МыйзамКүчүндө

КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-ноябры № 201

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184, 2015-жылдын 2-мартындагы № 44, 2016-жылдын 16-майындагы № 60, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2022-жылдын 18-январындагы №4 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

 2-берене.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

 

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4-берене.

 

(КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;".

 

7-берене.

 

(КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

8-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-берене.

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

10-берене.

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

11-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууда ушул статьяда көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.".

 

12-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

13-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти                

 

А. Атамбаев