Редакцияот 03.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2013-жылдын 3-июлу № 5/14

Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментин кайрадан түзүү жөнүндө

Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт,коммуникация,соода,коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментин кайрадан түзүү жөнүндөгу Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт,коммуникация,соода,коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаменти кайрадан уюштурулсун.

2. Транспорт,коммуникация,соода,коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин ЖОБОсу бекитилсин. (№1 ЖОБО тиркелет)

3. Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт,коммуникация,соода,коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин штатттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет)

4. Өз алдынча шаардык чарбалык эсептеги муниципалдык мекеме болуп, финансылык иш аракетин камсыздоо өзун-өзу каржылоонун негизинде жургузулсун.

5. Кайрадан каттоодон откоруу жана мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кенешинин онор жай, айыл чарба, инвестиция, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Исфана шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Рахманкулов

 

 

Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин 2013-жылдын 3-июлундагы кезексиз V сессиясынын№ 5/14 токтомуна тиркеме

 

 

Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин

I. Жалпы жобо

 

1.1 Транспорт, коммуникация, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаменти Исфана шаардык Кенеши тарабынан уюштурулуп өзүнчо юридикалык уюм болуп эсептелет.

1.2 Транспорт, коммуникация, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаменти, мындан ары ТКСКК департаменти, оз иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, нормативдик актыларынын, Исфана шаар мэриясынын токтомдорунун, буйруктарынын негизинде жүргүзөт.

1.3 Оз милдеттерин аткаруу учун томонку функционалдык кызматтарды жүргүзөт: финансалык, нормативдик-укуктук, учет-козомолдук надзор.

1.4 Департаментин дареги: Исфана шаары, Раззаков кочосу №10, Исфана шаар мэриясынын имараты

 

II. Негизги милдеттери

 

2.1 Шаардык автобус журуучу маршруттарды ачуу жана ушул маршруттук схемаларды озгортуу, бекитүү

2.2. Шаардын ичиндеги маршруттук каттамдардын графигин тузуу, транспорттордун каттамдарын козомолдоо, Исфана шаар мэриясынын аймагындагы баардык транспортордун, техникалардын учетун алуу, соода жүргүзүү, коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү боюнча учетун алуу жана козомол жүргүзүү, Исфана шаар мэриясынын аймагында кум, шагал, топурак карьерлерин уюштуруу, учетун алуу жана аларды мыйзам негизинде иштешин козомолдоо

2.1. ТКСКК департаменти муниципалдык менчик катары транспорт каражаттарын, айыл чарба техникаларын сатып алууга жана элге кызмат көрсөтүүго укуктуу жана транспорт, соода, коомдук тамактанууда, кызмат көрсөтүүдоо, карьерлерди иштетуудо бирдиктуу экономикалык саясатты жүргүзөт.

2.2. ТКСКК департаменти шаардык жана айылдардын коммуникацияларын инженердик-техникалык документацияларын жүргүзөт. Товарлардын Мамлекеттик стандартын сакталышын жана сертификаттардын камсыз болушуна козомол жүргүзөт, азык-тулуктордун сапатын камсыз болушу учун лабораторияны уюштурат. Ар турдуу маалымдама берет. Карьерлердин Мыйзам негизинде иштешин камсыз кылат.

2.3. ТКСКК департаменти транспорт, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү тармагында, карьерлерди иштетуудо оперативдик башкарууну жүргүзөт жана бул боюнча документация жүргүзүүну уюштурат, объектердин учетун жүргүзөт, коммуникациялар боюнча инженердик-техникалык документацияларын камсыз кылат, азык-тулук боюнча лабораториялык козомол алып барат, мыйзам негизинде кум, шагал, топурак карьерлерин иштешине козомол жүргүзөт

2.4. Транспортук стоянкаларды уюштурат жана анын иштешин камсыз кылат, транспортук каттамдарды маршрут боюнча журушун козомолдойт, шаар боюнча жарандардын коопсуздугун камсыз кылат; базарларда, соода туйундорундо азык тулуктордун сапатуулугун камсыз кылат.

III.  Департаменттин мулку

 

3.1. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы департаментке обороттук жана уставдык финансалык каражат менен камсыз кылат.

3.2 Депртаментин менчиги оздук балансасында учётко алынат.

 

IV.  Департаментин отчеттулугу жана финансалык иш аракети.

 

4.1 ТКСКК департаменти оз алдынча шаардык чарбалык эсептеги муниципалдык мекеме болуп эсептелет. финансалык иш аракети камсыздоо өзүн –өзү каржылоо негизинде жургузулот.

4.2. ТКСКК департаменти   элге, мекеме-уюмдарга акы толоо кызматын уюштурууга. бирдиктуу мекемелер менен кошумча киреше алууга, баалуу кагаздарды уюштурууга жана сатып алууга акылуу, КР Мыйзамдары тарабынан тыйуу салынбаган башка каражаттардын эсебинен киреше алууга укуктуу.

4.3. ТКСКК департаменти   жыл ичинде жургузгон иш аракети жургузгон иштери боюнча шаардык Кенештин алдында отчет берет.

4.4. ТКСКК департаменти   бухгалтердик ,статистикалык учет жүргүзөт мыйзамдарда белгилендей оз убагында мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу оргадарына маалымат берет жана берген маалыматына жооптуу болот.

4.5. ТКСКК департаментинин иш аракетин козомолдоо, ревизия жүргүзүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, мыйзамдарда белгиленген мамлекет органдары тарабынан жургузулот.

 

V. Транспорт, коммуникация, соода, коомдук тамактануу жана кызмат көрсөтүү боюнча департаментин иш аракетин уюштуруу.

 

5.1. ТКСКК департаменти оз иш аракети боюнча жергиликтүү Кенешке жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына отчет берет.

5.2. ТКСКК департаментинин ЖОБОсун жана киреше, чыгаша сметалары шаардык Кенеш тарабынан бекитилет.

5.3. ТКСКК департаментинин иштоо убагы Ифана шаар мэриясы тарабынан КР Мыйзамдарынын негизинде белгиленет. Кызматкерлерге, эмгек келишим менен иштегендерге, эмгек акылар, департаментке жургузулгон иштерге жана кызматтарга бекитилген эмгек фондунан сарпталат.

5.4. КР Мыйзамдарынын негизинде департаментин администрациясы менен эмгек коллективинин арасында келишимдер тузулот.

5.5. ТКСКК департаменти башчы тарабынан башкарылат жана департаментин иш аракетине толук жооп берет

5.6. ТКСКК департаментинин башчысы Исфана шаар мэриясы тарабынан сунушталып шаардык Кенеш тарабынан бекитилет.

5.6. ТКСКК департаментинин башчысы жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди тузот, доверенность берет.

 

VI. Департаменти реорганизацилоо жана жоюу.

 

6.1. ТКСКК департаментинин иш аракетин токтотуу жоюу же болбосо реорганизациялоо аркылуу жургузулот.

6.2. Исфана шаар мэриясы тарабынан департаментин иш аракетин токтотуу боюнча чечим кабыл алынат.

6.3. Департамент реорганизация болгондон кийин анын укуктары, милдеттери  шаар мэриясы тарабынан аныкталат.

6.4. Департамент жоюлган убакта атайын жоюу боюнча комиссия тузулуп Мыйзам негизинде иш жүргүзөт.

6.5. Департамент реорганизация же жоюулганда бошотулган кызматкерлердин укуктары КР Мыйзамдарынын чегинде камсыздалат.

 

Исфана шаардык

кеӊешинин жооптуу катчысы

 

З. Туяков