Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-октябрындагы № 196
«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Ысыккөл» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Ысык-Көл» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Преамбуласы «пайдаланууга жана» деген сөздөрдөн кийин «туруктуу» деген сөз менен толукталсын.
3. 1-статьяда:
2-бөлүктөгү «уюштуруу-техникалык, экономикалык жана башка чаралар» деген сөздөр «жасалма чаралар (уюштуруу-техникалык, экономикалык)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3 жана 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
8 жана 14-бөлүктөрдөгү «башка» деген сөз «эстетикалык» деген сөзгө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 22-24-бөлүктөр менен толукталсын:
«Суулуу-саздак жерлер – саздак, фен, чым көңдүү жерлердин же табигый же жасалма, туруктуу же убактылуу, токтоп турган же агымдуу, тузсуз, шор же туздуу көлмө-суулардын райондору.
Суу корголуучу зона – суу объектинин акваториясынын тегерегиндеги аймак, анда суунун кирдешин, булганышын, азайышын жана балырланышын болтурбоо үчүн атайын режим белгиленет.
Сууда сүзүүчү жана сууга жакын жашаган канаттуулар – суулуу-саздак жерлерде жана жээкке жанаша жаткан жерлердеги суулуу объекттерде жашаган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери.».
4. 2-статьядагы «тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси» деген сөздөр «тарыхый-маданий эстеликтердин, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын, курорттук-рекреациялык объекттердин комплекси менен биосфералык аймак,» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 3-статьянын сегизинчи абзацы «экологиялык-экономикалык» деген сөздөрдөн мурда «коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын илимий негизделген шайкеш айкалыштыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин комплекстүү чечүү жолу менен» деген сөздөр менен толукталсын.
6. 4-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 7-статьяда:
2-бөлүк «аймак» деген сөздөн кийин «, суулуу-саздак жерлер» деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүктөгү «тиешелүү мыйзамдары менен» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөр «суу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «башка ресурстарды сактоого, коргоого жана пайдаланууга контролдук кылуу атайын ыйгарым укуктуу республикалык жана аймактык айлана-чөйрөнү коргоо органдары» деген сөздөр «табигый ресурстардын сакталышын, корголушун жана пайдаланылышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
«3. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жер казынасы Кыргызстандын элинин келечек муундарынын керектөөсүн канааттандырууга багытталган стратегиялык ресурс болуп саналат.
4. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын суулуу-саздак жерлерин кошуп алганда, биологиялык ресурстар глобалдык биологиялык ар түрдүүлүктөрдү сактоонун генетикалык фонду болуп саналат.».
9. 9-статьянын 2-бөлүгүндөгү «мыйзамдары менен» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 11-статьядагы «мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 12-статьяда:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ысык-Көлдүн жаратылыш чөйрөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн түзүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, анын ичинде эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте эсепке алынууга, мамлекет тарабынан корголууга жана пайдаланылышы контролго алынууга тийиш.»;
3-бөлүктөгү «мыйзамдар менен белгилеген тартипте» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
«Табигый жана жасалма өстүрүлгөн дарак, бадал жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы «Ысык-Көл» ЭЭТсынын токой экосистемаларындагы корголуучу объекттер болуп саналат.
Жанаша жаткан табигый чычырканак бадалдары «Ысык-Көл» ЭЭТсынын өзгөчө коргоосунда болот, аларда чычырканакты кыюуга, түбү менен казып алууга, жаш бутактарын сындыруу (кесүү) жолу менен чычырканактын мөмөсүн терүүгө тыюу салынат.».
12. 13-статьядагы «атайын ыйгарым укуктуу республикалык жана аймактык айлана-чөйрөнү коргоо органдары» деген сөздөр «айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 14-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы «, дагы башка чарбалык объекттердеги» деген сөздөр алып салынсын.
14. 15-статьяда:
1-бөлүктөгү «башка» деген сөз «эстетикалык» деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү «Тарыхий-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 16-статьяда:
1-бөлүктө:
экинчи абзацтагы «тамак-аш» деген сөздөр «тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«-токойду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү;
-балыктын эндемикалык жана жок болуп бараткан түрлөрүнүн өсүшүн көбөйтүү жана кайрадан калыбына келтирүү.»;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Жаратылыштык-чарбалык иштерди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте биосфералык аймактарга коюлуучу талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.».
16. 17-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«-Ысык-Көлгө куюлган суулардын жанындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;
-Ысык-Көлдү жана жээкке жанаша жаткан зонаны өндүрүш жана керектөө калдыктары менен булгоого;»;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«Көлдүн өзүнүн фаунасына коошпогон күнжеле форель же балыктын бөлөк түрлөрүн багууга жана өстүрүүгө байланышкан садок чарбаларынын Ысык-Көлдө иштешине, ошондой эле балык кармоо үчүн монофильдик түйүнсүз торлорду пайдаланууга тыюу салынат.».
17. 18-статьяда:
аталышында жана бүткүл текст боюнча «Тамак-аш үчүн» деген сөздөр «Тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү «тийиштүү тартипте белгиленген ченемдик укуктук актылар менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү «тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 20-статьянын 4-бөлүгүндөгү «49 жылдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22-статья. Рекреация объекттеринин абалы үчүн жоопкерчилик
Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер санитардык жана жаратылышты коргоо ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартышат.».
20. 23-статьянын 2-бөлүгүндөгү жана 25-статьянын алтынчы абзацындагы «жана башкаларга» деген сөздөр алып салынсын.
21. 26-статьянын 3-бөлүгүндөгү «50 жылга чейинки мөөнөткө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 27-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Туризм инфраструктурасынын объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер шаар куруу, санитардык жана жаратылышты коргоо ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартышат.».
23. 33-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 35-статьянын 2-бөлүгүндөгү «айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы» деген сөздөр «Өкмөтү» деген сөзгө алмаштырылсын.
25. 36-статьядагы «мыйзамдары менен белгиленген» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан аныкталуучу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
26. 37-статьядагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ысык-Көлдө садок чарбаларын жоюунун тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |