Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-июну № 127
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээ болуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, инвестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдык жана материалдык эмес салуулары:".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |