Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 13-декабры № 15
«Эңилчек айыл өкмөтүнүн айыл мыйзамын бекитүү жөнүндө»
Айыл аймагында жашаган жарандардын биримдигин, ынтымагын бекемдеп, коомдук тартипти орнотуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында Эӊилчек айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1.Эӊилчек айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамаатынын коомдук жашоосундагы ыйык эрежелерин аныктаган Уставы айыл турмушунун негизги мыйзамы иретинде бекитилсин.
2.Токтом ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына катталсын.
3.Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органдарына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеӊештин төрага орун басары А.Чолпонбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | К.Кылчыкбаев |
| “БЕКИТИЛДИ” Эңилчек айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 6 сессиясы, “13”декабры 2013-жыл, токтом № 15 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ, АК-СУУ РАЙОНУ
ЭНИЛЧЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ЖАМААТЫНЫН АЙЫЛ МЫЙЗАМЫ
Биз, Энилчек айыл аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугун/айыл жамаатын түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелерин аныктаган ушул Уставды айыл турмушунун негизги Мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук талаптарын, аймагыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарынын асыл нарктарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын тутунуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражат катары колдонобуз:
1.Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан - баш, бир жеңден - кол чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
Өз алдынча башкаруу коомдоштугунун/мындан ары - жамааттын/ негизги Мыйзамы болгон айыл Мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
- өз алдынча башкарууга өтүүнүн негизги максаттары;
- өз алдынча башкаруунун негизги принциптери;
- жамаат мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун тартиби;
- жамаат мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамаат мүчөлөрүнүн катышуусу;
- өз алдынча башкаруу жамаатынын экономикалык жана финансылык негиздерин коммуналдык/мындан ары ортолук/менчикке ээлик кылып, аны пайдалануунун жана башкаруунун тартиби;
- жамаат мүчөлөрүнүн жүрүм-турумунун жана коомдук тартип эрежелерин, жалпыга тиешелүү ыймандуулуктун, моралдын, этиканын, улуттук каада-салттарын адеп-ахлак ченемдери;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жамаат мүчөлөрүнө колдонулуучу сыйлоо чаралары;
- Айыл Мыйзамын бузган жамаат мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза көрүү чаралары;
- Айыл Мыйзамын кабыл алуунун жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү тартиби;
- жамаат турмушундагы мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелер.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты - бул жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги бардык коомдук пайдалуу маселелерин өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
-мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди шартка жараша, өз алдынча турмушка ашыруу;
-жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана убагында чечип туруу максатында айылдык Кеңештин аймагындагы өндүрүш каражаттарын, социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчигин жана финансылык-экономикалык базасын түзүүнү;
- айылдык Кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана аны калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамаат мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, алардын аң-сезимин жана активдүүлүгүн жогорулатууну;
- жамааттын ар бир мүчөсүнүн материалдык байлыгын арттыруу, жашоо-шартын жогорулатуу боюнча иштерди аткарууну.
Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
-жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү камсыз кылуусу, өзүн-өзү каржылоосу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
-өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамаат мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынышы жана алардын эл алдындагы жоопкерчилиги;
-жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктагы маселелерди айкалыштырып чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик кээ бир ыйгарым укуктарын колдонуу;
-жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органы болгон айылдык Кеңештин депутаттарынын жамаат мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми анын аткаруучу-тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;
-жергиликтүү өз алдынча башкарууну өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин чектелиши;
-жамаат мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу;
-социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулугу, ачыктыгы, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмарлары менен тыгыз байланышы;
-жамаат мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда, айылдык Кенеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;
-өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
-жамаат мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы - айылдык Кеңеш;
- айылдык Кенештин аткаруучу-тескөөчү органы – айыл өкмөтү;
-аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары/ айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кенештери, аялдар кенеши ж.б.
-аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошуундары;
-жамааттын материалдык-финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча көзөмөл тобу;
-жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат:
-жергиликтүү айылдык референдумдар;
-жамаат мүчөлөрүнүн курултайлары;
-айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б.
Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк жана аткаруучу-тескөөчү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш аракеттери, ошондой эле жергиликтүү айылдык референдумдарын жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери КР мыйзамдары жана ушул Айыл Мыйзамы аркылуу жөнгө салынат.
Эскертүү: жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары КР мыйзамдарынын негизинде өз аймагында ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн, уюмдардын ж.б. түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
1. Жамаат мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
2. 16 жаш курагына жеткен, кеңештин аймагында туруктуу жашаган, ушул айыл мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамаат мүчөсү болуп эсептелет.
3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден келген КР жарандары, паспорттук режимдин негизинде 3 күндүк мөөнөттө айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, 3 ай туруктуу жашагандан кийин жамаат мүчөсү деп эсептелсин.
4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүн жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүш каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул Айыл мыйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген КР жарандары жергиликтүү жамаат мүчөсү катары боло алат.
5. Жамаат алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн жергиликтүү Кеңештин чечими менен “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган КР жарандары жамаат мүчөсү болуп эсептелет.
6. Жамаат мүчөлөрү өз каалоолору менен туруктуу жашоо үчүн башка жакка кетип жатса, паспорттук режимдин негизинде айылдык Кеңештин аймагында жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлккө ээлик болуучу мамлекеттик документи жана өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул Айыл Мыйзамын кабылдаган жана айыл талаптарын аткарууга милдеттенген КР жарандары жамаат мүчөсү катары эсептелинет.
7. Жамаат мүчөлүгүнөн чыгарылган жарандар, эгерде кайрадан жамаат мүчөлүгүнө кирүүнү кааласа, алардын мүчөлүккө кирүү жөнүндөгү арызын берген күндөн тартып 1 (бир) жылдык мөөнөткө сынак убактысы белгиленет жана ага көзөмөл болуучу адам бекитилет. Сынак убактысында алар Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды толук аткарган убакта гана кайрадан жамаат мүчөлүгүнө кабыл алынат.
Жамааттын ар бир мүчөсү ушул Айыл Мыйзамына ылайык, төмөндөгү укуктарга ээ:
1.Жамаат мүчөсү расасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүнүйө-мүлкүнө жана башка абалына карабастан, төмөндөгүлөргө укуктуу:
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
-жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга;
-иш-тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
-жамаат мүчөлөрү үчүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;
-жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз пикирин айтууга жана баа берүүгө;
-жамаат мүчөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктын менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарын белгиленген тартип чегинде пайдаланууга;
-жергиликтүү референдумдарга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кенештер менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
-Айыл Мыйзамында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
-Айыл Мыйзамынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү жана башка адамдар бузган учурда өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
-аксакалдар соту ушул Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алуу учурунда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
-мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга жана алардын кызматын пайдаланууга;
-адал мээнет, ак эмгеги менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамааттын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
-жамаат мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
-КР мыйзамдарында жана Айыл Мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга;
-аталган укуктардан жана ушул Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамаатташтыктын мүчөлөрү гана пайдалана алат.
1. Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Айыл Мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн кечиктирбей, өз убагында төлөөгө;
-жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча милдеттүү түрдө аткарууга);
-элдик курулуштарда, жолдорду, көпүрөлөрдү, арыктарды, ондоодо жамааттын ар бир мүчөсү бир жылда 5 күн акысыз иштеп берүүгө;
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул мыйзамынын негизинде кабыл алынган чечимдерди аткарууга;
-жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
-өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга;
-өз үйүнүн (короосунун) чегине чейинки көчөнүн бөлүгүнүн тазалыгын сактоого, өзү жана башка адамдар тарабынан булганбашына, акыр-чикир ташталбасына көз салууга жана жол бербөөгө;
-кашаалардын (штакетниктердин), тосмолордун эстетикалык көрүнүшүнө, аларды өз убагында актап жана сырдап турууга, үйүнүн жанындагы көчө жарыгынын болушуна кам көрүүгө;
-мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүн, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоо;
-уурулук кылуу фактыларын байкап же көрүп, угуп калган учурларда сөзсүз түрдө аны кварталдык комитеттерге, айыл башына дароо билдирүү;
-курчап турган табиятка (айлана-чөйрө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянатчылык менен мамиле кылгандарга каршы күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
-көчөдө өскөн бак-дарактарды, талдарды уруксатсыз кыюуга жол бербөөгө;
-турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелердин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
-жамааттын ар бир мүчөсү коомдук жана жеке мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында менчик малын тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой-эчкилерди купкалоодон өткөрүүгө жана өз убагында ветеринардык текшерүүдөн, кароодон өткөрүп турууга;
-адамдар арасында жугуштуу оорулардын тарашына жол бербөө максатында үйдөгү жаныбарларды (ит, мышыктарды) өз убагында ветеринардык каттоодон өткөрүп, тиешелүү эмдөөлөрдү жүргүзүп турууга;
-жамаат мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрдү сарамжалдуу пайдаланууга;
-коомдоштуктун аймагында жайгашкан ар бир ишкана, чарбалар, соода түйүндөрү, ассоциациялар, бирикмелер, коомдор мектепте ж.б. мекеме, уюмдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-ушул кабыл алынган Айыл Мыйзамды так сактоого, сыйлоого жана анын талаптарын сөзсүз аткарууга;
-материалдык жактан жетишпеген, жалгыз бой адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, багаар-көрөөрү жок адамдарга, жетимдерге, майыптарга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине өз ыктыярлары менен жардам көрсөтүп туруу;
- багаар-көрөөрү жок, кары-картаңдарга, майыптарга мүмкүнчүлүккө жараша айылдык Кеңештин алдындагы “Жардам” фондусу менен бирдикте жакырчылык картасына ылайык каттоодо турган жарандарга даректүү жардам берүүгө;
-өзүнүн жана айланасындагы аймакты, көчөнүн бөлүгүн таза кармоого, кашааларды, тосмолорду оңдоп жана сырдап турууга, көчөдөгү жарык берүүчү түйүндүн иштөөсүн камсыз кылууга;
-өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелердин сакталышына жана ушул багыттарда бардык иш-чараларга милдеттүү түрдө катышууга;
-айылдык курулуштарга, ишембиликтерге, ашарларга, жолдорду оңдоо ж.б. коомдук иштерге катышууга;
-айылды көрктөндүрүү, тазалоо жана жашылдандыруу иштерине катышууга;
-жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдерин аткарууга;
-мектептер жана жаштар уюмдары тарабынан кары-картаңдарга, жалгыз бой адамдарга жардам көрсөтүү отряддарын /мурдагы “Тимурчулар командасы” сыяктуу / түзүү жана даректүү жардам көрсөтүүнү уюштуруу.
2.Өзгөчө милдеттер жана парыздар:
-балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо - ар бир ата-эненин милдети;
-ата-энелерине камкордук көрүү - эмгекке жарамдуу, жашы жетилген ар бир баланын милдети;
-жамааттын ар мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багаар-көрөөрү жок, кары-картаңдар, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу - жалпы жамааттын ыйык парызы;
-улууга - урмат, кичүүгө - ызаат, аялдарга - сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка, жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо.
-өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна-колоңдор менен тынчтыкта жашоо үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттуулукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо - ар бир үй-бүлө башчысынын милдети;
-ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңдоо - айыл аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети.
Азыр аймагыбызда маркумду акыркы сапарга узатуу таажиясында сөөктү 3 күн кармоо, бир нече бодо мал союу, арак берип, көнүл айтуу, чоң таштардан эстелик тургузуу, күмбөз салуу, темирден коргон куруу сыяктуу ашыкча ысырапкерчиликтер маркумдун үй-бүлөсүн ашыкча көп чыгымдарга дуушар кылып, “өлгөндүн үстүнө – көмгөн” кылып, кошумча кыйын абалда калтырып жатканын баарыбыз көрүп-билип жүрөбүз. Мындай терс көрүнүштөр динибизде да жок. Ошондуктан:
1. Сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып, мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көнүл айтып, жакын туугандары тамак алып келип туруулары зарыл. Бул - кошуналардын жана туугандардын милдети. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган адамдардын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу - туура эмес. Демек, кара ашына мал союуга тыюу салынат.
2. Шариятта атайын маркумга атап үчүлүгү, бейшембилиги, жетилиги, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги же жылдыгы деген ырым-жырымдар жок, бул талапты да атуулдар толук аткаруулары керек.
3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөдөн айрып, “жыртыш” таратып берүү шариятта жок, андыктан бул адатка да тыюу салынат.
4. Чоң таштардан, кымбат баалуу материалдардан күмбөз салууга тыюу салынат.
5. Таажия өтүүчү (аза күткөн) жерлерде спирт ичимдигин ичүүгө болбойт.
I. 1, 5, 10, 15, 20, 25, 30, 40 жылдык деген мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынат.
II. Тойлордо ЗАГСка чыкканда эки жеңил автомашина менен чыгууга уруксат. Ашыкча 5-10 автомашиналар менен чыгууга тыюу салынат.
III. Тойлор түнкү саат 23.00дөн кийин улантылбайт.
IV. Коомдук жайларда мас жүрүүгө тыюу салынат.
V. Спирт ичимдигин сатуу кечки саат 20.00дөн кийин тыюу салынат.
VI. Спирт ичимдигин, тамекини жаш өспүрүмдөргө сатууга тыюу салынат.
Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык жана экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, руханий салттарын сактоо жана өнүктүрүү;
- жамаат мүчөлөрүнүн арасында интернационалдуулукту өнүктүрүү максатында айылда жашаган улуттардын каада-салттарын жайылтууга карата майрамдарды өткөрүү;
- жамаат мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбиясын, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, жарандарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- мыйзамдарга жана ушул Айыл Мыйзамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
1.Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
-жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу кыймылдуу жана кыймылсыз дүйнө-мүлктөр, социалдык-маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
-жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол-чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
-жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана каражаттар;
-кредиттик ресурстар, дотациялар жана инвестициялар;
-ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акылар;
-өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор;
-тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн, гранттардан жыйналган финансылык ресурстар.
2.Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктарды айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык Кенеш тарабынан аныкталат.
3.Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланышын коомдук көзөмөлдөө айылдык Кеңеш тарабынан түзүлщүчү 9 адамдан турган элдик көзөмөл тарабынан жүргүзүлөт.
Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүчүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык Кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
1.Айыл Мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызмат көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамаат мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн:
-алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
-мактоо баракчаларын тапшыруу;
-“Ыймандуу үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй, көчө, ”, “Алдыңкы чарба”, “Алдыңкы жамаат”, “Элдик уул”, деген наамдарды ыйгаруу;
-КР мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү.
2. Жамаат мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а)жамаат мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдык, кварталдык жашоочулардын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык Кеңештин депутаттарына таандык;
б)алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, “Ыймандуу үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Көчө”, “Алдыңкы чарба”, “Алдыңкы жамаат”, “Элдик уул”, деген наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын “Ардак тактасына” жана “Ардак китебине” жазуу, “Айылдын ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу, ошондой эле КР мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык Кенеш тарабынан кабыл алынат.
1.Айыл Мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамаат мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралары колдонулат:
-ооз эки жана жазуу жүзүндөгү эскертүү;
-жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
-өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана берилген ардак наамдан ажыратуу;
-белгиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
-жамаат мүчөлүгүнөн чыгаруу.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамаат мүчөлөрүнүн, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык Кеңеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөт башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
3. Айыл Мыйзамынын эрежелеринин одоно түрдө бузган же өз милдетин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
а)айыл өкмөт башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө жана жооптуу кызматкерлерине:
-жазуу жүзүндө эскертүү;
-төмөнкү кызматка которуу;
-кызматтан алуу;
-айыл өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн чыгаруу.
б)айылдык Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен:
-айыл өкмөт башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
-аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.
в)айылдык Кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
4.Айыл өкмөт башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан жеринде текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана КР мыйзамдарына ылайык, толугу менен чечилет.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу той-тамаша, шаан-шөкөттөрдү өткөрүүнүн тартиптерин бузган жарандарга 50 миң сомдон - 150 миң сомго чейин айып салынат. Айып жергиликтүү бюджетке өндүрүлөт, айып түзүлгөн актынын негизинде айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан салынат.
1.Жамаатка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында мыйзам чегинде белгиленген тартипте ар кандай деңгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
2. КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жамаат чет өлкөлүк, Эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
3.Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (газета, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөрщ ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
1.Жамааттын Айыл Мыйзамынын (Уставынын) долбоорун айылдык Кеңештин чечими менен түзүлгөн атайын комиссия иштеп чыгат. Комиссия тарабынан даярдалган Айыл Мыйзамынын долбоору айылдык Кеңештин жыйналышында бекитилип, жамаат мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлат.
Талкуулоого түшкөн сунуштардын негизинде комиссия Айыл Мыйзамынын долбооруна тиешелүү кошумчаларды киргизип, айылдык Кеңештин кароосуна коюлат.
Айылдык Кеңеши тарабынан бекитилген долбоор юридикалык экспертизадан өткөрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлөт. Юридикалык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Айыл Мыйзамы күчүнө кирет.
2.Айылдык курултайда кабыл алынган Айылдык Мыйзам (Устав) областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөндөн кийин ал айыл өкмөтү тарабынан жамаат мүчөлөрүнө жетишүү нускада жарыяланат (жамааттыктын гезити, атайын чыгарылган китепчелер аркылуу).
3.Айыл Мыйзамы жамааттын бардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга тийиш.
4.Жамааттын Айыл Мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык Кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, аксакалдар соту жана жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн өздөрү жүзөгө ашырышат.
5.Айыл Мыйзамына (Уставка) түзөтүүлөрдү, алымча-кошумчаларды киргизүү ушул Мыйзамда кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
“Ырыс алды - ынтымак” деп ушул өзүбүз кабыл алган Айыл Мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюуусуз аткаралы.
“Сабырдын түбү - сары алтын” деп, чекилик иштерге барбай, нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укукту толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп, өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы! Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кембагалыбыз байып, өнөрлүүбүз, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман-ынсап кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык-калкыбыз бакубат турмушка жетишет.
Жараткан бизге ушул койгон ыйык милдеттерди аткарганга күч-кубат берсин!