Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 22-майы № 73
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жатат.";
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер каттоого жатат:
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.смден кем эмес;
- максималдуу конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 кмден ашкан;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү·үчүн арналган электр кыймылдаткычы бар жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кгдан ашкан.
Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаттары менен сүйрөлүүчү чиркемелер, жарым чиркемелер да каттоого жатат.";
4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин мамлекеттик техникалык инспекциясынын" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 25-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүдөй берилет:
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВтка чейинки каз тамандуу жана дөңгөлөктүү тракторлорду ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВттан 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү тракторлорду ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси бар он жети жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан жогору дөңгөлөктүү тракторлорду ("В" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВттан жогору каз тамандуу тракторлорду ("Г" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- өзү·жүрүүчү айыл чарба машиналарын ("Д" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.мге чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.мден жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е1" категориясы) - "А", "Б", "В", "Е" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смден жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смден жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашкан мотоциклдерди ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- мотордоштурулган трициклдерди жана квадроциклдерди ("В1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- уруксат, берилген максималдык массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди ("С1" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди ("С" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу·үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди ("ВЕ" категориясы) - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган "С" категориясындагы автомобилдерди ("СIЕ категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз·айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, "С" категориясындагы автомобилдерди ("СЕ" категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан. бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган "D1" категориясына тиешелүү автомобилдерди ("DIE" категориясына тиешелүү) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан "D" категориясындагы автомобилдерди ("DE"' категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.
Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 224-1-статья менен толукталсын:
"224-1-статья. Ээлери тарабынан жер үстүндө жүргүзүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелеринин бузулушу
Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин сактабаганда жана өз убагында каттоодон өткөрбөөсү, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салынган жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү администрациялык айыптарды өндүрүп алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт·тарабынан аныкталат.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 546-4-статья менен толукталсын:
"546-4-статья. Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 224-1-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери.".
3. 556-1-статьянын 2-бөлүгүндө "546-3" деген сан "546-4" деген санга алмаштырылсын.
4. 624-статьянын экинчи абзацында "мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |