Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 4-июлундагы N 55 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 27-декабры № 225
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда "ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-статьянын 3-бөлүгүнүн 2-абзацында "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 9-статья "ишканалар" деген сөздөн мурда "менчигинин түрүнө карабастан" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 15-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Террористтик актынын коркунучу келип чыккандыгы жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти уюштуруу тууралуу калкка өз убагында маалымдоо максаттарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун деңгээлдери белгиленет. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин белгилөөнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5. 17-статьяда:
биринчи абзацында "жана анын аймактык бөлүктөрү" деген сөздөр алып салынсын жана "аткарышат" деген сөз "аткарат" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "жүзөгө ашырышат" деген сөздөр "жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацында "талдашат" жана "иштеп чыгышат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "талдайт" жана "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацында "иштеп чыгышат" жана "координациялашат" деген сөздөр "иштеп чыгат" жана "координациялайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацында "жүзөгө ашырышат" жана "талап кылышат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүзөгө ашырат" жана "талап кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 19-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин террорго каршы коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери";
1-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "аталган" деген сөз "стратегиялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын:
4-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин тизмеси" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин тизмеси жана аларды террорго каршы коргоо боюнча чаралар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 28-30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн шарттары
1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же ыкма менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыны токтотуу үчүн жүргүзүлөт.
2. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режимин киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси же болбосо анын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын башка кызмат адамы кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл болгондо - башка кызмат адамдарына террордук коркунучтун деңгээли жана террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилгендиги жөнүндө, ошондой эле анын чектеринде террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө кабарлайт.
29-статья. Террорго каршы операцияны жетектөө
1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып террорго каршы операцияны айкалыштырып иштеген жетекчи террорго каршы операцияны башкаруу боюнча операциялык штабдын жетекчиси жана бир эле убакта террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылган бардык аскер кызматчылары, кызматкерлери жана адистери үчүн начальник болот жана террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Террорго каршы операцияны жүргүзүү мезгилинде анын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча гана алмаштырылышы мүмкүн.
2. Ээлеген кызмат ордуна карабастан башка кызмат адамынын террорго каршы операцияны оперативдүү жетектөөгө укук ченемсиз кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчисинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- оперативдүү штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле оперативдүү штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоо;
- алардын чектеринде (аларга) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген зоналардын (райондун) жана объекттердин чек араларын аныктоо жана чаралардын комплексин жана убактылуу чектөөлөрдү белгилөө;
- террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн курамын жана каражаттарды, ошондой эле башка адамдарды аныктоо жана аларды пайдалануу тууралуу чечим кабыл алуу, алардын ишин координациялоо жана эриш-аркак иштөөсүн уюштуруу;
- террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө адамдарга жол берүүнү жүзөгө ашыруу, алардын тактикасын жана жүрүм-турум багытын бекитүү;
- террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн техникалык ыкмалары менен тактикасын жана ага катышкандардын курамын ачыкка чыгарууга жол бербөөчү формада жана көлөмдө террористтик актынын масштабдары, жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүнүн тартибин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча оперативдүү штабдын жооптуу адамын аныктоо;
- террорго каршы операция жүргүзүү боюнча эсептөөлөрдү жана сунуштарды, террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө күжүрмөн тескемени (күжүрмөн буйрукту) даярдоо чечимин кабыл алуу жана оперативдүү штабга тескеме берүү;
- террорго каршы операциянын бүткөндүгүн жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине же Премьер-министрине аны жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет берүү;
- террорго каршы операцияны жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
30-статья. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штаб
1. Террорго каршы операцияны башкаруу үчүн террорго каршы операциянын жетекчиси тарабынан оперативдүү штаб чакырылат.
2. Террористтик актынын коомдук коркунучунун масштабына жана даражасына, күтүлүүчү терс кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша террорго каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси тарабынан республикалык же болбосо аймактык оперативдүү штаб чакырылат.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык оперативдүү штабдын ишинин тартиби, түзүмү жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү оперативдүү штаб жөнүндө жобо менен аныкталат.".
8. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдар террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы террордук актыларды чектөө жана бөгөт коюу боюнча атайын операциялардын комплексин иштеп чыгышат.".
9. 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Террористке зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликтен бошотуу
Террорго каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик жана экстремисттик ишине бөгөт коюу боюнча комплекстүү атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда белгиленген негизде жана чектерде террористтин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле башка укук коргоочулук кызыкчылыктарына аргасыз зыян келтирүүгө жол берилет. Мында терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан аскер кызматчылары, адистер жана башка адамдар террорго каршы операцияны жүргүзүүдө келтирген зыяны же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористти жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |