Редакцияот 15.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 15-январы № 2/6

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы 1-сессиясындагы төраганы шайлоо Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамынына жана бекитилген регламентке ылайык деп эсептөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамынын 28-беренесинин 1,3-пунктарына, 37-беренесинин 3-пунктуна ылайык жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 3-баптын 3.1-пунктарына ылайык Депутаттардын Талас шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрында өткөрүлгөн сессиясы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамынына, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин бекитилген регламентинин негизинде деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтом "Жаңы Багыт" гезитине жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардьш Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысы А. Сариевага жүктөлсүн. 

 

Талас шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Джузупбеков