Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 44/6-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын күн тартибине 2012-жылдын 27- декабрындагы №1/1-6 сандуу токтому менен бекитилген Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушталган маселени талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27- декабрындагы №1/1-6 сандуу токтому менен бекитилген депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкү редакцияда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
III БӨЛҮМ. 10-бап депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби.
1) Шаардын жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жекече жана топтук кайрылуу жасоого жана кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор жана укуктук актылар менен таанышу укугу кепилденет. Шаардын жашоочулары шаардык кеңештин ачык сессияларына катышууга укугу бар.
2) Ачык сессияга аткаруу органдарынын башчылары, кызмат адамдары, өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында жүргүзгөн уюмдардын, (юридикалык жактар) коомдук бирикмелердин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
2. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Талас областык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик реестринен укуктук актыларды өткөрүү жагы шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңештин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына ( Есенкулов М. И.) тапшырылсын.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |