Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

 2013-жылдын 27-ноябры № 208

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

85-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштар күндөрү саат 15.00дөн тартып өткөрүлөт.

Добуш берүү убактысында мыйзам долбоорлорун талкуулоого жол берилбейт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев