КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 118
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу Органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 240-б тескемеси менен Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Максүт уулу Асанбек, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 16-октябрындагы № 292-б буйругу менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Молдокасымов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 10-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
2. Ат-Башы, Өзгөн, Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 118 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
Нарын обласу | ||
Ат-Башы району | ||
1 | Ак-Талаа | 10.11.2014-ж., саат 10-00 |
Ош обласу | ||
Өзгөн району | ||
2 | Көлдүк | 10.11.2014-ж., саат 10-00 |
Нарын обласу | ||
Жумгал району | ||
3 | Көк-Ой | 10.11.2014-ж., саат 10-00 |