Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 9-сентябры № 6
«Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби боюнча жобону бекитүү жөнүндө».
Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен беруунун тартиби боюнча Т.Казыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Бостери айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен беруунун тартиби боюнча жобо бекитилсин.
2 .Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен беруунун тартиби боюнча комиссиясы төмөндөгүчө курамында бекитилсин:
1. Комиссиянын торагасы Т.Казыбаев – башчынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Райондук архитектура башкармалыгынын ѳкүлү;
- Райондук мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгынын ѳкүлү;
- а/Кеңештин депутаты – А.Жапаров;
- а/Кеңештин депутаты – К.Абдиев;
- а/Кеңештин депутаты – К.Асеинов;
- а/Кеңештин депутаты – Э.Сыдыков;
- жер адиси - Э.Алдаяров;
- юрист – К.Сопуев;
Бостери айылдык Кеңешинин Төрагасынын орун басары: |
М.Байтокова |
| Бекитилди Бостери айылдык Кеңешинин чакырылышынын IV-сессиясынын «9»сентябры 2013-жылдагы №6 токтому менен |
1.Бул Типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципапдык менчикте турган жер участокторуна (мындан ары жер участкалары) менчик же ижара укуктарын акы тѳлѳѳ менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2.Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы тѳлѳѳ менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтуу Жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы тѳлѳѳ менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндѳ ѳткѳрүлѳт.
3.Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мѳѳнѳтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4.Бул Типтуу жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер участокторду түзүү процедурасынан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларга карата колдонулбайт.
5.Бул Типту жободо колдонулган түшүнүктѳр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүмүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион » тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тѳгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаардык жана айылдык калктуу, конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдѳ шаар куруу документгеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлѳрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документгери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документгери, башкы пландары, чектерге бѳлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
сары линиялар - кыйраткыч жер титирѳѳлѳрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлуштѳрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жѳнгѳ салуу үчүн колдонулат;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
кызыл линиялар-бул кѳчѳлѳрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бѳлуп туруучу, кѳчѳлѳрдүн жана жолдордун энин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу:
карасанатай атаандаштык - субьекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер тѳмѳнкүдѳй натыйжаларга алып келсе:
-тооруктун катышуучуларынын ѳз ара жашырын макулдашуусуна;
-коррупцияга;
- тоорукка бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;
потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектѳѳгѳ же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү кѳз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайьн адистикке окуганы жѳнүндѳ тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
- курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери жергиликтүү ѳз алдынча б.ашкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана ѳзгѳртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жол менен жѳнгѳ салуучу нормативдик укуктук актылары;
- түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук ѳткѳрбѳстѳн түз сүйлѳшүү киргизүү жолу менен берүү ыкмасы;
- жер участогуна менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ѳзүнѳ таандык жер участогуна Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинде белгиленген чектѳѳлѳр менен ѳз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескѳѳгѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
- жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мулк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документгери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектѳѳлѳргѳ жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
- жер участогунун старттык баасы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
- тоорук муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндѳ ѳткѳрүлѳт;
- жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбѳлѳндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилѳѳчү башка документтерде кѳрсѳтүлгѳн максаттарда пайдалануу;
- ыйгарым укуктуу орган - жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескѳѳгѳ ыйгарым укук берилген бѳлүгү.
6.Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
7.Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Типтүү жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлѳт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу жана ѳкүлдүк органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын ѳкүлдѳрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитет.
8. Комиссия тѳмѳнкудѳй функцияларды аткарат:
-жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жѳнундѳ чечим чыгарат;
-жер участокко укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион ѳткѳрүлсѳ) же конкурстун шарттарын (конкурс ѳткѳрүлгѳн учурда) аныктайт;
- сатуу жѳнүндѳ түз сүйлѳшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;
-тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
-жер участокко укук берүүгѳ байланышкан башка маселелерди ушул Типтүү жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын негизинде карайт.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтѳн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо, добуштардын жөнѳкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда болсо, тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат.
9.Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
10.Тооруктун предмети болуп жер участокту сатуу, сатып алуу же мѳѳнѳттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер участокту мѳѳнѳттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
11. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) тѳмѳнкүдѳй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:
а) мурда мѳѳнѳттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бутѳ электери бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;
б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн ѳз алдынча бирдиги катары
түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү кѳрсѳтүлгѳн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;
г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлѳѳ үчүн транспортту коюуучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү кѳрсѳтүлгѳн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо;
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Ѳзгѳчѳ учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мѳѳнѳттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде женилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксаат берилиши мүмкүн.
13. Менчик же ижара укугу түзүлгѳн жер участокторго берилет. Жер участок тѳмѳнкүдѳй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
-жер участок үчүнчү жактардьн укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);
-жер участоктун чек аралары аныкталган;
-жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлѳрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;
- ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жѳнүндѳ, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жѳнүндѳ маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо, ал райондо инженерлик коммуникацияларды ѳнүктүрүү пландалып жатканы жѳнүндѳ, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жѳнүндѳ, аларга кошуунун мѳѳнѳтү жана баасы жѳнүндѳ маалыматтар берилген болсо;
- ал жер участокто турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).
14.Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ѳз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.
15.Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар кѳрсѳтүлѳт:
- ар ээси жѳнүндѳ маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет ѳлкѳлүк же чет ѳлкѳлүк эмес экендиги кошумча кѳрсѳтүлѳт);
-жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу, же убактылуу пайдалануу укугу);
-инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жѳнүндѳ маалымат жок болсо, арыз ээси алгылыктуу жерди кѳрсѳтѳт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлѳт.
16. Жер участокко укукту, түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар кѳрсѳтүлѳт:
- арыз ээси жѳнүндѳ маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет ѳлкѳлүк же чет ѳлкѳлүк эмес экендиги кошумча кѳрсѳтүлѳт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- участоктун аянты жана турган жери;
- козголбос мүлк объекти жѳнүндѳ маалыматтар (эгер бар болсо);
- ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга булар тиркелет: ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун б) пунктчасында каралгандан башка учурларда – жер участокко жана козголбос мүлктүн объектисине (имаратка жана урулмага) укукту күбѳлѳндүрүүчү документтердин копиялары.
17.Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жѳнүндѳ ырастама берет.
18.Ыйгарым укуктуу орган ѳз демилгеси боюнча жер арыз түшкѳндѳн кийин 3 күндүк мѳѳнѳттүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына жер участогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин кѳрсѳтүү каралат.
19. Ушул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгѳн болсо жер участокту кайрадан түзүү талап кылынбайт.
20. Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса, архитектуранын аймактык органы кийинки күндѳн кечиктербестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куру документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жѳнүндѳ корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда архитектуранын аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери кѳрсѳтүлѳт же чектери турган козголбос мүлк объектерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер участок аркылуу ѳткѳн инженердик-техникалык тармактын участоктору опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик сунуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жѳнүндѳ маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлѳрдү караштырат:
- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
- курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;
- курулуштардын жол берилген (максимум жана же минимум) кубаттуулугу;
- участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо, жер участоктун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени кѳрсѳтүлөт;
- курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
-тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмѳнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- абаттоо жана фасаддар боюнча талаптар;
- транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду кѳрсѳтүү менен;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) объектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун планына архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын жетекчиси кол коёт.
Жер участоктун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилѳѳ камсыздалат, ал жѳнүндѳ Планга тийиштүү жазуу жазылат.
26. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндѳн баштан 25 иш күн.
27. Ушул Жобонун 11-пупктунун жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкѳйлөштүрүлгѳн тартипте жүргүзүлѳт.
Ыйгарым укуктуу орган арыз алынган күндѳн баштап 33 иш күндүн ичинде архитектуранын жана курулуштун аймактык органына арыздын копиясын тиркѳѳ менен тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулупггук ниеттердин баяңдамасын, участоктун болжолдуу аянтын жана дарегин көрсөтүү караштырылат. Жер участоктун аянтын ыйгарум укуктуу орган түшкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суральш жаткан жер участок боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күңдүн ичинде аныктайт.
Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги аныкталса, архитектуранын жана курулуштун аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда_ аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
-жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери кѳрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
-жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Архитектуранын аймактык органы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участоктун схемасынын копиясын ага тиркелген арыздын копиясы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
-жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар жер участоктордун бардык менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- бак-дарактарды өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги ѳсүмдүктөр бар болсо).
28. Жергиликтүү каттоо органына ушул Жобонун 27-пунктунда көрсѳтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар архитектуранын жана курулуштун аймактык органына тийиштүү корутундуну ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматты кѳрсѳтүү менен 5 иш күндүн ичинде жиберүүгѳ милдеттүү.
Корутундулар кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳ берилбесе, архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо архитектуранын жана курулуштун аймактык органы жергиликтүү каттоо органына келген материалдардын негизинде жер участоктун планын 1 иш күндүн ичинде тактайт.
Жер участоктун планы курулуш объекттерин долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш объектин инженердик жактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздөөдө архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
Архитектуранын аймактык органы ушул Жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу органга берет.
Жер участокту түзүүгѳ байланыштуу чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган жер участокторго менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлѳйт. Түзүлгөн ар бир жер участок боюнча жер участокту түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу органдын жер участокту түзүүгө байлаңышкан чыгымдары жер участоктун баасына киргизилет.
Төмөнкүдѳй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт, эгерде:
жер участок ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;
архитектуранын аймактык органынын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу бодсо, же жергиликтүү каттоо органы жер участокту берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
33. Ыйгарым укуктуу орган Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
коомдук угууларды өткөрөт (ушул Жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
жер участокту баалайт;
- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
34. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, о.эле турак-жай зонасындагы жер участокко укук берилип жатканда ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 11-пунктунун а) жана б) пунктарында каралгандан башка учурларда Жер участоктун планы алынган күндѳн кийин бир айдын ичиңде ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык коомдук угуу өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган кызыдар жактарга угуулар болгону жатканы жөңүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участок жөнүндѳ маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндѳ маалыматтар, ыйгарым укуктуу оргаңдын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарьнын, архитектура жана курулуш органдарынын, жергиликтүү каттоочу органдын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган протокол түзөт, анда түшкѳн бардык сунуштар, сьн-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтыгы жѳнүндѳ протокол Жер участоктун планы жана ага тиркелген материалдар менен крмиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөѳ жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
35.Коомдук угуунун жыйынтыгьнда Жер участоктун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген мөѳнѳттө иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
36.Жер участокко укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куру документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер участокту берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Түзүлгѳн жер участоктун старттык баасы КР мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат. КР мыйзамдарында каралган учурларда жер участоктун баасы козголбос мүлктү кѳз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат.
Жер участокто муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, о.эле бүтѳ элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул объекттердин баасы да кошулат. Ыйгарым укуктуу орган жер участоктун баасы, анын ичинде кѳз карандысыз баалоо жүргүзүү менен жер участоктун планы алынгандан кийин 10 иш күндүн ичинде аныктайт (эсептейт). Кѳз каранды эмес баалоо жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган менен кѳз карандысыз баалоочунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
38. Ыйгарым укуктуу орган 3 иш күндүн ичинде жер участоктун анын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет.
39. Комиссия жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт.
Комиссия жер участокту тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алса, комиссия тѳмѳнкүлѳрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун түрү (менчик, ижара), жер участоктун старттык баасы. Гарантиялык акынын ѳлчѳмү, тоорукка катышуучулар аны тѳгүүчү мѳѳнѳт жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион ѳткѳрүлгѳн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс ѳткѳрүлсѳ).
Тоорук же түз сатуу ѳткѳрүлгѳндѳ тооруктун ар бир предмети боюнча старттык бааны комиссия кѳз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт. Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жѳнүндѳ чечими протокол түрүндѳ таризделет.
40. Ушул Жобонун 14-15-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жѳнүндѳ билдирүүгѳ милдеттүү.
41. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча информациялык пакет түзѳт, анда тѳмѳнкүдѳй маалыматтар камтылат:
- жер участоктун планынын копиясы, ага тиркелген материалдары менен кошо;
- жер участоктун старттык баасы;
- конкурстун шарттары (эгер конкурс ѳткѳрүлсѳ);
-гарантиялык акынын (барымтанын) ѳлчѳмү. Тоорукка катышуучулар аны тѳгүүсүнүн мѳѳнѳтү жана тартиби;
- жер участокту сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
- тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен берилчү жер участокту сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мѳѳнѳтү.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга информациялык пакетти берүүгѳ милдеттүү.
Информациялык пакет акы тѳлѳѳ менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
42. Ыйгарым укуктуу орган тоорук ѳткѳрүүлѳрдѳн отуз күндѳн кем эмес мурдатан жалпыга малымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук ѳткѳрүүлѳрү жѳнүндѳ билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүүдѳ тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети тооруктун предметинин старттык баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мѳѳнѳт, гарантиялык акы (барымта) тѳгүлүүчү банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш.
43.Жер участокторго менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндѳ өткөрүлөт.
44.Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго бөлүштүрулүүгѳ тийиш.
45. Тоорукта объекттер «бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
46.Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна, буларды берет:
тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү дркумент;
-талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу дркумент;
-адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
-гарантиялык акы (барымта) төлөнгѳнүн ырастоочу тѳлѳм документтер.
Жер участокко менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкѳлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин копиясы, акционерлердин реестринен кѳчүрмѳ ж.у.с).
47. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлѳшѳт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчү жер участоктун старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
48. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
49.Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчѳ төлөнѳт.
Гарантиялык акы (барымта) тѳмѳнкүдѳй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:
- тоорукта утпаган катышуучуга;
- эгер тоорук болбой калса;
- тоорукка катышуудан тоорук ѳткѳрүлѳѳрдѳн 3 күн мурда баш тартылса.
50. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жѳнүндѳ жазуу жүзүндѳ билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
Тѳмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
- арыз тоорук ѳткөрүлөѳрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөѳнөтү
бүткөндөн кийин берилсе;
-арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
- ушул Жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки кундөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
52. Тооруктун катышуучулары төмѳнкүдөй укуктарга ээ:
-тоорукка өзу же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
-тооруктун предмети жѳнүндө толук маалыматты информациялык пакетти алуу жолу менен алууга;
-тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндѳ тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлѳөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана ѳзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлген мөѳнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
-тооруктун предметин кароого;
-комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын копияларын алууга;
-тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
53.Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук ѳткөрүлгѳнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
54.Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
55.Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндѳн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсѳтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
56.Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лоту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ошол лот боюнча тоорукка андан ары катушуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
58. Аукцион ѳткѳрүүнүн тартиби.
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайыңдоочу аукциончу өткөрѳт. Аукциоңдо тооруктун башталашы болуп аукциончу лоттун номерин, торруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөруп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катьшуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Эгер аукциоңдун жүрүшүндѳ старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.
59. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте кѳрсѳтүлгѳн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөңдөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдѳрүнүн кѳзүнчѳ ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жѳнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын ѳлчѳмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкѳн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде илинген критейлир боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон ѳзгѳчѳ учурларда комиссия конкурсту ѳткѳрүү мѳѳнѳтүн үч күндѳн ашпаган мѳѳнѳткѳ узартса болот, ал жѳнүндѳ конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчѳлѳрү жана комиссиянын жыйынына катышьп отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат. Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндѳ комиссия конкурстун катышуучуларын өздѳрүнүн конкурстук сунуштарын тушүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндѳ протокол түзүлѳт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчѳлѳрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
60. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну комиссия жер участоктү түз сатуу жолу менен берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык арыз ээсине түз сатуу ѳткѳрүлчү күн жана орду жѳнүндѳ кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгѳ милдеттүү.
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлѳшүү жүргүзүү жолу менен шке ашырат.
Сүйлѳшүү процесинин жүрүшүндѳ комиссия жер участоктүн баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлѳшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
61.Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
62.Тоорук же түз сатуу ѳткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндѳ протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчѳлѳрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу ѳткѳрүлгѳн күнү кол коюшат.
63. Протоколго тѳмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат;
тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянты);
-тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер участокту түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
- тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
- ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Тооруктун же түз сатуунун жыйыктыгы жөнүндѳ протоколдун копиясы кол коюлган күндѳн кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында кѳрүнѳѳ жерге илинет.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса, гарантиялык акыны (барымтаны) эки ѳлчѳмдѳ кайра тѳлөөгѳ, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын тѳлѳп берүүгѳ милдеттү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да тѳккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта ѳткѳрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук ѳткѳрүү жѳнүндѳ жарыяланат.
65. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун, негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тооруктун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзѳт.
66. Жер участок үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен тѳлѳнсѳ болот. Накта акчалай тѳлѳнгѳн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына тѳгүлѳт.
Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого катышууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлѳндүрүү талап кылынбайт. Жер участокко менчик же ижара укугу козголбос мүлккѳ укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте
күчүнѳ кирет.
68. Жер участоктун схемасы укукту күбѳлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
69.Жер участокторду тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдѳн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул Жобонун 71-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн чыгымдарды жабууга жумшалат.
70.Жер участокторду менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, мамлекеттик каттоо органынын, кѳз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлѳѳгө байланышкан чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган кѳтөрөт.
71.Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.
Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик
же ижара укугун берүүнүн
тартиби жана шарттары жөнүндө
типтүү жобого тиркеме
Жер участоктун идентификациялык коду: _________________________________________________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду: _________________________________________________
Жер участоктун чеги (Куrg-06 координат системасындагы бурчтук чекиттердин координаты): _________
__________________________________________________________________________________________
Жер участоктун аянты: _____________________________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу: _________________________________________________________________
Кыртыш астындагы суулардын тереңдиги: _____________________________________________________
Участок техногендик жана коркунучтуу жаратылыштык процесстерге кабылышы мүмкүн (мүмкүн эмес):
__________________________________________________________________________________________
Жер участоктун чек аралары, инженердик тармактын трассалары, курулуш сызыгы, кызыл, сары, жашыл линиялар кѳрсөтүлүү менен М 1:500 топографиялык негизде чийилген схемасы.
1. Тандалган жер участоктун билдирилген пайдалануу ниетине, шаар куру документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине (пайдалануунун уруксаат берилген түрлѳрүнѳ) ылайыктуулугу. |
- Башкы план
| Шаар куруу документтеринин жана Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин бар экеңдиги (реквизиттери менен) жана аларга ылайыктыгы кѳрсөтүлѳт. |
- Деталдуу пландашгыруу долбоору |
|
Шаар куруунун башка документтери |
|
- Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участокту пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенти (жер участокту уруксат берилген пайдалануунун чектик параметрлери): | |
2.1. Жер участокту пайдаланууга уруксаттын түрлөрү |
|
2.2. Курулуштардын жер участоктун чегинен минималдуу алыстыгы |
|
2.3. Объектхин кабаттуулугунун чеги (максимум жана/же минимум кабаттуулук (бийиктик) |
|
2.4. Участокко курулуш максимум пайызы жана аянты |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектѳѳлѳр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектѳѳлѳрдүн зонасында жайгашкан учурда: | |
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча |
|
- санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык сактоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- экологиялык шарттар боюнча
|
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функциялык багытына жараша жер участокту пайдаланууга кошумча талаптар; | |
Жакшыртуу боюнча талаптар |
|
Фасаддарга талаптар |
|
Машина токтоочу жерлерди (машина токтоочу орундардын саны) жана участокко баруучу жолдорду уюштурууга карата талаптар. |
|
4. Негизги инженердик тармактарга кошуу шарттары | |
4.1 Инженердик тармактар |
|
Электр менен жабдуу | Кошу чекити бар экени жана ага чейинки аралык кѳрсѳтүлѳт. |
Менен жабдуу |
|
Канализация |
|
Жылуулук менен жабдуу жана жылуу суу менен жабдуу. |
|
Газ менен жабдуу |
|
Телефондоштуруу |
|
4.2 Пайдаланууга бѳүнгѳн аймактар боюнча инженердик тармактардын трассасынын ѳтүшү боюнча талаптар. |
|
4.3 Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: - трансформатордук подстанция (ТП) - газды жѳнгѳ салуучу шкафтык пункт (ГЖСШП); - кѳтѳрүүчү насостук станция (ЖНС) |
|
4.4 Иштеп жаткан инженердик тармактар бар экени жѳнүндѳ маалымат жана зарыл учурда аларды кѳчүрүүгѳ талаптар. |
|
3. Инженердик-техникалык кызматтар сунуш кылган инженердик-техникалык шарттар;
4. Жободо каралган учурларда экология, санитардык-эпидемиологиялык жана ѳрт кѳзѳмѳлү, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, ѳсүмдүктѳрдү багуу жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу.
Начальник
________________________________________________________________________________
(аймактык архитектура жана курулуш органынын жетекчисинин кызмат орду, аты-жѳнү)
Дата: «________»_________________ 20_____ж.
________________________________________
(колу)