Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 4-июлу № 55
Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө
Ушул Мыйзам терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, терроризмди алдын алуунун жана ага каршы күрөшүүнүн, терроризм көрүнүштөрүнүн кесепеттерин азайтуунун жана (же) жоюунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери түзөт.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:
1) террористтик иштин алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, бул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү, ошондой эле терроризмдин кесепеттерин азайтуу жана (же) жоюу;
2) терроризмге каршы аракеттенүү субъекттеринин мамлекет ичинде өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
3) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
3-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери
Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
2) мыйзамдуулук;
3) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча саясий, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды колдонуунун системалуулугу жана комплекстүүлүгү;
4) саясий, философиялык, идеологиялык, расалык, этностук, диний мүнөздөгү ойлор боюнча терроризмди актоонун жол берилбестиги;
5) терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин коомдук бирикмелер, диний, эл аралык жана башка уюмдар, ошондой эле жеке жактар менен кызматташуусу;
6) терроризмге каршы күрөшүүдө атайын каражаттар, техникалык ыкмалар, аракеттердин тактикасы жөнүндө, ошондой эле алардын катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтардын купуялыгы;
7) террористтерге саясий келишүүлөргө жол берилбестиги;
8) терроризмге каршы аракеттенүү чараларынын террористтик коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына шайкештиги.
4-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдары улуттук мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин терроризмге каршы органдары жана кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
5-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) терроризмге каршы операция - терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга багытталган, кара күчтү, аскердик, күжүрмөн жана башка техниканы, куралды, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди колдонуу менен терроризм актысына бөгөт коюу, террористтерди, жардыруучу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу, жеке жактардын жана уюмдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү атайын, ыкчам-күжүрмөн, аскердик жана башка иш-чаралардын комплекси;
2) терроризмге каршы машыгуулар - террористтик коркунучтарга бөгөт коюу жана сокку берүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, анын ичинде терроризмге каршы аракеттенүүчү башка субъекттер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлүүчү терроризмдин алдын алууга, макулдашылган аракеттерди өркүндөтүүгө жана иштеп чыгууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) терроризм актысы - калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын же болбосо эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардыруу, өрт коюу же адамдардын өлүү же башка оор кесепеттердин болуу коркунучуна алып келүүчү башка иш-аракеттерди жасоо, ага тете ошол эле максатта ушул аракеттерди жасоо коркунучу;
4) барымтага алынган адам - мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кармалган адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары кандайдыр бир аракетти жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо максатында туткунга алынган жана (же) кармалган жеке жак;
5) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасы - чектеринде терроризмге каршы операция жүргүзүлүп жаткан жердин, суу объекттеринин айрым участоктору же аба мейкиндиги, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, жай жана ага жанаша аймактар же акваториялар;
6) маалыматтык терроризм - террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу;
7) терроризмге каршы аракеттенүү - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын төмөнкүдөй иши.
а) терроризмдин алдын алуу боюнча;
б) террористтик ишти аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, террористтик мүнөздөгү кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө (терроризмге каршы күрөшүү) боюнча;
в) терроризмди азайтуу жана (же) кесепеттерин жоюу боюнча;
8) терроризмдин алдын алуу - жарандарда зомбулук идеологиясын кабыл албоого тарбиялоо жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү терроризмдин маңызын жана коркунучун түшүндүрүү, терроризмдин пайда болушуна жана жайылышына түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, иликтөө, жок кылуу боюнча укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, тарбиялык, пропагандалык, атайын жана башка чаралардын комплекси;
9) террористтик уюм - террористтик ишти жүзөгө ашыруучу, же болбосо аларга карата Кыргыз Республикасынын сотунун аны террористтик деп таануу жөнүндө чечими кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө кирген, өз ишинде терроризм актысынын мүмкүндүгүн тааныган адамдардын тобу;
