Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 226 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы", мындан ары "Башкармалык" деп аталуучу, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерди экономикалык- укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6- февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелерин кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде, "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлкүн башкаруу комитети" мекемесин (каттоо номуру: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары,
Москва көчөсү, 56) жана "Бишкек шаардык жер комитети" мекемесинин (каттоо номуру: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштуруунун натыйжасында
түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кайра уюштуруу жана жоюу.
3. Башкармалык - "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету (Бишкек шаары боюнча КРБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана
4. Башкармалыктын жетекчилиги жана түзүмү.
штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Бишкек шаарынын мэринин токтомдоруна жана буйруктарына жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
7. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
8. Башкармалык белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.
11. Башкармалыктын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы".
- орус тилинде: "Управление муниципальной собственности мэрии города Бишкек".
12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.
13. Башкармалыктын жана анын түзүмдүк подразделениелеринин кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.
14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчет берет.
16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.
18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Бишкек шаарынын кыймылсыз мүлктүн жана башка менчиктин объекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
г) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
ж) Кыргыз Республикасынын мык .арына ылайык Бишкек шаарынын жер реформасы жана архитектуралык - шаар курулушу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык- экономикалык программаларды аткаруу.
19. Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте ал төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Бишкек шаарынын менчик объекттерин эсепке алуу боюнча Маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
г) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Бишкек шаарынын мэриясын көрсөтөт;
д) Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
е) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
е) Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор кошо юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышын жана сакталышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузган тийиштүү чараларды көрөт;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана учетко алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катыша алат;
и) Бишкек шаарынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү катары чыгат;
й) мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
к) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
л) Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк подразделениелери менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;
м) Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк подразделениелери менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;
н) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;
о) Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чектеринде чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы акциялар (үлүштөр) боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бекитилген муниципалдык менчик боюнча кызыкчылыгын көздөйт;
п) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Бишкек шаарынын ишканаларын жана уюмдарын менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
р) Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
с) Бишкек шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
т) Бишкек шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
у) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актылардын жана инвестицияларды тартуу долбоорлорду иштеп чыгат;
ф) Бишкек шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде чыгарат;
х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ц) Жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде ^Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;
ч) Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
щ) юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
ы) бошогон квартиралардын учет жүргүзөт, бул квартираларды бөлүштүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;
э) Бишкек шаарынын мэриясы жана райондук администрациялар тарабынан кабыл алынгандардын негизинде турак аянтка ордер берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну жүргүзөт.
20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Бишкек шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Бишкек шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Башкармалыктын жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш - чараларды ишке ашырууга;
г) Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу - укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
е) Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
ж) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
и) сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого.
й) Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
к) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.
л) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
м) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
н) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
21. Башкармалык бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
24. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
25. Бишкек шаарынын мэри Башкармалыктын начальнигин жана анын орун басарларын кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алууну, башкармалыктын штаттык расписаниесин бекитүүнү жүзөгө ашырат.
26. Начальник башкармалыктын жетекчиси болуп саналат. Башкармалыктын начальнигинин орун басарларын Бишкек шаарынын мэри башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча дайындайт жана кызматынан бошотот.
27. Начальник башкармалыктын иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Башкармалыктын атынан ишеним катсыз иштейт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарын жана токтомдорун аткаруу үчүн башкармалыктын компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, башкармалыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү түрдө башкармалыктын иш - аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүү документтерди чыгарат;
в) өзүнүн орун басарларынын компетенцияларын аныктайт;
г) Башкармалыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
д) Башкармалыкта муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди мыйзамдарга ылайык, анын ичинде: кадрдык резервди түзүүнү, башкармалыктын кадрларын тандап алууну, туура жайгаштырууну, кайтадан даярдоону жана алардын квалификацияларын жогорулатууну, белгиленген учурларда аттестацияны, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызмат акысына кошумча акы белгилөөнү чечет;
е) Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
е) Башкармалыктын кызматтык нускамаларын бекитет жана бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иш - аракеттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот, аларды жазалайт;
з) Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;
и) Башкармалыктын кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;
й) Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;
к) банктарда счетторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
л) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.
28. Башкармалыктын жетекчисинин орун басарлары функционалдык милдеттеринде жана башкармалыктын начальнигинин буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт, алар төмөнкү укуктарга ээ:
а) Башкармалыктын кызыкчылыктарына тийиштүү иш - аракеттерди кылат, келишимдерди түзөт, ижара акыларды эсептөөнү бекитет;
б) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашуусун түзүү укугун колдонот;
в) ижара, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкаруу, мөөнөтүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү келишимдерин түзөт.
29. Башкармалыктын мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттери кошо) түзөт.
30. Башкармалыктын иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана адистештирилген счеттон, ошондой эле муниципалдык менчикти сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүнүн эсебинен Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
31. Бишкек шаарынын мэриясы башкармалыктын иш - аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
32. Башкармалык бухгалтердик жана статистикалык отчет иштерди белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттөрдө берет. Башкармалыктын иш - аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ушул укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
33. Жыл сайын Бишкек шаардык кеңешке муниципалдык мүлктү жана жерлерди пайдалануу жөнүндө отчет берет.
34. Башкармалык кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салышат.
35. Башкармалык иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандардын мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык - укуктук келишимдеринин негизинде тартуу укугуна ээ.
36. Башкармалыктын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
37. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Бишкек шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат.
39. Башкармалыктын иш - аракетин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
40. Башкармалыкты жоюу башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
41. Жоюучу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
42. Юридикалык жактар мамлекеттик реестрге бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктады болуп эсептелинет.
43. Башкармалык жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
44. Башкармалыктын иш - аракети процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
А.Нурдавлетов
|