Редакцияот 06.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

2013-жылдын 6-ноябры № 200

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

23-статьянын 6-бөлүгүңдөгү "50дөн" деген сан "80ден" деген санга алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6. 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

4-статьядагы «50» деген сан «80» деген санга алмаштырылсын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев