Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-декабры № 1/2
Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин долбоорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгу мыйзамдын 31-беренесинин 11-пунктунун негизинде депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин типтуу регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.
3. Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин иштоо тартибин шаардык Кеңештин регламентинин негизинде жургузуу жагы шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлерине жуктолсун.
Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы |
А.Рахманкулов |
| Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 1/2 -токтомуна тиркеме |
1 болум -жалпы жобо
1-глава Шаардык кеңеш
2-глава Шаардык кеңештин компетенциясы
2-болум Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу тартиби
3-глава шаардык кеңештин ишин пландаштыруу
4-глава Шаардык кеңештин сессиясы
5-глава Шаардык Кеңештин чечимдери
3-болум Шаардык кеңештин органдары жана структурасы
6-глава Шаардык кеңештин төрагасы
7-глава Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо
8-глава Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары
9-глава Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
10-глава Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары
11-глава Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
12-глава Шаардык Кеңештин убактылуу атайын комиссиялары.
13-глава Шаардык кеңештин депутаттык топтору (фракциялар)
14-глава Шаардык Кеңештин шаардык мэрия, өзун-өзу башкаруу органдары коомдук уюмдар менен өз ара аракеттери.
15-глава. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
4-болум Шаардык кеңештин регламенти
16-глава Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу тартиби
17-глава Корутунду
1-Болум
Жалпы жобо
1-глава Шаардык кеңеш
1. Депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши шаардын жергиликтуу жамааты тарабынан туздон туз шайлануучу жергиликтуу өз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органы, анын сандык курамы «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундо» мыйзамдын 23-беренесинин негизинде 31 кишиден болуп белгиленет.
2. Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин регламенти Кеңештин ишинин тартибин аныктайт жана анын демократиялык принциптеринин онугушун жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
3. Депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши бардык маселелерди коллективдуу, эркин
ачык, таза иштиктуу талкуулоо менен анын натыйжасын депутаттарга, жергиликтуу жамааттардын окулдоруно сессияларда жана элдик жыйындарда билдирип туруу менен жургузот.
4. Шаардык Кеңештин депутаттары өз милдеттерин жана укуктарын коомдук башталышта ондуруштук же кызматтык иштерин жургузуу менен алып барат.
5. Шаардык Кеңештин депутаттары өзунун иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундо» «Жергиликтуу Кеңештердин депутаттарынын статусу жонундо» ж.б. Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын жана нормативдик актыларынын негизинде жургузот.
6. Исфана шаардык Кеңешинин регламенти Кеңештин заседаниесинде кабыл алынат. Регламентке өзгортуулор жана тактоолор шаардык Кеңеш тарабынан Кеңештин төрагасынын, депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жана депутаттардын демилгеси менен тийиштуу мыйзамдардын ченеминде киргизилет.
2-глава . Шаардык Кеңештин компетенциясы
1 Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конститциясынын Кыргыз
Республикасынын «жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундогу» Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде томонку маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алууга укуктуу.
1) Жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилоо.
2) Жергиликтуу бюджетти жана анын аткарылышы жонундо отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун журушу жонундо маалыматты угуу.
3) Аймакты социалдык-экономикалык жактан онуктуруу жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилоо.
5) Жергиликтуу жамаатын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескоо тартибин белгилоо, анын ичинде муниципалдык менчик объектерин менчиктештируу программасын бекитүү жолу менен белгилоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жузого ашыруу.
6) Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун тиешелуу аткаруучу тескоочу органынын иши жонундо отчету угуу.
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын моонотунон мурда токтотуу.
8) Жергиликтуу жамааттардын уставын бекитүү
9) Жергиликтуу жамаатты бекитүү. Административдик аймактык тузулуш боюнча сунуштарды тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына киргизуу максатында аларды иштеп чыгуу.
10) Кеңештин төрагасын анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу :
11) Жергиликтуу Кеңештин регламентин кабыл алуу жана бекитүү :
12) Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу :
13) Окмот тарабынан аныкталуучу типтуу чечимдердин негизинде жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескоочу органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү :
14) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учун, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылып бекитүү:
15) Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууну, ырым – жырымдарды откорууго тыйуу салганга чейин чектоолорду аныктоо
16) Ирригациялык тармактарды, уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо
17) Жергиликтуу жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечуу:
18) Шаардын мэрин шайлоо
19) Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын учтон экисинин добуштары менен шаардын мэрине ишенбестик корсотуу
20) Мыйзам менен белгиленген жерге салыктын базалык ставкаларынын чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилоо :
21) Шаардык кеңеш өз ыйгарым укуктарын жузого ашырууга киришуу менен бир айлык моонотто Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана тузуму жонундо чечим кабыл алат.
22) Исфана шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Кеңештердин депутаттарынын статусу», «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жонундогу мыйзамдардын ченеминде аныкталат.
2-болум Шаардык кеңештин ишин уюштуруу
3-глава Шаардык кеңештин иш планы.
1. Кеңештин иши келечектуу (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде тузулот. Пландын долбоорун Кеңештин аппараты депутаттардын сунуштары боюнча тузот жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсуно сунуш кылат.
2. Кеңештин сессиялары жылына квартал сайын кеминде бир жолу Кеңеш белгилеген кундо жана саатта откорулот.
3. Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны откоруу куну, орду жана карап чыгууга киргизилген маселелер жонундо Кеңештин аппараты сессияга чейин 5 кундон кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт.
4. Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелрге тиешелуу материалдар сессияга чейин 3 кундон кечиктирилбестен депутаттрага жекече берилет.
5. Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча шайланган депутаттарлын санынын кеминде учтон бир болугунун сунушу боюнча чакырылат.
6.Кезексиз сессияны чакыруу жонундо сунуш кун тартибине киргизууго сунуш кылынган маселелерди корсотуу жана кезексиз сессияны чакыруу зарылчылыгын негиздоо менен жазуу жузундо Кеңештин төрагасына жонотулот.
7. Кеңештин пландан тышкары маселелерди аларды киргизуунун демилгечилери даярдайт.
8. Кеңештин төрагасынын чечими менен Кеңештин сессияларында каралуучу маселелерди даярдоо учун депутаттардан жана адистерден коомдук уюмдардын окулунон турган жумушчу топ тузулот.
9. Кезектеги сессиянын кун тартибине киргизуу сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору), суроо талаптар, кайрылуулар) сессияга чейин 5 кундон кечиктирбестен Кеңештин жооптуу катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жузундо берилууго тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
10. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору томонкудой болууга тийиш:
11. Белгиленген маселе боюнча талкуулоо учун чакырылгандардын тизмесин маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам тарабынан даярдалат жана Кеңештин аппараты тарабынан маселени талкуулоо убактысы жана орду жонундо кабарландырылат.
4-глава Шаардык кеңештин сессиялары
1. Кеңештин сессиялары Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын кеминде жарымы катышса укук ченемдуу болот.
2. Жаныдан шайланган кеңештин депуттарынын 1 сессиясы депутаттарды шайлоодон кийин 2 жумалык моонотто чакырылат жана сессияны депутаттардын жаш курагы боюнча эн улуусу ачат.
3. Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга милдеттуу.
4. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин жооптуу катчысы уюштурат. Жыйналышка келуу мумкунчулугу болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жонундо Кеңештин жооптуу катчысына билдирууго тийиш.
5. Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.
6. Кеңештин чечими менен жабык жыйналыштар откорулушу мумкун.
7. Кеңештин сессияларына мамлекеттик бийлик органдарынын окулдору, башка кеңештердин депутаттары кеңеш беруу укугу менен катыша алат.
8. Кеңештин сессияларын – Кеңештин төрагасы, ал жок учурда кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
9. Кеңештин сессиясында добуш беруу кол которуу менен жургузулот, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш беруу башкача ыкма менен жургузулушу мумкун.
10.Добуш беруунун натыйжалары «Макул», «Каршы», «Калыс» болгондордун санын (депутаттардын фамилиясын) корсотуу менен протоколго киргизилет.
11. Добуш беруу аяктагандан кийин жасалган эрк билдирууго эч кандай тузотуулор кабыл алынбайт. Добуш берген учурда жок болгон депутат өзунун добушун кийин берууго укуксуз.
12. Ар бир сессияда катышып отурган депутаттардын санынын копчулук добушу менен кун тартибин жана иштоо тартибин кабыл алынат.
13. Өзгочо гана учурларда кун тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында туздон - туз коюлуучу маселелер киргизилиши мумкун.
14 Сессиянын кун тартибине кошумча маселелерди киргизуу жонундо чечими ар бир сунуш боюнча добуш беруу менен сессияга катышып отурган депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат.
15. Кеңеш сессиянын кун тартибин бекиткенден кийин, талкуулоо кун тартибиннин маселелерин талкуулоо тартиби боюнча журот. Талкуулоо тартибине өзгортуулор Кеңештин чечими боюнча жургузулот.
16. Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбай калган маселелер Кеңештин кийинки скессиясында каралууга тийиш.
17. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу менен Кеңештин сессиясынын жыйналыш залынан чыгарылышы мумкун.
18. Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган катчысы тарабынан жургузулот.
19 Сессиянын протоколу катышып отурган депутаттардын жана сессияга чакырылып, катышпагандардын себептерин корсотуу менен жок депутаттардын фамилияларын, угуулардын маани манызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш
20. Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки кундун ичинде Кеңештин депутаты жазунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго төрагалык кылган адам кол коет.
21. Кеңештин сессияларында, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жонундо жергиликтуу кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражатына билдируулоду берет.
5-глава Кеңештин чечимдери
1. Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.
2. Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш беруу менен кабыл алынат.
3. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жонокой копчулук добушу менен кабыл алынат.
4. Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын тузуу жонундо, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин өзгортуу жонундо чечимдер кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
5. Мыйзамга ылайык жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык болумунун жетекчисине ишеним корсотпоо жонундо кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын учтон эки добуш менен кабыл алынат.
6. Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом турундо чыгарылат жана жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.
7. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзунун өзгочо пикирин жазуу жузундо же оөз эки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8. Чечимдин долбооруна тузотуу же өзгортуу киргизууну каалаган депутат аны сессияны төрагалык кылуучуга жазуу жузундо берет. Тузотуу талкууга коюлат жана депутаттардын жарымынан кобунун добушу менен кабыл алынат.
9. Бардык тузотуулор каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору кабыл алынат. Кеңештин чечимдерин чыгаруу учун жоопкерчилик кеңештин жооптуу катчысына жуктолот.
10 Кеңештин чечимдери кол коюлгандан кийин 2 кундук моонотто Кеңештин аппараты аркылуу тийиштуу органдарга таркатылат.
11. Кеңештин ыйгарым укутарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерин тиешелуу аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттуу.
12.Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алынып салынышы мумкун..
3-болум Шаардык кеңештин структурасы.
6-глава Шаардык Кеңештин төрагасы
1. Шаардык кеңештин төрагасы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун шайлануучу адамы болуп саналат.
2. Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдетерин жаны чакырылган кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
3. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында копчулук фракциялардын депутаттарынын ичинен же копчулук фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын копчулугунун жашыруун добушу менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын моонотуно шайланат.
4. Шаардык Кеңешинин төрагасы акы толонуучу кандай болбосун башка кызматтарды ээлоого укуксуз :
5. Өзунун милдеттерин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда шаардык Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын учтон биринин демилгеси менен, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушу менен моонотунон мурда бошотулушу мумкун.
6. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулган учурда Кеңештин жаны төрагасын шайлоо жонундо маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
7. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын уч айдан убакыт бою жузого ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаны төрагасын шайлоо жонундо маселени кароого тийиш
Шаардык Кеңештин төрагасы :
· Кеңештин сессияларын чакырат ;
· Сессияларда төрагалык кылат ;
· Кеңештин чечимдерине, жыйналыштардын протоколдоруна кол коет
· Кеңеш жуктогон башка милдеттерди аткарат.
· Кеңештин төрагасынын орун басарын кызматына шайлоо учун талапкерди сунуш кылат
· Кеңештин иш пландарын тузууну камсыз кылат
· Кеңештин регламенти сакталышына көз салат.
· Кеңештин туруктуу комиссияларынын, жана башка комиссияларынын жана башка топторунун ишин координациялайт
· Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында жана кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагына буйруктарды чыгарат.
· Мыйзамда каралган учурда, сотко же арбитраждык сотко жонотулуучу тиешелуу документтерге кол коет
8. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын беруу жонундо отунуч кылат :
7-глава Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо
1. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
2.Шаардык Кеңештин төрагалык кызматына талапкерлерди ар бир депутаттык фракция жана фракциялардын коалициясы корсотууго укуктуу.
3. Жаны шайланган шаардык Кеңештин төрагалыгына альтернативдик жол менен экиден кем эмес кандидатура депутаттардын арасында жумшак рейтинг откоруунун жыйынтыгынын негизинде эн улуу депутат тарабынан шаардык Кеңештин сессиясына сунушталат.
4. Шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сессия депутаттардын жалпы санынын кеминде учтон экиси катышканда гана откорууго болот.
5. Кандидаттарды шаардык Кеңештин депутаттары кайрадан шайланбаган учурда тузулгон кырдаал Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын ченеминде чечилет.
8-глава Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары.
1. Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда депутаттардын ичинен ачык добуш беруу менен Кеңештин ыйгарым укукутарынын моонотуно шайланат.
2. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзунун милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат.
3. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңешке отчет берет жана кеңештин сессиясында жашыруун добуш беруу жолу менен кызматтан бошотулушу мумкун.
4.Төраганын орун басары өзунун ээлеген кызмат ордунан шаардык Кеңештин депутаттарынын учтон биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен бошотулушу мумкун.
5. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталыштарда жузого ашырат.
9-глава Жооптуу катчы:
1. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тартибинде шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
2. Депутаттарды өздорунун ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурунда тийиштуу маалымат менен камсыздайт.
3. Шаардык кеңештин келечектуу планын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыз кылат.
4. Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган укуктук ченемдик актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылат.
5. Шаардык кеңештин иш кагаздарын алып баруу, жарандардын арыздарын, датанууларын, сунуштарын мыйзам ченеминде кароону камсыз кылат.
6 Шаардык кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин иштерин уюштуруу, аппараттык жыйындарды жана окуу семинарларынын откорулушун камсыз кылат.
7. Шаардык кеңештин кадрлары боюнча документерди алып барат.
8. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
9. Шаардык кеңешке келип тушкон жана чыккан документтердин эсебин алуу жана алардын аткарылышын камсыз кылат.
10. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт
11 Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын окулдорун жана башка тиешелуу адамдарды сессиянын ишине катышууга чакырууну уюштурат.
12 Шаардык кеңештин жооптуу кызматкерлеринин, коомдук уюмдардын аткарган иштерин координациялоо, аларга методикалык жана практикалык жардамдарды уюштурат.
13 Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын, укуктук ченемдик актыларынын, шаардык кеңештин Жобосунун, Регламентинин ченеминде жана шаардык кеңештин төрагасынын корсотмолорунун негизинде жана башка иштерди алып барат
10-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары.
1. Шаардык Кеңештин ыйгарым укугуна кирген маселелерди алдын ала даярдоо жана кароо учун Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды тузот. Комиссияны тузуу жонундо чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги тузумдук органдары болуп саналат, алар өздорунун шайланган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Кеңешке келип тушкон сунуштар, жана арыз даттанууларды карап чыгууга катышат.
3. Туруктуу комиссиялар комиссияга келип тушкон документтерге жана кайрылууларга белгиленген моонотто жооп берууго милдеттуу.
4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен тузулот. Депутат Кеңештин бир гана (өзгочо учурларда гана эки) туруктуу комиссиянын мучосу боло алат.
5. Кеңештин төрагасы жана төраганывн орун басары Туруктуу комиссиянын мучосу боло албайт.
6. Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт
7. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мучолорунун ичинен копчулук добуш менен шайланат, кеңештин сессиясында копчулук ачык добуш беруу менен бекитилет.
8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
· Комиссиянын ишин уюштурат,
· Комиссиянын иш планын, жыйналыштын кун тартибинин долбоорун тузот,
· Комиссиянын жыйындарын чакырат жана алып барат
· Комиссиянын мучолорунун ортосунда ишти болуштурот, аларга тапшырмаларды берет,
· Кеңешке даярдаган чечимдердин долбоорун, сын пикирлерин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат.
9. Депутат 3 айдын ичинде жуйоолуу себеби болбостон пландуу жыйналыштарды 3 же андан ашык жолу откоруп жибергендиги учун комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечим менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мумкун. (Жуйоолуу себептер болуп: ооруу, оргуу, иш сапар саналат)
10. Турукту комиссиялардын укуктары, милдеттери иштерин уюштуруу тартиби жергиликтуу өз алдынча башкаруу, жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундо мыйзамдын негизинде жургузулот.
11. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзунун ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана адамдарды тартууга укуктуу. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы өздорунун компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алат жана анын аткарылышын шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте көзомолдойт.
11. –глава Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
· Кеңештин туруктуу комиссиясы, тиешелуу аймактык экономикалык, социалдык жана маданий онугушуно байланыштуу маселелерди даярдоого катышат :
· Өзуно тиешелуу аймакта социалдык-маданий жана ондуруштук инфраструктураны онуктуруу жергиликтуу өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чындоо маселелери боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
· Өзунун аймагынын экономикалык онуктуруунун пландарын жана бюджеттин долбоорун бюджеттин аткарылышы жонундо отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзунун сын-сунуштарын жана пикирлерин даярдайт. Зарыл болгон учурда аларды шаардык Кеңештин жыйындарында талкуулоого берет:
· Шаардык Кеңеште кабыл алынган токтомдордун, чечимдердин жана шаар Уставынын талаптарынын аткарылышын Кеңештин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте контролдоону жузого ашырат.
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана шаардык Кеңештин регламентинде белгиленген башка ыйгарым укуктарды жузого ашырат.
· Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздоруно таандык маселелер боюнча тиешелуу аймакта жайгашкан жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
12. –глава Кеңештин убактылуу атайын комиссиялары.
1. Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу учун убактылуу комиссияларды тузо алат.
2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктары жана алардын мооноттору
аларды тузуу учурунда аныкталат.
3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жуктолгон милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардын ишине окшош.
13-глава. Шаардык кеңештин депутаттык фракциялары.
1. Шаардык кеңештердин шайланган депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары - фракциялар) биригишет. Шаардык кеңеште көпчүлүк деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы саналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат.
2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына бириккен учурда азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы берилет.
3. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ.
4. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракцияда боло алат.
5. Фракциялардын иш тартиби жана депутаттын фракциядан чыгуу шарттары фракция тарабынан аныкталат.
6. Фракциялар коалицияга биригише алат. Коалицияга биригуу фракциялардын макулдашуусу менен жургузулот.
7. Фракциялар мэрдин кызмат ордуна талапкерди корсото алат.
14-глава Шаардык Кеңештин шаардык мэрия, өзун-өзу башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттери.
15-глава. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом турундо кабыл алынат.
2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда щаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
3. Шаардык кеңештин токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол койот.
4. Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол болоштурулат.
5. Ченемдик укуктук актыга кол коюлган кундон тартып 2 кундук моонотто жергиликтуу массалык маалымат каражатына жарыялоо учун жиберилет.
6. Кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды шаардык кеңештин аппараты каттайт.
7. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизуу учун кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын кочурмолору шаардык Кеңештин аппараты тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жузундо жана электрондук турундо, жарыяланган булагы корсотулуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен областындагы болумуно ченемдик укуктук акты жарыяланган куну жонотулот.
4-болум 16- глава. Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу тартиби
1 Кеңештин Регламенти, Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтуу регламентинин негизинде иштелип чыгат жана кеңештин сессиясынын бекитүүсуно киргизилет.
2. Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү киргизуу жонундо сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу учун Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жонотулот.
4. Регламент боюнча тузотуулорду кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган тузотуулор бекитүү учун Кеңешке киргизилет. Четке кагылган тузотуунун автору анын Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу. Регламент жана Регламентке тузотуулор Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен копчулугу тарабынан кабыл алынат.
17. Корутунду.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги жонундогу Жобого ылайык шаардык Кеңештин имаратынын устуно Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги орнотулат.
2. Шаардык Кеңештин төрагасына, катчысына жана адистерине берилуучу айлык акылары окмоттун тиешелуу нормативдик актыларынын негизинде аныкталат.
3. Кеңешти тейлоо учун автотранспортко кетуучу лимиттер, техникалык кызматтарга кетуучу каражаттар шаардык бюджеттен жана башка жергиликтуу кирешелердин олчомундо аныкталат.
Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы |
З.Н.Туяков |