Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 26-июну № 58
Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө
(КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 120, 2007-жылдын 31-июлундагы № 119, 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 157, 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200, 2016-жылдын 12-июлундагы № 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында орточо айлык эмгек акынын өскөндүгүнө байланыштуу эмгек пенсияларын жогорулатууга багытталган.
1-статья.
Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөнкүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет:
1975-жыл жана андан мурда - 3748,3;
1976-жыл - 3707,7;
1977-жыл - 3626,2;
1978-жыл - 3561,8;
1979-жыл - 3504,3;
1980-жыл - 3387,0;
1981-жыл - 3332,0;
1982-жыл - 3269,9;
1983-жыл - 3212,5;
1984-жыл - 3155,0;
1985-жыл - 3095,2;
1986-жыл - 3037,9;
1987-жыл - 2920,6;
1988-жыл - 2746,1;
1989-жыл - 2511,7;
1990-жыл - 2346,6;
1991-жыл - 1518,9;
1992-жыл - 217,6;
1993-жыл - 31,0;
1994-жыл - 9,6;
1995-жыл - 7,2.
(КР 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган жана кайра эсептелген бардык эмгек пенсиялары ушул Мыйзамдын 1-статьясы менен белгиленген түзөтүү коэффициенттерин колдонуу менен аныкталуучу эмгек акысынан жаңыдан кайра эсептелүүгө тийиш.
3-статья.
Пенсиянын өлчөмүн аныктоо үчүн пенсионердин орточо айлык эмгек акысы пенсия дайындалган же кийин кайра эсептөө жүргүзүлгөн сом менен берилүүчү эмгек акысын белгиленген түзөтүү коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
Жаңыдан белгиленген орточо айлык эмгек акыдан пенсия "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары боюнча эсептелет.
4-статья.
Пенсияны эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы (киреше) эсептик көрсөткүчтүн 150 эсе өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө эсепке алынат.
(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 119, 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 157, 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200, 2016-жылдын 12-июлундагы № 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья.
Пенсия дайындалгандан кийин иштеген пенсионерлерге пенсияны кайра эсептөө документтерин көрсөткөндө ал мезгил үчүн камсыздандыруу акылары төлөнгөн шартта 1996-жылдын 1-январын кошуп алгандагы мезгил үчүн мурда эсепке алынбаган камсыздандыруу стажын эске алуу менен жүргүзүлөт.
(КР 2006-жылдын 19-июлундагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга индексацияланган түзөтүү коэффициенттерин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 8, 244-ст.) күчүн жоготту деп эсептелсин.
7-статья.
Ушул Мыйзам 2001-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |