун» улуттук компоненти, мектепке чейинки билим беруунун программасынын милдети минимумунун мазмуну, балдарга берилуучу тапшырмалардын колому аныкталган. Аталган стандарттын негизинде балдар бакчасында билим-тарбия беруу томонку багыттарда жургузулот:
- балдардын ден соолугун коргоо жана бекемдоо;
- баланын интеллектуал жана дене онугуусун камсыз кылуу;
3.2. Бала бакчанын билим беруу процесси Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу программасынын негизинде уюштурулат.
3.3. Бала менен тарбиялоочунун мамилеси кызматташтыктын, бирин-бири сыйлоонун негизинде жургузулот, баланын жекече озгочолуктору эске алынат.
3.4. Ата-энелер менен тузулгон келишимдин негизинде балдар бакчасы кошумча билим беруу кызматтарын уюштурууга укуктуу.
3.5. Балдар бакчасындагы окуу-тарбия процессинде ар бир баланын кадыр-баркын сактоого, чыгармачылык жондомдорун, кызыгуусун онуктурууго кепилдик берилет;
4. Балдар бакчаларынын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
4.1. Балдар бакчаларындагы тарбиячылардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын «Билим беруу жөнүндөгу» Мыйзамын жана балдар бакчалары жөнүндө типтуу Жобонун негизинде аныкталат.
4.2. Балдар бакчаларындагы окуу-тарбия процессин катышуучулары болуп тарбиячылар, ата-энелер эсептелет.
4.3. Балдар бакчаларындагы окуу-тарбия процессин жургузууго атайын педагогикалык билими бар адистерге уруксат берилет.
4.4. Медициналык кароодон ото албаган жана соттолгон адистерге окуу-тарбия процессинде катышууга уруксат берилбейт.
4.5. Балдар бакчаларынын кызматкерлеринин штаты жана айлык акысы БТСнын негизинде ошондой эле Мыйзам чегинде келишимдин негизинде республикалык бюджеттен жана ата-энелердин эсебинен толонот.
4.6. Балдар бакчаларынын кызматкерлеринин милдеттери:
- Уставды аткаруу жана балдар бакчасынын ички тартибине баш ийуу;
- Учур талабына ылайык окуу-тарбия процессин жургузууго;
- Окуу-тарбия процессинде балдардын жаш озгочолугун эске алуу;
- Баланын пикирине урмат менен кароо;
- Оз убагында медициналык кароодон отуу;
5. Ата-энелердин укуктары жана милдеттери
5.1. Ата-энелердин педагогикалык Кенештин ишине катышууга укуктуу.
5.2. Балдар менен иштоону жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерди киргизууго укуктуу;
5.3. Баласын окутуп, тарбиялоодо педагогду тандоого;
5.4. Балага урмат менен мамиле жасоону педагогдон талап кылууга;
5.5. Балдар бакчасында окуу-тарбия процессин жакшыртуу максатындагы ата-энелердин уюмдарын тузууго жана катышууга;
5.6. Ата-энелер балдар бакчасынын Уставын билууго милдеттуу;
- Балдардын оздук делосун тузуп берууго;
- Балдар бакчасына балдардын иштоо режимине ылайык оз мезгилинде алып келуу жана алып кетууго;
- Балдардын санитария-гигиена эрежелерине ылайык кароого;
5.7. Ата-Энелер менен иштоо балдар бакчасынын башчысы жана ата-эне менен тузулгон келишимдин негизинде жургузулот.
6. Балдар бакчасын башкаруу
6.1. Балдар бакчасы аттестациядан откон, атайын билимге ээ болгон адис тарабынан башкарылат.
6.2. Балдар бакчасынын башчысы уюмдаштыруучулар тарабынан дайындалат;
6.3. Балдар бакчасынын окуу-тарбия процессиндеги ишмердуулукту педагогикалык Кенеш иш жузуно ашырат.
- Педагогикалык Кенеш балдар бакчасында окуу-тарбия процессинде аткарыла турган окуу программасын аныктайт.
- Ар турдуу группалардагы балдар менен иштоодо усулдук багыттарды педагогикалык Кенеш талкуулайт.
- Ата-энелер менен тузулуучу келишимдин долбоорун иштеп чыгат жана бекитет.
6.4. Эмгек мыйзамдуулугунун жана уюмдаштыруучулар менен тузулгон келишимдин негизинде балдар бакчасынын башчысы балдар бакчасынын кызматкерлерин тандайт, жумушка алат жана бошотот.
7. Балдарды кабыл алуу
7.1. Балдар бакчасына балдар ата-энелердин арызынын негизинде кабыл алынат.
7.2. Балдар бакчасына кабыл алына турган балдар медициналык текшеруудон отуп, дарыгердин корутундусун алууга тийиш.
8. Балдар бакчасын тузуу жана иштоо тартиби
8.1. Балдар бакчасын тайпалардагы балдардын курамы уюмдаштыруучулар тарабынан «Мектепке чейин билим беруу» мамлекеттик стандарттарына ылайык аныкталат.
8.2. Балдар бакчасыга 3 жаштан 7 жашка чейин балдар кабыл алынат.
8.3. Балдар бакчасына биринчи кезекте 1 жана 2 тайпадагы майыптардын, иштеп жана окуп жаткан энелердин, коп балалуу уй-булолордун, аскер кызматындагылар, жаш адистердин балдары кабыл алынат.
8.4. Балдар бакчасы жумасына беш кундук жумуш куну менен иштейт.
- кунумдук иш 4 саатты тузот.
- Балдар эртен менен саат 8.30 да кабыл алынып, тушку саат 12.00 до уйлоруно жонотулот.
8.5. Балдар бакчасынын кундолук иш режими балдар бакчасынын башчысы тарабынан бекитилет.
8.6. Балдар бакчасында окуу-тарбия процесси кыргыз тилинде жана кошумча орус тилинде жургузулот.
9. Балдар бакчасын материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу
9.1 Балдар бакчасы уюмдаштыруучулар тарабынан каржыланат (оз ара тузулгон келишимдин негизинде);
9.2. Балдар бакчаларын каржылоо булактары томонкулордон турат;
9.3. Бюджеттик жана бюджеттен сырткары кирешелер;
- Балдар бакчасына берилген мулктор;
- Ата-энелердин каражаттары;
- Ай сайын толонуучу взнос жана ыктыярдуу бир жолу толонуучу керектелуучу взнос. Ай сайын толонуучу взностун колому ата-энелердин жалпы чогулушунда кабыл алынып, уюмдаштыруучулардын макулдугу менен ишке ашырылат.
- Кошумча билим беруудон алынган кирешелер;
- Демоорчулордун каражаттары;
- Уюмдаштыруучулар тарабынан балдар бакчасына окуу-тарбия процессин жургузуу учун имарат, жер, кошумча имараттар, мулк жана эмеректер камсыз кылынат.
- Балдар бакчасы уюмдаштыруучулардын алдында берилген мулктун сакталышы жана эффективдуу пайдалануу учун жооптуу.
- Балдар бакчасы учун берилген мулкторду сатууга жана ижарага берууго тыюу салынат.
- Жыл ичинде (ай сайын, квартал) иштетилбей калган акча каражаты балдар бакчасынын счетунан алынып коюлбайт.
10. Уставды өзгөртүү жөнүндө
10.1. Уставка өзгөртүү жана толуктоолор педагогикалык Кенеш тарабынан сунушталат жана жергиликтуу Кенеш тарабынан бекитилет.
10.2. Уставдагы озгоруулор Мыйзам чегинде каттоодон откондон кийин гана кучуно кирет.
Исфана шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы |
З. Туяков |