Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 13-декабры № 16
«Эңилчек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө»
Эңилчек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосун айыл Кеңештин депутаттары КР «Жергилиетүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде карап чыгып, Энилчек айылдык Кеңеши токтом кылыт:
1.Эңилчек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитилсин.
2.Токтом ченемдик-укуктук актыларды каттоо журналына катталсын.
3.Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Чолпонбаевага жүктөлсүн.
Төрагасы: | К.Кылчыкбаев |
ЭНИЛЧЕК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
ЖОБОСУ
1. Энилчек айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
2. Айыл өкмөтү айыл Кеңешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде - айыл кеңешине, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
4. Компетенциясына таандык маселелер боюнча айыл өкмөтү кабыл алуучу чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кол коюлат.
5. Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актылары тиешелүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү болот.
6. Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) кирсе болот. Участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) Өкмөт белгилеген тартипте контракт негизинде айыл өкмөтүнүн штатына алынат.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
-жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
-жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
- коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
- тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
- өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү Кеңештердин көз карандысыздыгы.
Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл Кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл Кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
6) турак-жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10) КР мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон төмөн турган башкаруу деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн;
2) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу максатында иш-милдеттер менен ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулуктун жана максатка ылайыктуулуктун;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоонун;
4) иш-милдеттерди аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушунун;
5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эриш-аркак келтирүүнүн;
6) ачыктыктын жана коллегиялуулуктун;
7) ченемдик-укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарынын чегин ажыратуунун.
1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жашты пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) КР мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) КР мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) КР Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4) айыл кеңешине КР мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7) КР мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) КР мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
Айыл өкмөт башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
2. Айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
3. Айыл өкмөт башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
4. Айыл өкмөт башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Айылдык Кеңеш ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп, жашаган жери боюнча жарандардын айыл аймагынын, шаардын бөлүгүндө жергиликтүү маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу боюнча өзүн-өзү уюштурушу түшүнүлөт.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) жана башка Конституцияга, ушул Мыйзамга, КР жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.
3. Коомдук өз алдынча башкаруу аймагынын чек арасы тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга да укуктуу.
5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.
6. Калктын өз алдынча башкарууну ишке ашырууга катышуусунун ар кандай формалары менен катар эле жарандар Конституцияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген дагы башка формаларда жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга укугу бар.
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары же өкүлдөрү аркылуу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;
2) аймакты көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;
3) жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
4) жарандардын курултайларынын жана жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштурууга.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.