10) терроризм - калкты коркутууга жана (же) укукка каршы зомбулук аракеттердин башка формаларына байланышкан зомбулук идеологиясы жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү практикасы;
11) террорист - терроризм актысын жасап жаткан же кандай формада болбосун террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого катышып жаткан жеке адам;
12) террористтик материалдар - террористтик иштин белгилерин жана (же) аны жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган терроризм актысын жасоо ыкмалары жана каражаттары тууралуу, же болбосо мындай ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгын негиздеген же актаган ар кандай маалыматтык материалдар;
13) террористтик иш:
а) террористтик мүнөздөгү төмөнкү кылмыштардын кайсынысын болбосун жасоо:
- терроризм актысын уюштуруу, пландоо, даярдоо, жасоо, же болбосо аны жасайм деп коркутуу;
- террористтик ишти жүзөгө ашырууга карата ачык чакырыктар же терроризмди ачык актоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын пайдалануу менен актоо;
- терроризм актысын жасоо максатында мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү, кылмыштуу уюмду же уюшкан топту түзүү, ага тете мындай түзүмдөргө катышуу;
- терроризм актысын жасоо үчүн жарандарды даярдоо;
- террористтик ишке көмөк көрсөтүү;
- террористтик ишти каржылоо;
- жарандын чет мамлекеттин аймагында куралдуу чыр-чатактарга же согуштук иш-аракеттерге катышуусу же террористтик даярдоодон өтүүсү;
- террористтик максаттарда адамды барымта катарында алуу же кармоо;
- террористтик максаттарда имараттарды, курулмаларды, билдирүү жана байланыш жолдорун же каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу же болбосо кармап туруу;
- террористтик максаттарда башка кылмыштарды жасоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык террористтик түшүнүккө туура келген башка жосундарды жасоо.
2-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруунун негиздери
6-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн субъекттери
1. Терроризмден коопсуздукту камсыз кылуучу субъект болуп мамлекет саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналуу менен:
1) аткаруу бийлик органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишине башчылык кылат жана жетектейт;
2) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
3) жарлыктарды жана тескемелерди чыгарат;
4) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети):
1) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаларды (пландарды) иштеп чыгат, бекитет жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;
2) мамлекеттик органдардын терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ишин зарыл күчтөр, каражаттар жана ресурстар менен камсыз кылууну уюштурат;
3) террористтик коркунучтун деңгээлдерин, аларды киргизүү тартибин белгилейт, ошондой эле террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмунун аныктайт;
4) Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин аныктайт;
5) улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Терроризмге каршы борбору (мындан ары - Терроризмге каршы борбор) жөнүндө анын ишинин тартибин жана компетенциясын аныктаган Жобону бекитет;
6) терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык ыкчам штабдардын ишинин тартибин, түзүмүн жана ыйгарым укуктарын аныктоочу Терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штаб жөнүндө жобону бекитет;
7) Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет;
8) терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
9) терроризм актысын жасоонун натыйжасында каза болгон адамдардын сөөгүн коюу тартибин аныктайт;
10) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга же терроризмге каршы операцияны жүргүзүүгө катышкан адамдарды реабилитациялоо тартибин аныктайт;
11) терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин аныктайт;
12) террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргоо абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чараларынын түрлөрүн жана өткөрүү тартибин аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмдин алдын алуу, ошондой эле анын көрүнүштөрүн азайтуу жана (же) кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
2) муниципалдык менчикте же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган объекттерди терроризмге каршы коргоого карата талаптарды аткарууну камсыз кылат;
3) жарандарда терроризм идеологиясын кабыл албоону калыптандыруу жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмдин маңызын жана анын коомдук коркунучун түшүндүрүү боюнча маалыматтык-пропагандалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
4) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга террористтик иш тууралуу өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтар, ошондой эле алар тууралуу маалымат террористтик иштин алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле анын кесепеттерин азайтууга түрткү боло турган ар кандай башка кырдаалдар тууралуу маалымдайт.
7-берене. Аткаруу бийлик органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенциялары
Министрлер Кабинети өзүнө баш ийген органдарга төмөнкүлөр боюнча компетенцияларды бөлүштүрүү жана берүү жолу менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат:
1) террористтик ишти, анын ичинде контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү аркылуу алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу;
2) терроризм актысын даярдоого жана жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу, ошондой эле террористтик коркунучтарды талдоо жана божомолдоо;
3) терроризмге каршы операцияларды уюштуруу жана жүргүзүү;
4) терроризмге каршы машыгууларды, ошондой эле террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргоо абалын аныктоого (айкындоого) багытталган башка атайын иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
5) маалыматтык терроризмге жана терроризм максаттары үчүн жергиликтүү жана глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонууга каршы аракеттенүү;
6) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан өзүнө баш ийген органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
7) маалымат системасынын мазмунун аныктоо жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;
8) террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
9) мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында террористтерди табуу жана кармоо, ошондой эле террористтердин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин аныктоо, табуу жана бөгөт коюу;
10) террористтик мүнөздөгү кылмыштары үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
11) жасалган терроризм актысынын натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жана анын кесепеттерин жоюу;
12) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга шашылыш медициналык жардамды, медициналык-психологиялык коштоону уюштуруу;
13) терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн зарыл болгон башка компетенциялар.
8-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана мамлекеттик органдардын бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) саналат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы ишин координациялоону ыйгарым укуктуу органдын Терроризмге каршы борбору жүзөгө ашырат.
3. Терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин өркүндөтүүнү уюштуруу максатында терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия түзүлөт.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн терроризмге каршы күрөшүүдө пайдалануу
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүдө курал-жаракты жана аскердик техниканы колдонуу менен аба, суу жана жердеги мейкиндиктин коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле терроризм актысынын коркунучтарын четтетүүгө катышат.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым бөлүмдөрүн жана аскердик бөлүктөрүн терроризмге каршы операцияга пайдалануу жөнүндө чечимди терроризмге каршы операциянын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги кабыл алат.
10-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, диний жана башка бирикмелер, жеке жана юридикалык жактар коомдо терроризмди кабыл албоону калыптандырууда терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.
2. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга жарандардын көмөгү, анын ичинде террористтик иш тууралуу аларга белгилүү болгон, ошондой эле алар тууралуу маалымат террористтик иштин алдын алууга, табууга, бөгөт коюуга, анын кесепеттерин азайтууга шарт түзүшү мүмкүн болгон ар кандай башка жагдайлар тууралуу билдирүү ар бир адамдын жарандык милдети болуп саналат.
11-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сыйакы
1. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга, бетин ачууга жана териштирүүгө, мындай кылмыштарды даярдаган, жасап жаткан же жасаган адамдарды табууга жана кармоого көмөк көрсөткөн жеке жактарга улуттук коопсуздук органдарына тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардан акчалай сыйакы төлөнүшү мүмкүн.
2. Акчалай сыйакынын өлчөмүн, төлөө негизин жана тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн адамдарга карата алар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча чаралар көрүлөт.
3-глава. Терроризмге каршы маалыматтык-алдын алуучу аракеттенүү
12-берене. Терроризм идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүү
1. Терроризмге маалыматтык-пропагандалык каршы аракеттенүү төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) терроризм коркунучун түшүндүрүү;
2) терроризм идеологиясын пропагандалоо формаларын жана методдорун табуу;
3) коомдо терроризмге каршы пикирди калыптандыруу;
4) терроризмдин алдын алууда терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун институттарынын күч-аракеттерин бириктирүү;
5) терроризмди колдоонун социалдык-экономикалык базасын кыскартуу;
6) маалыматтык терроризмге каршы аракеттенүү.
2. Терроризмге каршы маалыматтык-алдын алуучу аракеттенүүнү Терроризмге каршы борбордун координациялоочу ролу алдында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар ишке ашырат.
13-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүүсү
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери терроризм актыларына жана терроризмге каршы ишке байланышкан окуяларды чагылдырууда маалыматты эркин алуу жана таратуу укугу адамдардын жашоого болгон укугуна жана коопсуздугуна зыян келтирүү менен ишке ашырылышы мүмкүн эместигин эске алууга милдеттүү.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери даярдалып жаткан терроризм актысы жөнүндө маалыматтарды алганда ал терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга бул тууралуу кечиктирбестен маалымдоого милдеттүү.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкеринде террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдери катары кызмат кылуучу же болбосо террористтик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу кызыкчылыгында колдонулушу мүмкүн болгон маалыматтар же документтик материалдар болгон учурда ал терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга аларды өткөрүп берүүгө милдеттүү.
4. Терроризмге каршы операция жүргүзүү убагында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана алардын кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабдын жетекчисинин уруксатынан тышкары өз демилгеси менен террористтерден интервью алууга жана аларга эфир убактысын берүүгө;
2) өзүнө ортомчунун ролун өз алдынча алууга;
3) барымтага алынган адамдар, алардын туугандары жана жакын адамдары тууралуу, ошондой эле терроризмге каршы операция жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалыматты таратууга.
14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен терроризмдин алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетектеген уюмдарда даярдалган материалдар терроризмди актоого кызмат кылбоосу, ага чакырбоосу, аны козутпоосу, ошондой эле расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) пропагандалоону камтыбоосу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
4-глава. Террористтик иштин алдын алуу
15-берене. Террористтик иштин алдын алуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарга жана терроризмди ачык актоого;
2) террористтик уюмдарды түзүүгө, каттоого жана иштешине, ошондой эле мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүүгө жана аларга катышууга;
3) юридикалык жакты террористтик максаттарда пайдаланууга.
2. Террористтик ишке катышкан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган. Киргизүүдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
16-берене. Уюмдарды, ошондой эле маалыматтык материалдарды террористтик деп таануу тартиби
1. Уюм соттун чечиминин негизинде террористтик деп таанылат жана жоюлууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын соту уюмду, анын ичинде чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмдөрүн, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) террористтик деп тааныган учурда ошол уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, аларга таандык мүлк жана көрсөтүлгөн уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлкү соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айландырылат.
Террористтик уюмдун башкаруусунда турган мүлк, ошондой эле анын кызыкчылыгында башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк да алып коюлууга тийиш.
3. Уюмду террористтик деп таануу жана анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салуу тууралуу доо арызы терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар берген материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко берилет.
4. Маалыматтык материалдарды террористтик деп таануу тууралуу арыз терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко берилет.
5. Соттор террористтик деп тааныган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын реестрин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзөт.
6. Соттор террористтик деп тааныган уюмдардын тизмеги мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына жыл сайын жарыяланууга тийиш.
17-берене. Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар
Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык көрүлөт.
18-берене. Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы
1. Объекттерди терроризмге каршы коргоо бул объекттердин терроризм актысына карата туруктуулугун жана мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга жана жоюуга даярдыгын жогорулатууга багытталган чаралардын системасы менен ишке ашырылат.
2. Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы укуктук, уюштуруу, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, режимдик-күзөт жана башка чараларды камтыйт.
Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы жарыяланууга тийиш эмес.
3. Терроризм актысынын коркунучу пайда болгондугу жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүүчү ишти уюштуруу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо үчүн инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун деңгээлдери белгиленет.
19-берене. Стратегиялык жана башка объекттерди терроризмге каршы коргоо
1. Стратегиялык жана башка объекттерди мүмкүн болуучу террористтик кол салуудан коргоо максатында Министрлер Кабинети алардын терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитет.
2. Стратегиялык жана башка объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери өздөрүнө ишенип берилген объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын аткаруу үчүн иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга, ошондой эле аларды каржылоону кароого милдеттүү.
5-глава. Террористтик ишке бөгөт коюу жана терроризмге каршы операция жүргүзүү
20-берене. Террористтик ишке бөгөт коюу
Террористтик ишке же терроризмдин айрым бир актысына бөгөт коюуда терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар кара күчтү, атайын каражаттарды, курал-жаракты, аскердик жана күжүрмөн техниканы улуттук коопсуздук, укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында белгиленген тартипте колдонууга укуктуу.
21-берене. Терроризмге каршы операция жүргүзүүнүн шарттары
1. Эгерде терроризм актысына башка күчтөр же ыкмалар менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, ага бөгөт коюу үчүн терроризмге каршы операция жүргүзүлөт.
2. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле терроризмге каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, же болбосо анын тапшырмасы боюнча Терроризмге каршы борбордун жетекчиси кабыл алат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси террористтик коркунуч деңгээлин киргизүү жана терроризмге каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле ал жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана зарыл болгондо башка кызмат адамдарына кабарлайт.
4. Даярдалып жаткан же жасалган терроризм актысы тууралуу билдирүү кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
22-берене. Терроризмге каршы операцияны жетектөө
1. Терроризмге каршы операциянын жетекчиси аны жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Терроризмге каршы операциянын жетекчисин алмаштырууга ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен жол берилет.
2. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып анын жетекчиси терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штабды (мындан ары - ыкчам штаб) башкарат жана ошол эле учурда терроризмге каршы операция жүргүзүүгө тартылуучу бардык аскер кызматчыларына, кызматкерлерге жана адистерге начальник болуп саналат.
3. Терроризмге каршы операцияны жетектөөгө кийлигишүүгө жол берилбейт.
4. Ыкчам штабдын жетекчиси:
1) ыкчам штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле ыкчам штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктайт;
2) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү планын, ошондой эле аны жүргүзүү боюнча эсептерди жана сунуштарды даярдоо жөнүндө ыкчам штабга тескеме берет;
3) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү планын бекитет;
4) чегинде укуктук режим киргизилип жаткан терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасын аныктайт жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган чаралардын комплексин жана убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;
5) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды аныктайт жана аларды пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алат, ошондой эле ыкчам штабдын ишине катышууга башка адамдарды тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
6) зарыл болгон учурда кошумча күчтөрдү жана каражаттарды суратат;
7) терроризм актысынын масштабдарына жана коомдук коркунуч даражасына, күтүлүүчү кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык ыкчам штабды чакыруу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине сунуш киргизүүгө укуктуу;
8) террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат, сүйлөшүүлөрдүн тактикасын жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилген адамдардын жүрүм-турум багытын бекитет;
9) ыкчам штабдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомчулук менен байланышты сактоо үчүн жооптуу өкүлүн аныктайт;
10) террористтерди зыянсыздандыруу боюнча күжүрмөн буйрук берет;
11) терроризмге каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган терроризмге каршы операцияны жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
23-берене. Ыкчам штабдар
1. Терроризмге каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси ыкчам штабды чакырат.
2. Терроризм актысынын масштабдарына жана коомдук коркунучтуулук даражасына, күтүлүүчү кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша терроризмге каршы операцияны башкаруу үчүн республикалык же болбосо аймактык ыкчам штаб чакырылат.
24-берене. Ыкчам штабдын негизги компетенциялары
Ыкчам штаб:
1) даярдалып жаткан же жасалуучу терроризм актысынын мүнөзүн жана масштабын аныктоо максатында жагдай тууралуу маалыматтарды топтойт, жалпылайт, талдайт жана баалайт;
2) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү боюнча эсептерди жана сунуштарды даярдайт;
3) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү планын иштеп чыгат жана көрсөтүлгөн план бекитилгенден кийин анын аткарылышын контролдоону уюштурат;
4) күжүрмөн буйрукту, терроризмге каршы операцияны даярдоо жана жүргүзүү тартибин, терроризмге каршы операциянын укуктук режимин аныктоочу башка документтерди даярдайт;
5) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн жана каражаттардын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
6) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка чараларды көрөт.
25-берене. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө колдонулуучу күчтөр жана каражаттар
Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү үчүн ыкчам штаб төмөнкүлөрдүн зарыл болгон күчтөрүн жана каражаттарын тартууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн, ошондой эле абадан жана космостон байкоо жүргүзүүнүн атайын техникалык каражаттарын.
26 -берене. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасындагы укуктук режим
1. Терроризм актысына бөгөт коюу, анын кесепеттерин азайтуу жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн ыкчам штабдын жетекчисинин чечими боюнча терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасынын чектеринде ал жүргүзүлө турган мезгилге терроризмге каршы операцияны жүргүзүүнүн укуктук режими киргизилет жана жокко чыгарылат.
2. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасында укуктук режимди киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим токтоосуз жарыяланууга тийиш. Маалыматты жарыялоо өзүнө чектеринде мындай режим киргизилип жаткан аймак (объекттердин тизмеги) тууралуу маалыматтарды, көрүлүүчү чаралардын жана убактылуу чектөөлөрдүн тизмегин камтыйт.
3. Чектеринде терроризмге каршы операциянын укуктук режими киргизилген терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасында төмөнкүдөй чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга жол берилет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди текшерүү;
2) транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылын убактылуу чектөө же тыюу салуу, транспорт каражаттарын, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин транспорт каражаттарын чөлкөмдүн айрым участокторуна жана объекттерге киргизбөө, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу;
3) коомдук тартипти, мамлекет тарабынан күзөткө алынуучу объекттерди, калктын жашоо-тиричилигин жана транспорттун иштөөсүн камсыз кылуучу объекттерди, ошондой эле өзгөчө материалдык, тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулукка ээ болгон объекттерди кайтарууну күчөтүү;
4) тез медициналык жардамга муктаж адамдарды ташуу зарыл болгон учурларда, ошондой эле терроризм актысына катышкан адамдарды куугунтуктоо үчүн юридикалык же жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарын кошпогондо) пайдалануу;
5) жардыруучу, радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка коркунучтуу заттар пайдаланылган өндүрүштөрдүн жана объекттердин ишин токтото туруу;
6) байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу же байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын пайдаланууну чектөө;
7) убактылуу жайларга жайгаштыруу менен адамдарды коопсуз райондорго эвакуациялоо;
8) санитардык-эпидемияга каршы, ветеринардык жана башка карантиндик иш-чараларды жүргүзүү;
9) эгерде кечиктирүү адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч түзүшү мүмкүн болсо, терроризмге каршы операцияга катышып жаткан адамдардын кандай болбосун жайларга жана ага жанаша аймактарга, ошондой эле транспорт каражаттарына тоскоолдуксуз кирүүсү;
10) кирүүдө (чыгууда) адамдарды, предметтерди, буюмдарды жана транспорт каражаттарын кароону, анын ичинде атайын каражаттарды колдонуу менен кароону жүргүзүү;
11) куралды, ок-дарыларды, жардыруучу заттарды, атайын каражаттарды жана уулуу заттарды сатууга тыюу салуу, баңги каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын жана препараттарды, психотроптук же катуу таасир этүүчү заттарды, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүүнүн өзгөчө режимин белгилөө;
12) терроризмге каршы операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылган адамдарды, ошондой эле терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасына кирүүгө аракет кылууга же кирүүгө байланышкан иш-аракеттер үчүн укук коргоо органдарына жеткирүү.
4. Терроризмге каршы операциянын жүрүшүндө кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөргө жол берилет:
1) адамдарды кармоого;
2) абоненттер ортосундагы байланыш тууралуу маалыматты алууга;
3) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоого;
4) башка тергөө жана атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө.
5. Терроризмге каршы операция жүргүзүп жаткан адамдар терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасында терроризм актысын чектөө жана бөгөт коюу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат.
6. Терроризмге каршы операция зонасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жүрүүсүнө ыкчам штабдын жетекчисинин уруксаты менен гана жол берилет.
27-берене. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
1. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү учурунда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык баалуулуктарды сактоо, ошондой эле терроризм актысына бөгөт коюу мүмкүндүгүн иликтөө максатында террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилет.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыкчам штабдын жетекчиси атайын ыйгарым укук берген адамдарга гана жол берилет.
2. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө алардын терроризм актысын токтотуусу үчүн шарт катары террористтерге кандайдыр-бир адамдарды берүү, террористтерге курал-жаракты жана колдонулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон башка каражаттарды жана буюмдарды өткөрүп берүү жөнүндө маселелер, ошондой эле террористтердин саясий талаптарын аткаруу жөнүндө маселелер каралууга тийиш эмес.
3. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жасаган жосуну үчүн аларды жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт боло албайт.
