Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 6
Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышын жана ага байланыштуу Республикалык деңгээлде күрөш боюнча 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн комиссия курамын түзүү жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 140000 (бир жүз кырк миң)сом акча каражатын бөлүү тууралуу депутат Э.Бейшебаевдин сунушу жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышын жана ага байланыштуу Республикалык деңгээлде күрөш боюнча 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн комиссия курамын түзүү жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 140000 (бир жүз кырк миң)сом акча каражатын бөлүү тууралуу депутат Э.Бейшебаевдин сунушун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышы жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн 7(жети) адамдан турган комиссия курамы түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Түзүлгөн комиссия күрөш залынын ачуу аземин жана өткөрүлүүчү мелдештер боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
3. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булактарынан кошумча смета түзүлсүн 140000(бир жүз кырк миң) сомго,140000(бир жүз кырк миң) сом акча каражаты жумсалсын.
4. Кошумча смета түзүү жана чыгымдардын эсебин чыгаруу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Боо-Терек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Кубанычбеков |
| Боо-Терек айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы №6 токтомуна тиркеме |
Боо-Терек айылдык аймагындагы Исак Отунбаев атындагы күрөш залын ачуу аземин жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн 7 (адамдан) турган комиссия курамы:
1. Кубанычбеков А.С - комиссиянын төрагасы
2. Эсенкулов.Р - мүчөсү
3. Мотуев.А –мүчөсү
4. Токманбетов.К - мүчөсү
5. Мамбетова.А - мүчөсү
6. Алымкулова.А - мүчөсү
7. Бейшебаев.Э - мүчөсү