ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-майындагы № 226 «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция17.05.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 17-майы № 226

"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ченемдик-укуктук актыларын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 20-статьясын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте түзүмдү жана штаттык расписаниени иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.А. Аманкулов