Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 13-майы ПЖ № 111
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43, 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82, 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердигин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.
(КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43 , 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246 , 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
|