Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2012-жылдын 27-декабры № 1/1-6
Талас шаардык кеңешинин Регламентинин жөнүндө
(шаардык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы №44/6-7 токтомуна ылыйык)
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкурсуусу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктуна ылыйык, депутаттардын Талас шаардык Кеңешинн сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин Регламентинин кабыл алынсын
2. Талас шаардык кеңешинин депутаттарына, шаардык кеңештин жоопту катчысына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда кабыл алынган регламентти жетекчиликке алуу жагы тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
С.А. Кулназаров
|
| БЕКИТИЛГЕН” Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “___” _________ 2012-жылдын № ____ токтому менен. |
Типтүү Регламент Депутаттардын Талас шаардык кенеши
БӨЛҮМ I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1-бап. Депутаттардын шаардык Кенеши
2-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин компетенциясы
БӨЛҮМ II.ДЕПУТАТТАРДЫН ШААРДЫК КЕНЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНЫ.
3-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин төрагасы жана анын орун басары.
4-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин жоопту катчысы.
5-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин убактылуу жана туруктуу комиссиялары
6-бап. Саясий партиялардын фракциялары жана коалициясы.
БӨЛҮМ III. ШААРДЫК КЕНЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.
7-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин биринчи сессиясы.
8-бап. Депутаттардын шаардык Кенешинин ишин пландаштыруу.
9-бап. Депутаттардын шаардык Кеңешинин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби.
10-бап. Депутаттардын шаардык Кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби.
11-бап. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби.
12-бап. Депутаттардын шаардык Кеңешинин сессиясынын протоколу жана стенограммасы.
13-бап. Депутаттардын шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актылары.
БӨЛҮМ IV. ДЕПУТАТТАРДЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ.
14-бап. Депутаттардын шаардык Кеңешинин регламентин сактоо, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
I-БӨЛҮМ.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-бап. шаардык кеңеш
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Талас шаардык кеңеши Талас шаарынын өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы болуп саналат.Талас шаардык кеңеши (мындан ары - шаардык кеңеш) 4 жылдык мөөнөткө жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шаардын аймактарында жашаган жарандары тарабынан шайланган, сессия боюнча иштеген 31 депутаттан турат.
Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамына кирген анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына контролду жүргүзөт жана өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак болуп эсептелинет.
Шаардык кеңештин, анын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы болбогон чечимдери Талас шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекеме уюмдар жана менчиктин түрүнө карабастан алардын бирикмелери, шаардык өз алдынча башкаруунун кызмат адамдары, жарандар жана Талас шаарында жашаган жарандыгы жок жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Шаардык кеңештин жана анын органдарынын иш-аракетинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылар, Талас шаарынын Уставы жана бул регламенти менен аныкталат.
Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ашыруу тартибин, анын уюштуруу жана иш-аракет маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү, шаардык кеңештин органдарынын түзүү тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдук иш-аракетинин жол-жобосун жана тартибин аныктайт.
Шаардык кеңештин иш-аракети мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк, депутаттар тарабынан меселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптеринде негизделет. Маселелерди талкуулоодо чакырылган жактар катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык түрдө өткөрүлөт. Бул регламентте каралган учурларда шаардык кеңеш кеңешмелерин жабык түрдө өткөрө алат.
Шаардык кеңештин депутаттары өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле бул Регламент тарабынан белгиленген кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга укуктуу.
2-бап
Шаардык кеңештин компентенциясы
Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” мыйзамында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу. Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырым, (оюн,зоок той,тамаша) өткөрүү убактысын жана тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү. мекеме уюмдарды текшерүү
2.2 Шаардык кеңешинин сессиясында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө.
II-БӨЛҮМ.
ШААРДЫК КЕНЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНЫ
3-бап.
3.1. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлигин көрсөтүү укугуна төмөнкүлөр ээ:
- фракциялар жана партиялар көрсөтөт;
- фракциялардын коалициясы аркылуу;
Депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин төрагасы деп эсептелет:
тиешелүү Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде ага шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса,депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин төраганы шайлоо өткөрүлдүү деп эсептелет.
Шаардык кеңештин төрагасы башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок. Шаардык кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасы:
- шаардык кеңештин сессияларын чакырат жана алардын кеңешмелерин алып барат;
- шаардык кеңештин сессиясында кароого маселелерди даярдоону жалпы жетектөөнү жүргүзөт;
- шаардык кеңештин токтомдоруна жана шаардык кеңештин буйруктарына төрага кол коёт жана шаардык кеңештин кабыл алынган токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракеттерин координациялоо ишин жүргүзөт;
- шаардык кеңештин аппаратынын иш-аракеттерин жалпы жетектейт жана контроль жүргүзөт;
- депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчет берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарынын жана милдеттеринин ишке ашуусу менен байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык кеңештин жана анын органдарынын иштери жөнүндө айкындуулукту жана коомдук пикирдин эске алынышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында жана андан сырткаркы чектерде шаардык кеңеш менен бийликтин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракеттерди камсыз кылат;
- шаардык кеңештин депутаттарынын жана аппаратынын кызматкерлеринин иш сапарлары тууралуу буйруктарды чыгарат;
- шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды пайдаланат;
- шаардык кеңеште иш-кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;
- мыйзам тартибинде бекитилгендей шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат;
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна шаардык кеңештин иши жана өткөн жылдын чыгымдар сметасы жөнүндө жазуу түрүндөгү отчетун берет;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон (ишсапар,эмгек өргүү,денсоолукка байланыштуу ж.б.) учурларда анын ордуна иштейт.
3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4-бап
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысын Талас шаардык кенешинин төрөгасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындайт.
Жоопту катчы:
4.1 Депутаттардын укуктарынын негизинде керектүү малыматтар менен камсыз кылат.
4.2 Шаардык кенештин перспективдүү планын аткарылышын камсыздайт.
4.3 Шаардык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен иш алып барат.
4.4 Шаардык кенешке келген иш-кагаздарын каттоо жана анын аткарылышын контролдойт.
4.5 Сессияга материалдарды дайындайт жана шаардык депутаттарга жеткирүүсүн камсыздайт.
4.6 Шаардык кеңештин сессиясына депутаттарды, мекеме ишкана жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырат.
4.7 Сессияга сунушталган иш материалдарды дайындайт жана ага көзөмөл жүргүзөт.
4.8 Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.
5-бап
Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
5.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” мыйзамынын негизинде кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт.
5.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
5.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
5.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
5.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
5.7. Шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
5.8. Шаадык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
5.9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
5.10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6-бап
Саясий партиялардын фракциялары жана фракциялардын коалициясы.
6.1. Депутаттык фракция - шаардык кеңешке шайланган депутаттардын ичинен түзүлгөн шаардык кеңештин депутаттарынын тобу.
6.2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (Мьшдан ары - фракциялар) .
Өзүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көпчүлүгүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчулүк деп эсептелет. Көпчүлүктүн фракциясынын же фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген фракция же фракциялардын коалициясы, шаардык кеңештеги азчылык деп эсептелет.
Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.
6.3 Депутаттык фракция фракциянын курамына кирүү жөнүндө каалосун билдирген депутаттардын чечими менен каалаган убакытта түзүлүшү мүмкүн. Шаардык кенештин депутаты бир гана фракцияга кирүүгө укуктуу.
Фракциянын аталышын, курамын, жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн аты - жөнүн көрсөтүү менен депутаттык фракцияны тузүү жөнүндөгү арызды фракция шаардык кеңештин төрагасына тапшырат. Депутаттык фракция тузүү жөнүндө арызга фракциянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
Фракциялардын иш тартиби жана фракциядан чыгуу же кирүү шарты, депутаттар өздөрү аныктайт.
Деупутаттардын төрагасы жана орун басары фракцияларга мүчө болуга укукту.
Фракциялар коалицияга биригүүсү мүмкүн. Фракциялардын коалицияга биригүүсү фракциялардьн макулдугу менен жасалат.
6.4. Фракцияларды каттоо анын түзүлгөндүгү боюнча жазуу түрундө билдирүү түшкөндөн эки күндөн кечиктирилбей шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Депутаттык фракцияларды каттоо жөнүндөгү маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
Депутаттык фракциялар коалицияга биригүү жөнүндө макулдашуу түзүшөт. Фракция Регламенттин негизинде катталбаса фракциянын укуктарынан пайдалана албайт.
Фракция шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди сунуштоого укуктуу”.
III-БӨЛҮМ.
ШААРДЫК КЕНЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.
7-бап
Шаардык кенештин биринчи сессиясы.
7.1 Шаардык кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
7.2 Жаңы шайланган шаардык кенештин биринчи сессиясы мурдагы чакыртылган кенештин төрагасы тарабынан шаардык кенештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырат.
7.3 Шаардык кеңештердин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
7.4 Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
7.5 Шаардык кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Шаардык кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
7.6 Шаардык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын,(кызыкчылыктардын кагылышуусу) башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
7.7 Шаардык кеңештин сессиясында Талас шаарынын мэрин жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасын шайлоодо жалпы депутаттардын үчтөн экиси катышуусу керек.
8-бап
Шаардык кеңештин ишин пландаштыруу.
8.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планынын долбоорун шаардык кеңештин аппараты даярдайт. Шаардык кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону туруктуу комиссиялардын төрагалары менен бирдикте шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.
8.2. Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар, Талас шаарынын мэри шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна маселелерди киргизүү укугуна ээ. Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин аталыштарын өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү жана андан маселелерди алып салуу шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
8.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча иш кагаздардын долбоорлору талап кылынбайт. Шаардык кеңештин ишин пландаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана аларды шаардык кеңешке киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
9-бап
Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби.
9.1. Бул Регламент менен белгиленген тартипте шаардык кеңештин кароосуна мэрия тарабынан киргизиле турган иш кагаздар пакети төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
- сессияда сүйлөй турган баяндамачынын аты-жөнүн көрсөтүү менен Талас шаарынын мэри кол койгон коштоочу катты. Эгерде документ шаардык кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалган болсо, анда коштоочу катта тийиштүү шилтеме жасалат;
- шаардык кеңештин токтомунун долбоорун;
Шаардык кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымдалышын караган сунуштук мааниде болгон учурда, анда иштеп чыккандар тарабынан тийиштүү эсеп-кысабын көрсөтүү менен экономикалык негиздеме берилет.
9.2. Шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын визасы менен шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин бир же бир канча туруктуу комиссияларына токтомдун долбоорун алдын ала талкуулоону сунуштоого жана өткөрүүгө укуктуу.
Шаардык кеңештин сессиясына токтомдун долбоорун кароого чейин жалпы шаардык талкуулоо, элдик жана депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуулоо жүргүзүлүүсү мүмкүн.
Элдик жана депутаттык угуулардын регламенттери шаардык кеңештин чечими менен белгиленет.
9.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароо жол-жобосунун негизги элементтери:
- бул регламент менен белгиленген учурларда баяндама, тең баяндамалар;
- баяндамачыга жана тең баяндамачыларга суроолор жана суроолорго жооптор;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөр;
- баяндамачынын жана тең баяндамачылардын жыйынтык сөздөрү;
- добуш берүү жүйөөлөрү боюнча чыгып сүйлөөлөр;
- документтин долбоорун негизинен кабыл алуу ( биринчи же экинчи окууда);
- негизинен кабыл алынган документтин долбооруна оңдоолорду киргизүү;
- документти толугу менен кабыл алуу боюнча добуш берүү.
9.4. Шаардык кеңеш тарабынан токтомдун долбоорлорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө маселе талкууланат, токтомдун долбоорунун жалпы концепциясына жалпы баа берилет.
9.5. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары,Талас шаарынын мэри, жазылуусуз кезексиз сүйлөө укугуна ээ.
9.6. Сессияда төрагалык кылуучу сүйлөп чыгуулардын сөздөрүнүн мазмунунун күн тартибиндеги маселеге дал келишин, аларга берилген убакытты сактоосун көзөмөлдөйт, керек болгондо чыгып сүйлөөчүгө бул жөнүндө эскертет.
Эгерде чыгып сүйлөөчү сессияда төрагалык кылуучунун көрсөтүүлөрүн аткарбаган, өзүнүн сөзүндө кемсинтүү сөздөргө жол берген учурда, алып баруучу аны тартипке чакырат же сөз сүйлөө укугунан ажыратат.
9.7. Жарыш сөз аяктагандан кийин баяндоочу жана теңбаяндоочулар жыйынтыктоо сөзү менен чыгып сүйлөөгө укуктуу, добуш берүү боюнча сүйлөп чыгуулар өткөрүлөт жана документтердин долбоорун негизинен кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат.
Туруктуу комиссиялар жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү анын негизинен кабыл алуудан мурда киргизүүгө жана алар жөнүндө шаардык кеңештин сессиясына добуш берүүдөн мурда билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы документтин долбоорун негизинен кабыл алуу боюнча добуш берүүнү протоколдук чечим менен кийинки сессияга чейин алып коюуга укуктуу.
9.8. Шаардык кеңештин сессиясы тарабынан документтин долбоорун негизинен кабыл алуудан мурда (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттардын шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен документтин долбоорун жазуу жүзүндөгү же оозеки арыз менен расмий чакырып алууга укуктары бар. Бул учурда жарыш сөз токтотулат. Сессия тарабынан документтин долбоорунун үстүнөн мындан ары иштөө тартиби белгиленет.
9.9. Шаардык кеңеш токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтомду толугу менен кабыл алуу;
2) анын жобосун талкуулоо менен токтомду кабыл алуу;
3) токтомдун долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жана айтылган сунуш жана эскертүүлөрдү эске алуу менен анын үстүнөн ишти улантуу.
9.10. Токтомдун долбоорун анын жобосун талкуулоо менен кароодо талкууланып жана добуш берүүгө коюлуп жаткан бардык жазуу жүзүндөгү түшүп жаткан сунуштар угулат.
Четтетилген сунуш шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүлөт. Макул болбогон учурда сунуштун өз вариантын сунуштайт.
Добушка биринчи депутаттардын, андан кийин туруктуу комиссиянын сунушу коюлат. Эгерде шаардык кеңеш тарабынан сунуштардын бирөө колдоого ээ болбосо, анда долбоор четтетилген болуп саналат.
9.11. Токтомдо, аны ишке ашыруунун төмөнкү тартиптери коюлат, тактап айтканда:
-мөөнөттөрү такталат жана пункттарын же токтомду толугу менен ишке киргизүү ыкмасы аныкталат;
- кичи мыйзам актыларын иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга конкреттүү тапшырма берет, ченемдик- укуктук актыларды жүзөгө ашыруу, аларды кабыл алынган токтомдорду ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөрдү аныктайт;
- шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана документинде анын аткаруучусу көрсөтүлөт.
9.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аткаруучунун аты-жөнү көрсөтүлөт.
Контролдоо максатында документтин жоболорун ишке ашыруу натыйжалуулугунун деңгээлин, анын аткарылуусун кыйындатуучу себебин табуу, тоскоолдук кылуучу жактарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле керек болгон учурда сот тартибинде документтердин жоболорун аткарууну камсыз кылуу болуп саналат. Жогоруда саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контроль жүктөгөн жакка башка атайын ишеним кат талап кылынбайт.
9.13. Шаардык кеңеш токтомдордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөндөгүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- токтомду жокко чыгарууга;
- токтомду өзгөртүүгө же аны толуктоого;
- кошумча токтом кабыл алууга.
9.14. Документтин аткарылышын контролдоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин сессиясында бул жөнүндө маалымат кыла ала турган токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) тапшыруу укугу шаардык кеңештин төрагасы тарабынан коюлат.
9.15. Сессиянын протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- сессиянын өтүү күнү, орду, шаардык кеңештин чакырылыш жылы, сессиянын катар номуру;
- шаардык кеңештин депутаттарынын саны (депутаттардын жалпы саны жана шаардык кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын саны);
- сессиянын күн тартиби маселеси жана баяндамачылардын (тең баяндамачылардын) аты-жөнү;
- сессияда чыгып сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
- добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары;
- сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар;
Депутаттардын аты-жөнү, алардын шайлоо округдарын, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматын жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
9.16. Сессиянын протоколу сессия иши аяктагандан кийин 3 күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, шаардык кеңештин төрагасы жана сессиянын катчысы тарабынан кол коюлат. Сессиянын протоколунун көчүрмөсү шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорун толуктап иштеп чыгуу үчүн эреже катары бир жумалык мөөнөттө жол-жоболоштурулат.
9.17. Сессиянын протоколунун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүндө сакталат. Депутаттардын өтүнүчү боюнча жалпы бөлүм таанышуу үчүн протоколдордун көчүрмөлөрүн берет.
Шаардык кеңештин жабык сессиясынын материалдарын жол жоболоштуруу, аларды сактоо, тираждоо, таркатуу, жөнөтүү жана шаардык кеңештин депутаттарынын, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин жана башка жактардын аларга маалымат үчүн кирүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген эрежелери боюнча сессияда талкуулануучу маалыматтын купуялуулук деңгээлин сактоо аркылуу купуялуулук деңгээлде маалымат үчүн жүргүзүлөт.
9.18. Сессияда депутаттарды каттоонун табелдик барагы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүндө сакталат.
Негизинен кабыл алынган документтердин долбоорлорунун тексттеринин түп нускалары шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүндө сакталат.
9.19. Документ кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорунун аткаруучусу менен бирдикте аны жол-жоболоштурууну жүргүзөт. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомуна төрага тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомуна тиркемелер шаардык кеңештин жоопту катчысы тарабынан кол коюлат.
9.20. Шаардык кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук-актылар жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Талас шаарынын адилет башкармалыгына жөнөтүлөт, андан кийин белгиленген тартипте шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, депутаттык фракциялардын төрагаларына, Талас шаарынын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу тарабынан түзүлгөн тизме боюнча башка кызыккан жактарга жөнөтүлөт.
Шаардык кеңештин кайрылууларынын тексттери алардын даректерине биринчи кезекте жөнөтүлөт.
10-бап депутаттардын шаардык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби
(шаардык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы №44/6-7 токтомуна ылыйык)
1) Шаардын жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жекече жана топтук кайрылуу жасоого жана кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор жана укуктук актылар менен таанышу укугу кепилденет. Шаардын жашоочулары шаардык кеңештин ачык сессияларына катышууга укугу бар.
2) Ачык сессияга аткаруу органдарынын башчылары, кызмат адамдары, өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында жүргүзгөн уюмдардын, (юридикалык жактар) коомдук бирикмелердин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
10.1. Шаардык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес бекитилген иш-план боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Сессия өтүүчү күнү, убагы жана орду, ошондой эле анын кароосуна киргизилүүчү маселелер Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат сессия башталган күнгө чейин бир жумадан кеч эмес депутаттарга жана калкка маалымдалат.
Сессия башталган күнгө чейин 20 күндөн кеч эмес мөөнөттө сессияда каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан киргизилет.
Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары, кечиктирилгис маселелер боюнча кезексиз сессиялар өткөрүлүүсү мүмкүн.
Шаардык кеңештин жабык сессиялары бул регламент тарабынан бекитилген тартипте өткөрүлүүсү мүмкүн.
10.2. Жаңы чакырылган шаардык кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте чогулат.
10.3 Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясын уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону жүзөгө ашырышат:
- депутаттарды кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтердин долбоорлору жана башка керектүү маалыматтар менен сессия башталышына чейин беш күндөн кеч эмес мөөнөттө, анын ичинде шаардык кеңештин маалымат тутуму аркылуу камсыздайт;
- шаардык кеңештин депутаттарына сессиянын күн тартибиндеги долбоорлорду, документтердин долбоорлорун жана аларга оңдоолорду, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын убагында өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жолу менен сессияга даярдануу маселелеринде көмөк көрсөтөт;
- шаардык кеңештин сессиясына шаардык кеңештин депутаттарынын көрсөтүүсү боюнча сессиянын кароосуна киргизилген маселени талкуулоодо кимдин катышуусу керек болгон жактарды чакырат;
- депутаттардын табелдик каттоосун жүргүзөт;
- сессияны өткөрүүдө төрагалык кылуучуга көмөк көрсөтөт;
- шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди жол-жоболоштурат жана алардын чыгуусун жүзөгө ашырат.
10.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын, орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы болгондо жүзөгө ашырылат.
10.5. Шаардык кенештин сессиясы (күн тартибиндеги өзгөчө маселелерди) жабык эшик артында өткөрүүсү мүмкүн.
10.6. Сессияда катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттардын табелдик каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоонун убакытын көрсөтүү менен анын аяктоосуна чейин жүргүзүлөт.
10.7. Бир жылдын ичинде экиден ашык сессияга себепсиз катышпаган депутаттардын мандаты чакыртылып алынышы мүмкүн жана тизмеси шаардык кеңештин чечими менен шаардык массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн берилет. Шаардык кеңештин сессиясына депутаттын жок болуусунун жөнү бар себептери болуп төмөнкүлөр саналат: документ боюнча аныкталган ооруулар, ишсапар, өргүү жана башка жүйөөлү себептер.
10.8. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (секретариат, эсептик комиссия, ал эми керек болгон учурда башка комиссиялар) түзүлүүсү мүмкүн.
10.9. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби азыркы күнгө карата сессиянын кезектеги маселелерин жана аларды кароо тартибин камтууга тийиш.
10.10. Шаардык кенештин төрагасы жана аппарат кызматкерлери, кезектеги сессияга даярдаган долбоорду таратып берет.
10.11. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби шаардык кеңештин аппараты тарабынан регламентке ылайык кезектеги сессиянын башталышына чейин эки жумадан кеч эмес мөөнөттө аныкталат.
Шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына чейин он күндөн кеч эмес (эгер бул регламент менен каралса) мөөнөттө бардык депутаттарга шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун, маселени кароо үчүн керектүү материалдарды маалымдайт.
Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда, күн тартибинин долбоору жана маселени кароо үчүн керектүү материалдар депутаттарга каттоо жүргүзүүдө сессиянын алдында таркатылат.
10.12. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу-кызматы боюнча шаардык кеңештин төрагасы. Ал жок болгон учурда сессияда төраганын орун басары төрагалык кылат же төрага, төраганын орун басары тарабынан шаардык кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүн өзү алып салуу жөнүндө билдирбеген) төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу эгерде ал өзү баяндамачы (тең баяндамачы) болсо, маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
10.13. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
- эгерде сүйлөп чыгуучу регламентти бузса, күн тартиби боюнча сүйлөбөсө, жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаса, аны сөз сүйлөөдөн алып коюуга;
- сессияны алып барууну камсыздоо үчүн шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин чакырууга;
- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалымат үчүн кайрылууга;
- пландаштырылбаган дебаттарды токтотууга;
- бул регламенттин жоболоруна ылайык, депутатты тартипке чакыруу, шаардык кеңешке депутатка сөгүш берүүнү сунуштоого;
- сессиянын кеңешме залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулган учурларда сессияны токтотууга.
10.14. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында сессиянын катышуучулары сессияда төрагалык кылуучунун макулдугусуз чыгып сүйлөй албайт.
10.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин кармоого;
- сессияда депутаттардын укуктарын сактоону камсыздоого;
- сессиянын кеңешме залында тартипти камсыздоого;
- чыгып сүйлөөчүлөрдүн убактылуу регламенттин сактоо үчүн контролду ишке ашырууга, өз убагында белгиленген убакыттын лимитинин аяктагандыгы жөнүндө чыгып сүйлөөчүгө эскертүүгө;
- бардык келип түшкөн сунуштарды тактоого жана аларды келип түшүү тартибинде добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
- кезеги менен сөз берүүгө;
- сессияны алып баруу тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окууга), анын ичинде өзүнүн альтернативдүү сунуштарын кезексиз добушка коюуга;
- сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, персоналдык эскертүүлөрдөн жана сессиянын катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнө баа берүүдөн өзүн-өзү токтотууга, сүйлөп бүткөндөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
- эрежелер жана жол-жоболор боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн маалыматтарын жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
- атын атап добуш берүүгө киргизилчү сунуштарды редакциялоого жана атын атап добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетекчиликке алууга.
11-бап
Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби.
11.1. Бул регламентте добуш берүү жыйынтыктарын аныктоо үчүн пайдаланылуучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны - 31;
- кеңешмеде катышкандардын саны - добуш берүүнү өткөрүү алдында акыркы каттоодо катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
11.2. Шаардык кеңеш сессияларда ачык жана жабык добуш берүү жолу менен чечим.
кабыл алынат.
11.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө шаардык кеңештин депутаты чечимди кабыл алууда ага " макул" же "каршы" деген добуш берүү, же чечим кабыл алуудан калыс калуу менен бир добушка ээ.
11.4. Ачык добуш берүүнүн башталышынын алдында төрагалык кылуучу сессияда канча сунуш добушка коюлаарын, кандай көпчүлүк добуш менен (сессияда катышкан депутаттардын санынан шаардык кеңештин депутаттардын жалпы санынан) чечим кабыл алынаарын билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин эч ким аны бузууга укугу жок.
Сессияда төрагалык кылуучу добуштарды эсептегенден кийин, чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы (четке кагылды) жөнүндө жарыяланат. Сессияда төрагалык кылуучу кворум жок болгондо добуш берүүнү шаардык кеңештин кийинки кеңешмесине которот. Добуш берүүнүн процедуралык каталары (эсептик комиссиянын каталары) табылган учурларда, шаардык кеңештин депутаттарынын чечими боюнча кайта добуш берүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.5. Жашыруун добуш берүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан бештен биринен кем эмесин талап кылуу боюнча жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясын ачык добуш берүү менен шайлайт. Шайлануучу органдардын курамына киргизилген депутаттар добуш берүү мезгилине эсептөө комиссиясынын курамында өз ишин токтотушат.
Эсептөө комиссиясы өз курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлашат. Эсептөө комиссиясы өз чечимдерин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын контролунун астында анын сунушу боюнча шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана шаардык кеңештин депутаттарынын санына дал келген санда даярдалат. Жашыруун добуш берүү бюллетенинде чечимдин долбоору боюнча "каршы эмес" жана "каршы" деген жооптордун варианттары каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан анын мүчөлөрүнүн катышуусунда жараксыз кылынат. Добуш берүүнүн убагы жана оруну, аны өткөрүү тартиби эсептик комиссия тарабынан бул регламентке ылайык белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
11.6 Шаардык кеңештин ар бир депутатына жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн көрсөтүүсү боюнча депутаттардын тизмесине ылайык бирден бюллетень берилет жана көрсөтүлгөн тизмеге өзүнүн фамилиясынын тушуна депутат кол коёт. Ар бир бюллетень арт жагында эсептөө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган болуусу керек.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы тарабынан мөөр коюлуп бекитилген атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добуштарын саноодо белгисиз формадагы, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз болуп саналат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эсепке алынбайт.
Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлган протоколду түзөт. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен жолжоболоштурулат.
Өткөрүлгөн добуш берүүнүн жол-жобосунда жана техникасында каталар табылган учурда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин чечими боюнча кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт.
11.7 Процедуралык маселелер боюнча чечим бул регламент тарабынан башкача тартип каралбаса депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Процедуралык маселелерге төмөндөгүлөр кирет:
- кеңешмедеги танапис, кеңешмени которуу же жабуу жөнүндө;
- чыгып сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;
- кеңешмеге чакырылган жактарга сөз берүү жөнүндө;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү которуу же токтотуу жөнүндө;
- маселени тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
- талкуусуз добуш берүү жөнүндө;
- жабык кеңешме өткөрүү жөнүндө;
- чыгып сүйлөө кезегин өзгөртүү жөнүндө;
- кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө.
Добуштарды кайра эсептөө же кайрадан добуш берүү жөнүндө маселелер боюнча чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12-бап
Шаардык кеңештин сессиясынын протоколу жана стенограммасы
12.1 Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиянын кеңешмелеринин протоколдорун жол-жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Шаардык кеңештин сессияларынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кеңешме өтүүчү күн, убагы жана орду; кеңешмеде катышуучу депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; бул кеңешменин депутаттары үчүн таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добуш берүүгө киргизилген бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүү ыкмасы; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Сессиянын төрагалык кылуучу тарабынан протоколго кол коюлат.
12.2 Шаардык кеңештин сессияларында стенограмманын жазуусу жүргүзүлөт. Стенограмманы жүргүзүүнү шаардык кеңештин аппараты жүзөгө ашырат.
Сессиянын стенограммасы толугу менен талкуулоонун жүрүшүн жана чечимди кабыл алууну, ошондой сессиянын кеңешмесин өтүү күнүн, убагын жана ордун; сессиянын күн тартибин; сессияда төрагалык кылуучунун аты-жөнүн камтыйт.
Шаардык кеңештин депутаты өз сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга укугу бар. Эгерде стенограммада стенографиялык же башка тактык эместерге жол берилсе, депутат кийинки жумушчу күндүн ичинде кеңешмеден кийин сессиянын төрагалык кылуучунун атына алар боюнча эскертүү берет.
13-бап
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
13.1. Шаардык кеңештин ченемдик-укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат. Шаардык кеңеш кеңештин төрагасын ченемдик мүнөзгө ээ эмес буйруктарга кол коюуга укуктуу эмес.
13.2. Шаардык кеңештин токтомдору мыйзамда жана бул регламентте каралган учурлардан башка сессияда катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13.3. Шаардык кеңештин токтомдору, буйруктары, арыздары жана кайрылуулары шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурда шаардык кеңештин токтомдору, буйруктары, арыздары жана кайрылуулары шаардык кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
13.4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент менен аларды жол-жоболоштуруу тартиби каралбаган учурда, шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароо жыйынтыгы токтом менен жол-жоболоштурулат.
- (талапкерлигин) сунуштоого, талапкерлерге бөлүштүрүүнү айтууга;
- сессиянын күн тартиби, сессияны алып баруу боюнча сунушту киргизүүгө;
- документтин долбооруна оңдоолорду киргизүүгө;
- жарыш сөздөргө катышууга, баяндамачыга (тең баяндамачыга) суроолорду берүүгө, добуш берүү мотиви боюнча (добуш берүүгө чейин) сүйлөөгө;
- өз сунуштарын добушка коюуну талап кылууга;
- добуш берүү эрежеси бузулгандыгы жана добуш берүү убагында сессияда жок болгон депутаттардын добуштарын эсептөөдө же добуш берүүдө катышкан депутаттардын добушун эсептебеген электрондук системанын катасы белгиленген учурларда, кайта добушка коюуну талап кылууга;
VI-БӨЛҮМ.
ШААРДЫК КЕНЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
14-бап
Шаардык кеңештин регламентин сактоо, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
14.1. Шаардык кеңештин регламентинин жаңы редакциясы, ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Туруктуу комиссиялар жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан бештен биринен кем эмеси тарабынан киргизилген шаардык кеңештин регламентиндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө сунуштар шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана алар тарабынан биринчи кезекте каралат.
14.2. Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана аны сакталышына контролду шаардык кеңештин Регламент жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы жүзөгө ашырат.
Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет жана керек болгон учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
14.3. Шаардык кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер, алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз болуп саналат. Мындай кырдаал пайда болгон учурда, депутат чечимди жокко чыгаруу талабы менен шаардык кеңештин Регламент жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссияна кайрылууга укуктуу.
14.4. Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду шаардык кеңештин төрагасына жана шаардык кеңештин Регламент жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт. Регламентти сактоо үчүн контроль шаардык кеңештин сессиясынын мезгилинде сессияда төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысы |
А. Сариева |