Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 25-июну ПЖ № 122
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кайра уюшулгандыгына байланыштуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ.
1. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жободо:
17-пункттагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
19-пункттун 2-пунктчасындагы "жана Иш башкармасынын аппарат жетекчисинин" деген сөздөр алып салынсын;
21-пункттагы ", аппарат жетекчиси" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы "мекемелер" деген сөз "мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 172 "Арген" бакча-яслиси мектепке чейинки мекемеси" мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 27 "Звездочка" балдар бакчасы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына.";
- 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пунктта:
"ишканалар менен мекемелерди" деген сөздөр "ишканалар менен мекемени" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп бериле турган мектепке чейинки мекемелерден тышкары" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган Жарлыктын тиркемесинде:
"ишканалардын жана мекемелердин" деген сөздөр "ишканалардын жана мекеменин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8- жана 9-пункттар алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |