Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 13-декабры № 14
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде Эңилчек айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Эңилчек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2.Токтом ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына катталсын.
3.Токтом жалпыгы маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органдарына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин төрага орун басары А.Чолпонбаевага жүктөлсүн.
Төрагасы: | К.Кылчыкбаев |
| БЕКИТИЛДИ Энилчек айылдык кеңешинин № 14 токтому XVI-чакырылышынын Кезексиз VI -сессиясы, “13” декабры 2013-жыл. |
Энилчек айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын
Уставы
1.Жалпы жоболор
2.Негизги түшүнүктөр жана терминдер
3.Айылдык аймактын территориясы жана чек арасы
4.Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты
5.Жергиликтүү жамаатка мүчөлүккө өтүүнүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
6.Жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
7.Жергиликтүү жамааттын өз алдынча башкарууга укугу
8.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги принциптери
9.Жергиликтүү маанидеги маселелер
10.Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү
11.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
12.Айылдык Кеңеш
13.Депутаттардын шайлоочулар менен иш алып баруусу
14.Айыл өкмөтү
15.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
16.Жергиликтүү жамааттын курултайы
17.Жергиликтүү жамааттын ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
18.Ченемдик-укуктук актынын долбоорун демилге катары көтөрүп чыгуунун тартиби
19.Жергиликтүү жамааттын жыйыны (чогулушу)
20.Жыйындарда (чогулуштарда), коомдук угууларда каралган маселелер
21.Жыйындардын (чогулуштардын), коомдук угуулардын мезгилдүүлүгү
22.Жыйындарды (чогулуштарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгеси
23.Жыйындарды (чогулуштарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
24.Жыйындарды (чогулуштарды), коомдук угууларды уюштуруу тартиби
25.Жыйындарды (чогулуштарды), коомдук угууларды өткөрүү тартиби
26.Жыйындарда (чогулуштарда), коомдук угууларда маселелерди кароонун өзгөчөлүктөрү
27.Жыйындардын (чогулуштардын), коомдук угуулардын укуктуулугу
28.Жергиликтүү жамааттын элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
29.Элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча демилгелүү топтор
30.Элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы
31.Биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарына биргелешкен мониторинг жана аларды баалоо
32.Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги
33.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен мамилеси
34.Эларалык жана тышкы экономикалык байланыштар
35.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган шыктандыруу чаралары
36.Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
37. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
Биз, Энилчек айылдык аймагынын (мындан ары - айылдык аймак) территориясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын колдонмо катары алып, ошондой эле:
-биздин айылдын жана айылдык аймактын гүлдөшүнө, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн гармониялуу руханий жана физикалык өнүгүүсүнө жетүү максатында;
-биздин айылдагы жарандардын эмгек, эс алуу жана жашоосу үчүн татыктуу шарттарды түзүү максатында;
-айылдык аймактын чегинде бирдикти, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын гармониясын, жарандык баш ийүүчүлүктү жана коомдук тартипти камсыздоого умтулуп;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана суверенитетин бекемдөө ниетин билдирүү менен анын Конституциясын жана мыйзамдарын сактап;
-өз жоопкерчилигибиздин алдында өз конституциялык укугубузду ишке ашыруу менен айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын ушул Уставын кабыл алабыз.
1.1 Энилчек айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы (мындан ары - Устав) мындан ары Энилчек айылдык Кеңеши кабыл алган айылдык аймактын негизги ченемдик-укуктук актысы болуп эсептелет.
1.2 Ушул Устав КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү жамааттын тиричилик аракетин уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин жана КР мыйзамдары менен жөнгө салынбаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүнүн башка маселелерин регламенттештирет.
1.3 Ушул Устав айылдык аймактын территориясында күчкө ээ жана аны айылдык аймактын территориясында иш алып барган, уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке тараптар жана алардын бирикмелери аткарууга милдеттүү
Ушул Уставда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Айылдык Кеңеш- айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы;
Айыл өкмөтү – айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы;
Жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү, тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелери;
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча демилгелүү топ – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы максаттар менен бириккен жана бир айылдык аймакта жашаган үч жана андан ашуун жарандардын ыктыярдуу бирикмеси;
Жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктагы маанилүү маселелерди талкуулоо максатында айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн чогулушу;
Жергиликтүү жамаат - айылдык аймактын территориясында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен КР жарандары;
Муницииалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги;
Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар - КР мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык Кеңеш тарабынан киргизилген салыктар жана жыйымдар;
Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси - жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн (үчтөн биринен кем эмес) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укугу;
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары - айылдык аймактын территориясында туруктуу жашаган, ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде өз алдынча чечүүгө жана ишке ашырууга багытталган, жергиликтүү жамааттын ыктыярдуу бирикмелери;
Жарандардын жыйыны (чогулушу) - калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы;
Коомдук угуулар - бул жамааттын жашоосундагы маанилүү маселелерине карата калктын пикирин изилдөө, кеңеш алуу жана маселени/көйгөйдү/ чечүүдө оптималдуу, тен салмактуу чечим кабыл алуу үчүн ачык талкуу формасында уюшкан иш-чара;
Элеттин көйгөйлөрүн биргелешип апыктоо - бул калктын пикирин жана кызыкчылыктарын эсепке алуу менен маалыматты биргелешип чогултуу, аны анализдөө жана ишти пландаштыруунун планы
3.1. Айылдык аймактын территориясы өзүнө айылдык аймактын административдик-территориалдык чек аранын чегиндеги жерлерди камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы өзүнө төмөнкү айылдарды камтыйт:
Энилчек .
- Ташкороо
- Кургак
- Койлуу
- Май-Саз
- Кен-Суу
- Эчкилиташ
4.1. Энилчек айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын айылдык аймагынын территориясында туруктуу жашаган, жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен КР жарандары түзөт.
4.2. Жергиликтүү жамаат мүчөлөрү 18 жаштан жогору, жынысына, расасына, улутуна. тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз жана/же алар түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Эл аралык жана республикалык биримдиктерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду орнотууга укуктуу.
Символдордун сүрөттөлүшү жана аларды колдонуунун тартиби айылдык Кеңештин ченемдик-укуктук актылары менен орнотулат.
5.1. КР жаранын айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте айылдык аймактын территориясында жашаган жери боюнча катталган фактысы негиз болуп берет.
5.2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүдө ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жүйөлөрдөн тышкары кандайдыр бир башка шарттарды орнотууга жол берилбейт.
5.3. Жергиликтүү жамааттын аймагында туруктуу жашаган жери бар чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого катышуу жана шайлануу укугунан башка Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болгон укуктарга жана милдеттемелерге ээ.
5.4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн төмөнкү учурда чыгат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- дайынсыз жок болду деп тапканы тууралуу чечими мыйзамдык күчкө ээ болгондон кийин;
- өлгөн учурда;
- айылдык аймактын чегинен чыгып, башка жерде туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткенде.
6.1. Жергиликтүү жамаат мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана шайланууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары профессионалдык негизинде (муниципалдык кызмат) же башатында өзүнүн иш жүргүзүүсүн ишке ашырууга;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунда керектүү маселелер боюнча шайланган өкүлдөр аркылуу жана/же түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө катышат;
- ченемдик-укуктук акттардын долбоорлору боюнча демилге көтөрүп чыгып, аны айылдык Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду уюштурууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызматтык адамдарына жеке кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен индивидуалдык жана жамааттык кайрылууларды жолдоого;
- мамлекеттик жашыруун сырга, ошондой эле жашыруун маалыматка (кызматтык сыр) киргизилген маалыматтардан башка, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды (документтерди жана материалдарды) оозеки же кат жүзүндө суроого;
- айыл өкмөт башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жарым жыл жана/же жыл ичинде жасаган иштеринин натыйжалары тууралуу маалыматты сурап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же кат түрүндө кайрылууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн берилген жеңилдиктерди колдонууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн бардык шарттарды, ошондой эле жамааттын муниципалдык менчигинде турган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызматтарын бекитилген тартипте пайдаланууга;
- айылдык Кеңештин жана айыл өкмөтүнүн элдик жыйындарына (чогулуштарына), курултайларына, ачык сессияларына, айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн торктарга, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына жетекчинин макулдугу менен активдүү катышууга, өз оюн эркин айтууга жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштарын киргизүүгө;
- ушул Уставдагы эрежелерди жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына) кайрылууга;
- жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук-пайдалуу иш-чараларга катышууга (ашарлар, ишембиликтер);
- ушул Уставда каралган учурларда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Реснубликасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка бардык укуктарын колдонууга.
- Кыргыз Реснубликасынын мыйзамдарында каралган учурлардан башка жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууда жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте кайра каралса болот.
6.2. Жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Конституцияны,КР башка ченемдик-укуктук акттарын жана ушул Уставды бекем сактоого;
- Жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин урматтого;
- муниципалдык менчикте турган жерлерди, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын, жылуулук жана энергиянын башка түрлөрүн, мүлктү рационалдуу пайдаланууга.
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамаатгары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңештер жана айыл өкмөтү аркылуу ишке ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
• коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;
• жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
• ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилуу маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу темөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
• мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
• мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
• өзун-өзу камсыз кылуу. өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
• жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
• жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
• коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
• тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
• өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы.
9.1. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген жергиликтүү маанидеги негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет:
· Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү, анын аткарылышына көзөмөл;
· айылдык аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыздоо, айылдын инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
· жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
· муниципалдык менчикке ээ болуу, колдонуу жана башкаруу, турак-жай коммуналдык чарбачылыктын ишин жана өнүгүүсүн уюштуруу жана айылды көрктөндүрүү;
· ишкерчиликти колдоо жана өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү;
· турак-жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн шарт түзүү;
· бирдиктүү шаар куруу саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
· муницииалдык жерлерди рационалдуу пайдалануу, шаар куруунун жана архитектуранын нормалары менен эрежелеринин сакталышын камсыздоо;
· калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
· калкты ичүүчү суу менен жабдуу, (ошондой эле калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутуму бар болсо, анын ишин камсыз кылуу);
· жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
· көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
· жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
· сейил бактардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
· турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
· муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык аймактын калктуу конуштарынын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу
· жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
· жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
· коомдук тартипти сактоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды ишке ашыруу;
· элдик керкөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
· бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
· балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
· дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
· жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды ишке ашыруу;
· айыл тургундарын активдүү эмгекке тартуу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
· жергиликтүү жамааттын аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан программалар, айылдык кеңеш кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматка ээ болуусун камсыздоо;
· жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн (демилгелүү топторун) айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоорлорду, жергиликтүү жана башка программаларды иштеп чыгуу процессине, айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомдук пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга тартуу;
· тышкы экономикалык мамилелерди орнотуу жана макулдашууларды түзүү.
9.2.КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
10.1. Айыл өкмөт башчысы Кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга, бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана берүү менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
10.2. Айыл өкмөт башчысы тарабынан бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөрүп берүү, максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
11.1. Энилчек айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүн калктын атынан Конституциянын, КР мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоболорунун негизинде ишке ашырат.
11.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим чыгарат жана алар үчүн жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчиликти алат.
11.4. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу адамдары жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелип, окутуучулук, илимий, чыгармачылыктан тышкаркы акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституцияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук акттарына, ушул Уставга шайкеш келбеген акттарды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коомпсуздукка түз коркунуч жараткан аракеттерди жасоого, мындан тышкары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттерди жасоого, улуттар аралык жана диний араздашууга үгүттөөгө жана аны тутандырууга укугу жок.
12.1. Энилчек айылдык Кеңеши - мыйзам менен белгиленген тартипте түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
12.2. Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп эсептелет жана КР мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана айылдык кеңеш тууралуу Жобонун компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
12.3. Айылдык Кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы - сессия. Сессиялардын тартиби жана мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламенти жана мыйзамдар менен аныкталат.
12.4. Айылдык Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияга катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сыр болуп эсептелсе, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
12.5. Айылдык Кеңеш сессия өтчү күн жана анын күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу жарандарды алдын-ала кабардар кылууга, алардын сессияга катыша алуусу үчүн шарт түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү жамаатка кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат жеткирүүгө милдеттүү.
12.6. Айылдык Кеңештин ишин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамдар жана айылдык кеңештин Регламенти менен аныкталат.
13.1. Айылдык Кеңештин депутаттарын шайлоо жана алардын өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун тартибин мыйзам аныктайт.
13.2. Айылдык Кеңештин депутаты өз шайлоочулары менен туруктуу байланышты кармап турууга милдеттүү. Аларды айылдык Кеңештин иши жана шайлоочулардын тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап турат, ага түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, жарандарды кабыл алат, айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга багытталган башка иштерди аткарат.
13.3. Жергиликтүү Кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес, өз иши жана айылдык кеңештин иши тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берип турат.
13.4. Депутат отчетту шайлоочулардын талабы боюнча каалаган убакытта бериши мүмкүн.
13.5. Депутат отчетту тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйынында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка чогулуштарында берет. Отчет бериле турган күн жана жер тууралуу депутат жергиликтүү кеңешти жана жергиликтүү жамаатты маалымдайт.
13.6. Депутатка отчет берүү жана жергиликтүү жамаат менен жолугушуу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт.
13.7. Жергиликтүү кеңеш депутаттардын жергиликтүү жамаат алдында отчет бере турган болжолдуу мөөнөттөрдү аныктайт, аларды отчет үчүн зарыл болгон маалыматтык материалдар менен өз убагында камсыздайт.
13.8. Депутаттардын шайлоочуларга бере турган отчетуна байланыштуу чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
13.9. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттардын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна, шайлоочуларга отчет берүү жана ага даярдык көрүүгө көмөктөшөт.
14.1. Айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
14.2. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелет жана КР мыйзамдары менен анын компетенциясына кирген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын уюштуруу тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы, жергиликтүү жамааттын Уставы жана айылдык Кеңеш бекиткен айыл өкмөтү тууралуу Жобо менен аныкталат.
14.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде - айыл Кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
14.4. Айыл өкмөтү айыл Кеңешинин депугаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
15.1 Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү өз ара жардам көрсөтүү, турак жай-тиричилик, социалдык, экономикалык, маданий милдеттерин биргелешип чечүү, өз укуктары менен таламдарындагы да натыйжалуу ишке ашыруу максатында өз ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн жашаган жерлери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну түзө алат.
15.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи райондордун, турак жай комплекстеринин, көп кабаттуу уйлөрдүн, көчөлөрдүн, кварталдык комитеттердин, жамааттардын кеңештеринде жана комитеттеринде, Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда ишке ашырылат.
15.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун территориясынын чек арасына йылдык кеңеш жашоочулардын сунуштарын эсепке алуу менен орнотот.
15.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу айылдык кеңеште каттоодон өткөндөн кийин өз макамын алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу юридикалык жактын макамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында орнотулган тартипте алууга укуктуу.
16.1. Жамаат мүчөлөрүнүн талкуусун талап кылган, жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча жамааттык чечимдерди кабыл алуу үчүн айылдык аймактын территориясында жыйындарда жана жарандардын чогулуштарында ушул Уставга ылайык шайланган жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен тандалган делегаттардын жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) өткөрүлөт.
16.2. Курултай жергиликтүү жамааттын турмуштук маанилүү маселелерин кароого укуктуу, анын ичинде:
· жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
· аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо долбоорлору;
· жергиликтүү жамааттын аймагында өзүн-өзү каржылоонун, камсыздоонун, жөнгө салуунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
· жергиликтүү бюджетти, жергиликтүү жамааттын бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу, ошондой эле муниципалдык менчикти колдонуу жана өнүктүрүү;
· коомдук тартипти сактоо боюнча негизги эрежелерди жана чараларды орнотуу,
· жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган иш-чараларды уюштуруу
· жана өткөрүү;
· коомдук кызыкчылыктарда жергиликтүү жамааттын күчүн жана каражатын мобилизациялоонун тартибин жана шарттарын орнотуу;
· жергиликтүү жамааттын турмушуна тиешелүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына карама-каршы келбеген башка маселелерди кароо.
16.3. Курултайдын чечимдерди сунуш мүнөзүндө болот жана айылдык Кеңеш менен айыл өкмөт башчысы милдеттүү тартипте карайт. Курултайды чакыруу, күн тартиби жана аны өткөрүү мөөнөтү тууралуу чечимди айылдык Кеңеш кабыл алат.
16.4. Курултайга делегаттар айылдык жыйындарда (чогулуштарда) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жараша жана айылдык аймактын территориясынын өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен айылдык кеңеш орноткон өкүлчүлүктөрдүн нормасына ылайык шайланат. Эгерде айылдык аймактын территориясы бирден ашуун калктуу конуштан турса, анда өкүлчүлүктөрдүн нормасы ар бир айылдан анын калкынын санына пропорционалдуу эсептелиш керек.
16.5. Курултайдын күн тартибин көрсөтүү менен курултай чакыруу демилгесин айылдык кеңеш, айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү жамааттын демилгелүү тобу көтөрө алат. Мында жергиликтүү жамааттын демилгелүү тобу айылдык Кеңешке жана айыл өкмөт башчысына жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бери дегенде 15 пайызы кол койгон барактарды тапшырыш керек. Мында аймагында бирден ашуун калктуу конуш жайгашкан айылдык аймакта кол коюлган барактарды ар бир калктуу конуштун тургундарынын 15 пайыздан кем эмеси кол коюш керек.
16.6. Жергиликтүү жамааттын демилгелүү тобунун сунушунун негизинде курултай чакыруудан баш тартуу чечимин сотко берүүгө мүмкүн.
16.7. Курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001- жылдын 2-майындагы №152 Жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы” жөнүндө Жобосу менен аныкталган.
17.1. Жергиликтүү жамаат мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укуктуу. Жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси тартиби жергиликтүү Кеңешке киргизилген жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жергиликтүү жамааттын демилгечилеринин жана башка өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен каралууга тийиш.
17.2. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү ээ.
17.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга мыйзам тарабынан орнотулган тартипте жарамсыз деп табылган, ошондой эле соттун чечими менен эркинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
17.4. Элдик демилгени КР бардык аймактарына же Энилчек айылдык аймагынын территориясында киргизилген аскер шарттарында же чукул кырдаал абалында ишке ашыруу жол берилбейт.
17.5. Элдик демилгенин тартибинде КР мыйзамдарына карама-каршы келген ченемдик-укуктук акттардын долбоорлору киргизилбейт.
18.1. Ченемдик-укуктук акттын долбоорун айылдык Кеңешке киргизүү сунушу менен чыккан жергиликтүү жамаат мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы 5 кишиден кем эмес демилгелүү топ түзөт. Энилчек айылдык аймактын территориясында жашаган, 18 жашка толгон жергиликтүү жамаат мүчөлөрү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат.
18.2. Демилгелүү топ ченемдик-укуктук актынын долбоорун айылдык кеңешке киргизүү сунушу үчүн кол чогултуу, аны айылдык кеңеш карап жатканда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоо, ошондой эле ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кеңештен чакыртып алуу үчүн түзүлөт.
18.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
· айылдык Кеңешке ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү демилгесин колдоого кол чогултууга;
· элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу жайылтууга;
· ченемдик-укуктук актынын долбоорун айылдык Кеңешке киргизүү сунушуна байланыштуу чогулуштарда, массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле жарандардын колун топтоо учурунда жүргүзүүгө.
18.4. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өз ичинен ачык добуш берүү аркылуу алардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен демилгелүү топтун координаторун тандоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун жыйынынын чечими протокол менен түзүлөт, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коёт.
18.5. Демилгелүү топтун координатору төмөнкүлөргө укуктуу:
· демилгелүү топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоого;
· демилгелүү топтун ишин координациялоого.
18.6. Демилгелүү топтун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.7 Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоорун жүйөлөрү менен даярдаган соң чогултула баштайт.
18.8. Ченемдик-укуктук актынын долбоорун демилгелүү топ элеттик жыйындарда (чогулуштарда), жеткиликтүү болгон коомдук жерлерде же жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялоо аркылуу ачыктай алат.
18.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө таандык. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар демилгелүү топтун каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоп жүргөн демилгелүү топтун мүчөлөрү айылдык кеңешине киргизүүгө сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстин таанышып чыгуусу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
18.10. Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жеринде, ошондой эле башка жерлерде ишке ашырылса болот.
18.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү ченемдик укуктук актынын долбоорун. колдоп, бир гана жолу кол коюга, ошондой эле айылдык кеңешке кол коюлган барактар берилгенге чейин демилгелүү топко арыз жазуу аркылуу колун кайтарып алууга укуктуу.
18.12. Демилгелүү топ ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кеңешке жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү кол коюп бергенин тастыктаган кол топтоо аяктагандан кийин киргизет.
18.13. Ченемдик-укуктук актынын долбоорун киргизгенге чейин демилгелүү топ айылдык кеңештин төрагасына ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенештин кезектеги (же кезексиз) сессиясында демилгелүү топтун катышуусу менен карап чыгуу тууралуу арыз менен кайрылат.
18.14. Ченемдик укуктук актынын долбоорун карап чыгуу тууралуу арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- айылдык Кеңешке ченемдик-укуктук актынын долбоорун киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун чогулушунун протоколу;
- төмөнкү маалыматтарды камтыган демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси: аты, жөнү, атасынын аты, туулган күнү, жашаган жери (туруктуу же убактылуу), паспорттун сериясы жана номуру;
- ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- жүйө келтирилген маалымдама;
- салыштырмалуу таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизген учурда) же жаңы редакциясы;
- төмөнкү маалыматтарды камтыган кол коюлган барак: аты, жөнү, атасынын аты, туулган күнү, жашаган жери (туруктуу же убактылуу), паспорттун сериясы жана номуру, айылдык кеңешке киргизүү үчүн демилгелүү топ тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актынын долбоору үчүн коюлган колу.
18.15. Элдик демилге тартибинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кеңеш милдеттүү түрдө карайт. Бул долбоор демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат. Жергиликтүү жамааттын каалаган мүчөсү айылдык кеңештин сессиясына катышууга укуктуу.
18.16. Айылдык Кеңеш ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда да жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоору күчүндө кала берет жана жаңы чакырылыштагы айылдык кенеш милдеттүү түрдө карайт.
18.17. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоору айылдык кенеште каралганга чейин чакыртып алынса болот. Чакыртып алуу тууралуу чечим демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
18.18. Ченемдик- укуктук актынын долбоорун чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда демилгелүү топ бул тууралуу долбоорго кол койгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн айылдык жыйындарда (чогулуштарда), же массалык маалымат каражаттары аркылуу ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алуунун себептерин жүйөлөрү менен түшүндүрүп берип маалымдайт.
18.19. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга. ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кеңешке киргизүүгө үгүттөөгө зомбулук, коркутуу, алдоо, пара берип сатып алуу жолдору менен тоскоолдук жасагандар, ошондой эле документтерди жасалма жасаган, кол коюлган барактарда жарандардын колун бурмалап өзгөрткөн мамлекегтик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтагы адамдары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында орнотулган жоопкерчиликке тартылат.
19.1. Олуттуу мааниге ээ маселелер, айылдык Кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматын угуу жана талкуулоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар өткөрүлөт, алар боюнча сунуштар кабыл алынат.
19.2. Чогулуштардын (жыйындардын), коомдук угуулардын сунуштарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү чогулуштарда (жыйындарда), коомдук угууларда өкүлдөрдүн катышуусу менен каралат.
19.3. Чогулуштарга (жыйындарга), коомдук угууларга даярдык, аны өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ушул Устав менен орнотулган тартипте ачык жана айкын ишке ашырылат.
19.4. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды каржылоо жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен ишке ашырылат.
Чогулуштарда (жыйындарда), коомдук угууларда төмөнкү маселелер каралат:
· жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ченемдик-укуктук актынын долбоору;
· айылдык аймакты өнүктүрүү пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде ага өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
· жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы тууралуу отчет;
· айылдын, кварталдын, көчөнүн аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;
· жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана башкаруунун тартибин аныктоо;
· таза сууну, сугат сууну колдонуу ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу ж.б. үчүн тарифтерди бекитүү;
· турак жай фондун, турак жай коммуналдык чарбачылыкты өнүктүрүү жана көчөнүн, кварталдын, айылдык аймагын көрктөндүрүү;
- аймактагы курулуштардын башкы планы, архитектуранын жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселеси;
· жергиликтүү жамаат көтөрүп чыккан демилгелер (элдик демилге), ченемдик укуктук актынын долбоорлору;
· айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөт башчысынын жана айыл башчысынын өз ишинин натыйжалары (жыл, жарым жыл, квартал үчүн) тууралуу маалыматты угуу;
· айылдык аймактын территориясынын чегиндеги айылдык аймакты, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын орнотуу жана өзгөртүү, административдик борборду орнотуу жана которуу, калктуу пункттардын категориясын аныктоо, айылдык аймакка, айылга, көчөгө ат берүү же аталышын өзгөртүү, ошондой эле алардын жазылышынын транскрипциясын өзгөртүү тууралуу маселени талкуулоо;
· жергиликтүү жамааттын турмушун камсыздоого байланышкан башка маселелер.
Чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар айыл өкмөтү тарабынан зарыл болгон учурда, бирок жылына 2 жолудан кем эмес, ошондой эле чогулушту (жыйынды), коомдук угууну өткөрүү тууралуу демилге көтөргөндүн талабы менен уюштурулат. Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон маселелерди чечүү үчүн чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды айыл өкмөт башчысы кызыкдар тараптарга алдын ала маалымат бербестен уюштура алат.
22.1. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгесин демилгелүү топтор (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү), коомдук бирикмелер, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңеш көтөрүп чыга алат.
22.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелген ар бир жаран чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү боюнча курамы 10 кишиден кем эмес демилгелүү топ түзүүгө укуктуу.
22.3. Эгерде чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү тууралуу демилгени демилгелүү топ, коомдук бирикме, айылдык аймактын территориясында иш алып барган аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, айылдык кеңештин депутаттары көтөрүп чыкса, анда жогоруда айтылган субъекттер айыл өкмөт башчысына кайрылуу жолдоп, анда алар кайрылууда белгилеген маселе (маселелер) боюнча чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү зарылчылыгын көрсөтүшөт.
22.4. Эгерде чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгесин айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңеш көтөрүп чыкса, анда чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү тууралуу чечимди айыл өкмөт башчысы же жергиликтүү кенеш өз алдынча тиешелүү кайрылуусуз эле кабыл алат.
23.1 Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан субьекттердин кайрылуусунда төмөнкүлөр болуш керек:
· чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү зарылчылыгы тууралуу жүйөө;
- иш-чаранын катышуучуларынын болжолдуу курамы (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын жашоочулары);
- иш-чара өтө турган болжолдуу жер;
- кароого чыгарылып жаткан маселе (маселелер);
- коомдук угууларды өткөрүп жаткан демилгечилердин аты-жөнү, атасынын аты көрсөтүлгөн маалыматтар.
23.2. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан субъекттердин кайрылуунун айыл өкмөт башчысы алардын өкүлдөрүнүн катышуусунда караш керек.
23.3. Кайрылууну карап чыккандын натыйжасы боюнча айыл өкмөт башчысы чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү жана аны жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен өткөрүүнү уюштуруу туралуу чечим кабыл алат же аны өткөрүүдөн баш тартат.
23.4. Айыл өкмөт башчысы чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
- ушул Уставдын 31-пунктундагы 31.1 пункт алдында көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
- чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү тууралуу кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди башка мыйзамдуу жолдор менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар болгонуна байланыштуу аларды талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер КР мыйзамдарындагы нормаларга жана ушул Уставга каршы келсе айыл өкмөтүнүн чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу чечимин кызыкдар тарапта сотко берсе болот.
24.1. Айыл өкмөт башчысынын чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү тууралуу чечими менен төмөнкүлөр орнотулат:
- иш-чара өтчү жер, күнү жана мөөнөтү;
- суроолордун формулировкасы жана (же) ченемдик укуктук акттардын долбоорлорунун же коомдук угууга чыгарылып жаткан ченемдик укуктук акттардын аталышы;
- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар жактардан эскертүүлөрдү жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
24.2. Айыл өкмөт башчысы иш-чарага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдардын, айылдын, айылдардын) тургундарын демилгечи, чогулуштарга (жыйындарга), коомдук угууларга чыгарылып жаткан маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, жери, күнү жана убактысы тууралуу иш-чарага чейин бери дегенде 5 күн мурда маалымдоону уюштурат. Бул үчүн массалык маалымат каражаттарын, почталык маалымдоону, короолорду (батирлерди) кыдырып чыгуу, жарыя берүү жана башка мүмкүн болгон каражаттарды колдонот;
- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдардын, айылдын, айылдардын) тургундарынын жана өткөрүлө турган иш-чарага катышуу ниетин билдирген башка кызыкдар мамлекеттик органдардын, физикалык жана юридикалык жактардын иш-чарага эркин катышуусун камсыздайт;
- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан чогулуштарга (жыйындарга), коомдук угууларга чыгарылып жаткан маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кат жүзүндө сурайт. Документтер уюштуруучуга өтүнүч жолдонгондон 10 күндөн кеч эмес убакытта берилет;
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эскперттик иштерди аткаруу үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- жергиликтүү жамааттан чогулуштарга (жыйындарга), коомдук угууларга чыгарылып жаткан маселе же ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча аларда болгон сунуштарды жана эскертүүлөрдү кабыл алат;
- көз карандысыз эксперттерден, кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү анализдейт жана жалпылаштырат, андан сон чогулуштарга (жыйындарга), коомдук угууларга алып чыгат;
- иш-чара башталганга чейин 5 күндөн кем эмес убакытта катышуучулардын жана сөз суйлөй тургандардын тизмесин түзөт (иш-чарада сүйлөй тургандардын тизмесине кирген катышуучулар бул тууралуу алдын ала маалымдалат);
- чогулуштардын (жыйындардын), коомдук угуулардын катышуучуларын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана документтерди түзүүнү камсыздайт;
- чогулуштарда (жыйындарда), коомдук угууларда кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорун даярдайт;
- иш-чарага даярдык көрүүдө жана аны уюштурууда чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүүнүн демилгечилери менен биргелешип аракеттенет.
25.1.Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү үчүн төрага жана катчы шайланат, зарыл болгон учурда добуштарды эсептөө үчүн Эсеп палатасы шайланат. Катышуучулардын ичинен көпчүлүктүн добушу менен күн тартиби бекитилет.
25.2. Төрага иш-чараны жүргүзүп, күн тартибиндеги маселени талкуулоонун тартибине, иш процессинде регламенттин сакталышына көз салат.
25.3. Иш-чара төрагалык кылып жаткандын (алып баруучунун, модератордун) кыскача кириш сөзү менен башталат. Ал өзүн, катчысын тааныштырып, талкууланып жаткан маселенин өзөгү, анын мааниси жана иш-чараны өткөрүүнүн тартиби (иш-чаранын регламенти) тууралуу маалымдайт.
25.4. Кайрылуунун, берилген эскертүүлөрдүн жана сунуштардын (эгер болсо) негизинде даярдалган жана тиешелүү сунуштардын долбоорун камтыган, талкууланып жаткан маселе боюнча маалыматты угушат.
25.5. Сөзүн бүткөн соң доклад менен чыкканга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу адамдарына жана компетенциясына белгиленген маселелерди чечүү кирген башка адамдарга иш-чаранын катышуучулары ооз эки да, кат түрүндө да регламенттин талаптарын сактоо менен суроолор узатылышы мүмкүн.
25.6. Сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү табыштаманын түшкөн тартибине же болбосо регламенттин алкагында кол көтөрүү менен эл алдына чыгууну каалаган катышуучуларга берилет.
25.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылып жаткан адам тыныгуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
25.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чара өтүп жаткан күн жана жери, катышып жаткан жарандардын жалпы саны же чакырылгандардын ичинен өкүлдөрдүн жалпы саны, күн тартиби, сүйлөгөн сөздөрдүн мазмуну, кабыл алынган сунуштар көрсөтулөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчы кол коёт. Чогулуштардын (жыйындардын), коомдук угуулардын сунуштары ачык добуш берүүдө катышып жаткандардын санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
25.9. Угуулардын протоколуна талкуунун жүрүшүндө айтылган, талкууланган маселелердин ар бири боюнча иш-чаранын катышуучуларынын турумдары жана пикирлери милдеттүү тартипте камтылыш керек.
25.10. Чогулуштарда (жыйындарда), коомдук угууларда кабыл алынган сунуштар жана чогулуштардын (жыйындардын) протоколу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жооптуу адамдар бир айлык мөөнөт ичинде сунуштарды аткаруу боюнча кабыл алынган жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты тиешелүү аймактын калкына ММК же коомчулукка жете турган жерлерге маалыматты жайгаштыруу аркылуу жеткирет.
26.1. Чогулуштарда (жыйындарда) жергиликтүү жамааттын пикирлерин эсепке алуу үчүн жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштарды угуу, талкуулоо жана чогултуу күн тартибине бир эле учурда бир нече маселелер киргизиши мүмкүн.
26.2. Жергиликтүү жамааттын пикирлерин дыкаат изилдөө жана талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштарды чогултуу максатында коомдук угууларда күн тартибине бирден ашык эмес маселе киргизүү сунушталат.
27.1. Эгерде чогулуштарга (жыйындарга) тиешелүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын) шайлоо укугуна ээ болгон тургундарынын 2/3 кем эмеси катышса, жарандардын чогулуштары (жыйындары) укуктуу деп саналат.
27.2. Эгерде коомдук угууларга иш-чарага чакырылгандардын үчтөн экисинен кем эмеси катышса - ал жыйын укуктуу деп табылат.
27.3. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү үчүн катышуучулардын зарыл саны болбосо, анда көрсөтүлгөн иш-чара катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө которулат.
28.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын натыйжалуу ишке ашырышы, аймактын турмушун камсыздоо системасын өнүктүрүүсү, калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүсү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга укуктуу.
28.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо методу аркылуу катыша алат.
28.3. Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо процесси – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын элеттин артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана аларды демилгелүү жана башка жумушчу топтор аркылуу, айылдык аймактын айылынын (айылдарынын) жашоочуларынын пикирин жана таламдарын эсепке алуу менен чечүү.
28.4. Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун алкагында айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен төмөнкүдөй иш-чаралардын комплексин көтөрүп чыгат жана ишке ашырат:
· айылдагы кырдаал тууралуу маалымат чогултуу жана изилдөө;
· элет көйгөйлөрүн аныктоо жана алардын кесепеттери;
· артыкчылыктуу болуп саналган жана биринчи кезекте чечилиши керек болгон маселелерди аныктоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн биргелешкен жолдорун талкуулоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгелүү топторду түзүү;
-биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
-элеттик чогулушта (жыйында) жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча аракеттердин планын талкуулоо;
-биргелешкен аракеттердин планынын жергиликтүү бюджетте чагылдырылышы;
-биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу;
-биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан планына биргелешкен мониторинг жана анны баалоо;
-биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүктүн натыйжалары тууралуу отчет (чогулуштарда (жыйындарда), курултайларда).
28.5. Айылдын көйгөйлөрүн биргелешип үйрөнүү процессине төмөнкүлөр катыша алат;
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, диний ишенимдерине, кызматтык жана мүлктү кабалына карабастан жергиликтүү жамааттын бардык мүчөлөрү;
- жергиликтүү уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери.
29.1. Айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргелешип, айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо процессинде ыктыярдуу негизде түрдүү багыттар боюнча демилгелүү топторду түзөт жана мөөнөтү, ресурстары, алардын аткарылышы боюнча жооптууларды көрсөтүү менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгат.
29.2. Демилгелүү топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери;
- айылдык кеңештин депутатгары;
- жергиликтүү жамааттын активдүү мүчөлөрү: муниципалдык уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ж.б. өкүлдөрү
29.3. Демилгелүү топтун курамы төмөнкүлөрдү эсепке алуу менен аныкталат:
- гендердик тендиктин сакталганын;
- айылдык аймактын ар бир айылынан өкүлдүн болгонун;
- демилгелүү топ тандап алган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болгонун;
- айылдын артыкчылыктуу маселесин чечүү үчүн акы албай иштөө каалоосунун болгонун;
- демилгелүү топтун ишмердүүлугүндө ийгиликтүү иш алып баруу үчүн өз билимин жана жөндөмүн жакшыртууга каалоонун жана жөндөмдүүлүктүн болгонун.
29.4. Демилгелүү топтун жыйындары чогулуш түрүндө өткөрүлөт.
29.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өз ичинен ачык добуш берүү аркылуу алардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлайт. Жетекчини шайлоо тууралуу демилгелүү топтун жыйынынын чечими протокол менен түзүлөт, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коёт. Демилгелүү топтун аларга тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерин алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
29.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында демилгелүү топтун таламдарын талашууга;
- демилгелүү топтун ишин координациялоого;
- демилгелүү топтун чогулуштарын өткөрүүгө;
- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б.
29.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- артыкчылыктуу көйгөйлөргө тиешеси бар бардык маселелер боюнча айылдык аймактын территориясында иштеген башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин окууларына, жыйындарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чогулуштарына катышууга;
- тандалган маселелерди чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
- демилгелүү топ тандап алган маселелерди чечүүдө демилгелүү топтун ишинин жүрүшү тууралуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын маалымдоо;
- тандалып алынган маселелерди чечүү үчүн иштелип чыккан долбоорлорду – жергиликтүү жамаатка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тааныштыруу жана коргоо;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү;
- иштин натыйжалары боюнча чогулуштарда (жыйындарда), курултайда жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүү;
- зарыл болгон учурларда мыйзамдар жана ушул Устав менен орнотулган тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук .акттардын долбоорун демилге көтөрүп чыгуу демилгеси.
З0.1. Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун натыйжасында аныкталган, элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте, демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менеп биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу максатында жумушчу жолугушуулар уюштурулат. Анда төмөнкү маселелер каралат:
- артыкчылыктуу маселелерди көрсөтүү жана аларды чечүү жолдору; биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
- артыкчылыктуу маселелер боюнча демилгелүү топтун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- жалпынын талкуусу үчүн элеттик чогулуштарда (жыйындарда) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
- биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо.
30.2. Элеттик чогулушка (жыйынга) айыл өкмөтү элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун жыйынтыктарын, аныкталган артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын алып чыгып, ошондой эле тандалып алынган багыт боюнча демилгелүү топтун санын жана жергиликтүү жамаат менен макулдашуу үчүн (өзгөртүү, толуктоо) демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн тизмесин берет.
30.3. Элеттик чогулушта демилгелүү топтун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат. Андан сон айыл кеңешинин чечими же айыл өкмөт башчысынын буйругу менен бекитилет, Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалымат тактасында жайгаштырылат.
30.4. Маалымат тактасына төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- биргелешкен аракеттердин планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин токтому;
- багыттар боюнча демилгелүү топтор жана алардын мүчөлөрүнүн тизмеси.
30.5. Айылдык Кеңеш бекиткен элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы айыл өкмөтүнүн кароосуна берилет. Ал биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен кийинки жылдын жергиликтүү бюджетинин баштапкы долбоорун түзөт.
30.6.Айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен кийинки жылдын жергиликтүү бюджетинин баштапкы долбоорун айылдык кеңеш менен макулдашат жана каржы министрлигинин тиешелүү структуралык бөлүмүнө берет. Каржы министрлиги айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды берген сон айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин баштапкы долбоорун тактайт жана айылдык кеңешке аларды бекитүү үчүн жиберет.
30.7. Айылдык кеңеш жергиликтүү бюджетти бюджеттик угууларда жана айылдык кеңештин сессияларында ачык жана коом алдында карайт. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын талкуулоодон кийин айылдык кеңеш бекитет. Тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланыш керек.
30.8. Элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыккан жана бекиткен учурда, айылдык кеңеш жергиликтүү бюджетти бекиткенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизүүгө укуктуу.
30.9. Бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы өз жыйынында элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын карайт жана айылдык кеңештин жыйынына биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушту алып чыгат.
30.10. Эгерде айылдык кеңеш өз жыйынында элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын айыл өкмөт башчысынын, демилгелүү топтун жана жергиликтүү жамааттын кызыкдар болгон мүчөлөрүнүн катышуусу менен карап чыгып, жергиликтүү бюджетте мүмкүнчүлүктөр болгон учурда бюджеттик комиссиянын сунушун жактырса, биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу: - тандалган маселелерди чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
- демилгелүү топ тандап алган маселелерди чечүүгө демилгелүү топтун ишинин жүрүшү тууралуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын маалымдоо;
- тандалып алынган маселелерди чечүү үчүн иштелип чыккан долбоорлорду - жергиликтүү жамаатка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тааныштыруу жана коргоо;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү; иштин натыйжалары боюнча чогулуштарда (жыйындарда), курулташтарда жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүү;
- зарыл болгон учурларда мыйзамдар жана ушул Устав менен орнотулган тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук акттардын долбоорун демилге көтөрүп чыгуу демилгеси.
31.1. Жергиликтүү жамаат менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырган жергиликтүү демилгелерди (долбоорлорду, программаларды ж.б.) ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, айкындуулукту, ачыктыкты камсыздоо жана элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо процессинде табылган элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруунун ар кандай баскычтарына жамааттын мүчөлөрүн тартуу максатында, ошондой эле жергиликтүү жамааттын жакшы турмушу үчүн аны ийгиликтүү аныктоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү үчүн ишке ашырылып жаткан биргелешкен аракеттердин планына биргелешкен мониторинг жана аны баалоо боюнча иш-чаралар уюштурулат.
31.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун тапшырмалары төмөнкүлөр:
биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан планынын арадагы натыйжаларына мониторинг жана баалоо;
- тоскоолдуктарды жана шайкеш келбей тургандарды өз убагында аныктоо;
- аларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
31.3. Жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жана биргелешкен мониторинг менен баалоо жүргүзүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүп, анын ишин уюштурат.
31.4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча жумушчу топтун курамына демилгелүү топтун өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, калк арасында жакшы абройго ээ болгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү жамаат сунуштагандар кире алат.
31.5. Жумушчу топтун курамын айылдык кеңеш бекитет. Жумушчу топ долбоордун өз убагында аякташы жана сапатын камсыздоо үчүн өз сунуштарын берет, ошондой эле айыл өкмөтүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты долбоордун аткарылышынын жүрүшү жана түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу өз убагында маалымдап турат.
31.6. Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча жумушчу топ төмөнкүлөpгө укуктуу:
- иш планын (графикти) бекитүүгө;
- сурамжылоо (анкета) жүргүзүүгө;
- ишке ашырылып жаткан долбоордун кызматын түз алуучулар менен жерине барып, интервью жүргүзүүгө;
- документтерге анализ жүргүзүүгө (анкеталар, графикалар, отчеттор, каттоо журналдары, катышуучулардын тизмеси);
- иш-чаралардын өзүнө катышууга (тендер, сатып алуулар, долбоорду ишке ашыруу).
31.7. Элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун жардамы менен табылган элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруунун натыйжалары маалымат такталарында, жарыяларда, массалык маалымат каражаттарында жарыяланат, ошондой эле элеттик чогулуштарда, курултайларда талкууланат.
32.1. Муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана КР Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги.
32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигине карата КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген бардык аракеттерди ишке ашырууга укуктуу.
32.3 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги өзүнө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка мүлктүк укуктарын камтыйт,
32.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары да жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчиги болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан башка бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын башка органдар алууга укугу жок.
32.5. Мүлккө болгон муниципалдык менчик укугу айлана-чөйрөгө, физикалык жана юридикалык жактардын укуктарына, ошондой эле КР мыйзамдары менен корголгон жергиликтүү жамааттын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына доо кетирбегидей ишке ашырылыш керек.
33.1. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик менен мамилелери КР Мыйзамдарынын талабына ылайык, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажырымдоонун конституциялык принциптеринин негизинде түзүлөт.
33.2. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө аралашууга укугу жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик органынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укугу жок.
33.3. Жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары КР мыйзамдары менен орнотулган тартипте айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп ала алат. Мында аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттар кошо өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет берет.
33.4. Мамлекеттик органдардын муниципалдык менчикти колдонуусуна байланышкан мамлекет менен мүлктүк мамилелер жана тескерисинче жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик менчикти колдонуусу келишимдин негизинде чечилет.
33.5. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкарууну түптөө жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзүп берет жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга укукту ишке ашырууда калкка көмөктөшөт.
33.6. Жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарына түздөн-түз тийген маселелер боюнча чечимди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү жамааттын бирликтери менен мыйзам тарабынан орнотулган тартипте кеңешмелерди жүргүзөт жана талкуулайт.
33.7.Мамлекеттик бийлик органдары КР ченемдик-укуктук акттары менен орнотулган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзөт.
34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КР мыйзамдарына ылайык, Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар. Бул укук төмөнкүчө ишке ашырылат:
- жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган Эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу жолу менен жана башка иш аракеттерин иш жүзүнө ашыруу;
- шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, анын ичинде эл аралык денгээлде кызматташуу жөнүндө келишимдерди бекитүү;
- ишмердүүлүгү айылдык аймактын олуттуу маселелерин чечүүгө жана муниципалдык башкарууга багытталган эл аралык уюмдардын ишине катышуу;
- эл аралык ассоциацияларга, биримдиктерге жана ассамблеяларга кирүүгө.
34.2. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин колдонууга байланышкан тышкы экономикалык келишимдерди айылдык кеңеш бекитет.
34.3. Айылдык аймактын атынан сүйлөө, протоколдорго, келишимдерге жана башка ченемдик укуктук документтерге кол коюу укугу айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөт башчысына берилген.
35.1.Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткарганы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышканы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук иштери, демөөрчүлүк, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө реалдуу көмөктөшкөнү, жергиликтүү жамааттын башка пайдалуу кызматтары үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, башка жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга төмөнкүдөй моралдык жана материалдык шыктандыруу чаралары колдонулса болот:
- ыраазычылык билдирүү;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардак наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына киргизүү;
- жамааттын Ардак китебине киргизүү;
- “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу;
- “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
35.2.Моралдык жана материалдык шыктандыруу чаралары төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
· жамаат мүчөлөрүн шыктандыруу демилгесин айылдын жашоочуларынын чогулушунда, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин төрагасы көтөрө алат;
· ыраазычылык билдирүү, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамота тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу чечимин айыл өкмөт башчысы кабыл алат;
· жамааттардын Ардак тактасына жана Ардак китебине киргизүү, “Айылдын ардактуу атуулу”, “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү тууралуу чечимди айыл өкмөт башчысынын сунушу менен айылдык кеңеш кабыл алат.
35.3. Жергиликтүү жамааттын жогорку ардактуу наамы болуп “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” эсептелет. Ал айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн айылдык кеңештин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамын алган адамдарга атайын жеңилдиктерди бере алат, ошондой эле аларга стипендия жана башка материалдык шыктандырууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджетте болгон каражаттын чегинде орното алат.
36.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жеке жана юридикалык тараптарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдьшча башкаруунун жооптуу адамдарына моралдык, материалдык жана административдик таасир көрсөтүү чаралары колдонулат.
36.2. Таасир көрсөтүү чараларын айылдык Кеңеш, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары, айыл өкмөт башчысы, раймамадминистрация, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, аксакалдар соту өз ыйгарым укуктарынын чегинде колдонот.
36.3. Таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартибин айылдык Кеңеш, айыл өкмөт башчысы КР иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык аныктайт.
36.4. Ушул Уставды бузган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу адамдарына жоопкерчилик чарасы ушул органдар тууралуу жоболорго, же ушул Уставга ылайык иштелип чыккан атайын жоболорго ылайык колдонулат.
37.1 Уставдын долбоорун жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставынын негизинде айылдык Кеңештин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгат.
37.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- айылдык Кеңештин депутаттары (экиден ашык эмес);
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлери (экиден ашык эмес);
- жергиликтүү жамааттын активдүү мүчөлөрү (экиден ашык эмес);
- бейөкмөт уюмдардын, бизнес жамаатынын өкүлдөрү (экиден ашык эмес).
37.3. Жумушчу топ иштеп чыккан Уставдын долбоору адегенде айылдык кеңештин жыйынында каралат, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланат жана жергиликтүү жамааттын чогулуштарына (жыйындарына) же курултайына талкууга чыгарылат.
37.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары Уставдын долбоорун кароодо ага КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
37.5. Чогулуштун (жыйындардын) же курултайдын катышуучуларынан түшкөн сунуштардын негизинде жумушчу топ тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет жана КР Юстиция министрлигинин аймактык (облустук) бөлүмдөрүнө (мындан ары - облустук юстиция) бүтүм үчүн жиберет.
37.6. Облустук юстициянын бүтүмү менен Уставдын долбоору айылдык кеңештин кароосуна берилет. Бүтүмдө эскертүүлөр жана сунуштар болгон учурда жумушчу топ Уставдын долбоорун облустук юстициянын эскертүүлөрүн жана сунуштарын эсепке алуу менен, Уставдын кайрадан иштелип чыккан долбоорун бүтүмү менен айылдык кеңештин кароосуна киргизет.
37.7. Уставды бекитүү тууралуу чечими айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
37.8. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштардын (жыйындардын), жарандардын тобунун, курултайдын же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн биринен кем эмес сандагы айылдык кеңештин депутаттар тобунун сунушу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.
37.9. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду айылдык кеңеш КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн бүтүмүнөн кийин кабыл алат.
37.10. Жергиликтүү жамааттын Уставы расмий жарыялагандан кийин күчүнө кирет. Айыл аймактын территориясында өзгөчө көп таратылган басмаларды тандайт, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайтында жарыялайт. Расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү жамааттын Уставы КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилет.
37.11. Эгерде ушул Устав “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы тарабынан жөнгө салчу чөйрөгө киргизилбей калган маселелер бар болсо, алар КР мыйзамдары менен жөнгө салынат.