4. Эгерде террорист (террористтер) менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө анын (алардын) терроризм актысын токтотууга макул болбогонунан улам сүйлөшүүлөр максатына жетиши мүмкүн болбосо жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч сакталса, ыкчам штабдын жетекчиси атайын каражаттарды, курал-жаракты, аскердик жана күжүрмөн техниканы колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
28-берене. Укук ченемдүү зыян келтирүү
Терроризмге каршы операцияга катышып жаткан адамдардын ал башталгандан тартып жана ал аяктаганга чейинки мезгилдеги өмүргө, ден соолукка, мүлккө жана укук менен корголуучу башка кызыкчылыктарга аргасыз зыян келтирүүгө байланышкан аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган шарттар сакталганда жосундун кылмыш-жаза укукка каршылыгын жокко чыгаруучу аракеттер болуп эсептелет.
29-берене. Терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо
1. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо ыкчам штабдын жетекчиси же көрсөтүлгөн штабдын коомчулук менен байланышты сактоо үчүн жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формада жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.
2. Төмөнкүдөй маалыматтарды таратууга жол берилбейт:
1) терроризмге каршы операция жүргүзүүнү кыйындатуучу жана терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасында калган же көрсөтүлгөн зонанын чегинен тышкары жүргөн адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;
2) терроризмге каршы операцияга катышкан адамдар жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө;
3) терроризмге каршы операцияны жүргүзүүнүн атайын техникалык ыкмаларын жана тактикасын ачып көрсөтүүчү;
4) терроризмди пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу.
30-берене. Терроризмге каршы операциянын аякташы
1. Терроризм актысына бөгөт коюлганда (токтотулганда) жана терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасында калган адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана мыйзам менен корголуучу башка кызыкчылыктарына коркунуч жоюлганда терроризмге каршы операция аяктады деп эсептелет.
2. Терроризмге каршы операциянын аякташы жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кабыл алат.
31-берене. Адамдар терроризм актысын жасашынын натыйжасында каза болгондо алардын сөөгүн коюу
1. Адамдар терроризм актысын жасашынын, алар жасаган терроризм актысына бөгөт коюунун жана (же) аларды кармоонун натыйжасында алар каза болгондугуна байланыштуу аларга карата кылмыш-жаза куугунтугу кыскартылган адамдардын сөөгүн коюу Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын сөөгү коюу үчүн берилбейт жана алардын сөөгү коюлган жер жөнүндө билдирилбейт. Көрсөтүлгөн адамдардын каза болгондугун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Терроризм актысынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо
32-берене. Терроризм актысынын же ага бөгөт коюунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу
1. Терроризм актысынын натыйжасында келтирилген материалдык залалдын ордун толтуруу жана (же) моралдык зыянды компенсациялоо кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык залалды компенсациялоо Министрлер Кабинети белгилеген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Терроризм актысын жасоого катышкан адамга материалдык залалдын орду толтурулбайт.
33-берене. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо
1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле ушул Мыйзамдын 34-беренесинде саналган адамдарды реабилитациялоо мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Реабилитациялоо өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акысыз укуктук, социалдык, психологиялык, медициналык жана башка жардамды камтыйт.
7-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдарды укуктук жана социалдык коргоо
34-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш болгон адамдар
1. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда болот.
2. Төмөнкүлөр укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш:
1) терроризмге каршы күрөшүүгө түздөн-түз катышып жаткан (катышкан) аскер кызматчылары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана адистери;
2) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга террористтик иштин алдын алууда, аныктоодо, бөгөт коюуда жана анын кесепеттерин азайтууда туруктуу же убактылуу негизде көмөк көрсөткөн адамдар;
3) ушул беренеде саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.
35-берене. Терроризмге каршы күрөшүүгө катышкан адамдарды коргоо
Терроризмге каршы күрөшүүнү түздөн-түз жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин жана терроризмге каршы күрөшүүгө көмөк көрсөткөн адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурда алар "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголот.
8-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
36-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырат.
9-глава. Корутунду жоболор
37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин Тоо” газетасынын 2022-жылдын 8-июлунда № 60-61 жарыяланган
2. Министрлер Кабинети:
1) алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чечимдерди даярдасын жана кабыл алсын.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 6-февралындагы № 39 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 112-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-мартындагы № 83 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 214-ст.);
4) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1051-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майындагы № 83 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 512-ст.);
6) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1244-ст.);
7) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 880-ст.);
8) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-майындагы № 82 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 400-ст.);
9) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 12-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |