Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1991-жылдын 5-февралы № 371-XII
Кыргыз ССРинин Уголовный кодексинин 235-статьясына толуктоолор киргизүү жөнүндө
Республиканын уголовный закондорун андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз ССР Жогорку Совети
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1960-жылдын 29-декабрында Кыргыз ССРинин Закону тарабынан бекитилген Кыргыз ССРинин Уголовный кодексинин (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1960-жыл, № 40, 145-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) 235-статьянын экинчи бөлүктөн кийин төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде алардын сатуу буюму ири өлчөмдөгү наркотикалык заттар болсо, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер,
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат";
2) статьянын үчүнчү бөлүгү төртүнчү бөлүк деп эсептелсин;
3) статьяга карата "эскертүү" төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
Наркотикалык заттардын СССРдин саламаттык сактоо министерствосунун алдындагы наркотиктерди контролдукка алуу боюнча туруктуу комитет тарабынан аныкталуучу ири (235 жана 235(1)-статьяларда) жана майда өлчөмдөрү деп табылат".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |