Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2012-жылдын 28-декабры № 2
Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин Регламенти бекитилсин (тиркелет).
2. Бишкек шаардык кеңештин фракциялары 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кабыл алынган Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жазуу жүзүндө киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 18-августундагы № 96/1 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 184 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-октябрындагы № 7 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 25 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 279 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Председатель Бишкекского городского кенеша |
М. Аманкулов |