Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2008-жылдын 23-июну № 127

 

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээ болуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, инвестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдык жана материалдык эмес салуулары:".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын             Президенти

 

К.Бакиев