Загрузка документа…
ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 4-апрели № 43
Тепке айыл окмотунун айыл мыйзамын бекитуу жонундо
Айыл аймагында жашаган жарандардын биримдигин,ынтымагын бекемдеп, коомдук тартипте орнотуу, турмуш тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында тепке айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепке айыл аймагындагы жергидликтуу оз алдынча башкаруу жааматынын коомдук жашоосундагы ыйык эрежелерди аныктаган Уставы айыл турмушунун негизги мыйзамы иретинде бекитилсин.
2.Токтом ченемдик укуктук актылардын каттоо журналына катталсын.
3.Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин мамлекеттик реестрге киргизу учун юстиция органдарына жиберилсин.
4.Токтомду аткарылышын козомолдоо милдети айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Шаршенбековго жуктолсун.
Тепке айылдык Кенешинин торагасы: |
А.Айтбосунов |
| “БЕКИТИЛДИ” Тепке айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы, 2013-ж. 4-апрель, № 43 токтому |
Биз, Тепке айыл аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугун/айыл жамаатын түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелерин аныктаган ушул Уставды айыл турмушунун негизги Мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында, биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук талаптарын, аймагыбызда жашаган баардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада салттарынын асыл нактарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз:
1.Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
1.Жалпы Жоболор
Өз алдынча башкаруу коомдоштугунун/мындан ары жамааттын/ негизги Мыйзамы болгон айыл мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
- өз алдынча башкарууга өтүүнүн негизги максаттарын;
- өз алдынча башкаруунун негизги принциптерин;
- жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуунун ж/а андан чыгуунун тартибин;
- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу;
- өз алдынча башкаруу жамаатынын экономикалык жана финансылык негиздерин коммуналдык/мындан ары ортолук/менчикке ээлик кылып, аны пайдалануунун жана башкаруунун тартибин;
- жамааттын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумунун жана коомдук тартиптин эрежелерин, жалпыга тиешелүү ыймандуулуктун, моралдын, этиканын, улуттук каада-салттарын асыл адеп нормаларын;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жамааттын мүчөлөрүнө колдонулуучу сыйлык чараларын;
- Айыл Мыйзамын бузган жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза көрүү чаралары;
- Айыл Мыйзамын кабыл алуунун жана ага түзөтүүлөрдү киргизүүнүн тартибин;
- жамааттын турмушундагы мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерин.
II. Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты - бул жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги баардык коомдук пайдалуу маселелерин өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги баардык маселелерди шартка жараша өз алдынча турмушка ашыруу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана убагында чечип туруу максатында, айылдык кеңештин аймагындагы өндүрүш каражаттарын, социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчигин жана финансылык- экономикалык базасын түзүүнү;
- айылдык кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана аны калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, алардын аң-сезимин жана активдүүлүгүн жогорулатууну;
- жамааттын ар бир мүчөсүнүн материалдык байлыгын арттыруу, жашоо-шартын жогорулатуу боюнча иштерди аткарууну.
III. Жамааттын өз алдынча башкаруу принциптери
Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү камсыз кылуусу, өзүн-өзү каржылоосу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынышы жана алардын эл алдындагы жоопкерчилиги;
- жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктагы маселелерди айкалыштырып чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик кээ бир ыйгарым укуктарын колдонуу;
- жамааттын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон айылдык кеңештин депутаттарынын жамааттын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми анын аткаруучу-тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өкүлдүк, аткаруучу–тескөөчү жана аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин чектелиши;
- жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын корголушу;
- социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулугу, ачыктыгы, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмарлары менен тыгыз байланышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда, айылдык кенеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
IV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
Жамааттын өз алдынча башкаруусу, анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
-жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы - айылдык кеңеш;
- айылдык кенештин аткаруучу- тескөөчү органы – айыл өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары/ айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кенештери, турак жайлык, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
- жамааттын материалдык-финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча көзөмөл тобу;
- жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат:
- жергиликтүү айылдык референдумдар;
- жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары;
- айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б.
Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк жана аткаруучу-тескөөчү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш аракеттери, ошондой эле жергиликтүү айылдык референдумдарын жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Айыл Мыйзамы аркылуу жөнгө салынат.
Эскертүү: жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз аймагында ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн, уюмдардын ж.б. түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
V. Жамааттын мүчөлүгү
1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
2. 16 жаш курагына жеткен, кенештин аймагында туруктуу жашаган ушул айыл мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден келген Кыргыз Республикасынын жарандары, паспорттук режимдин негизинде 3-күндүк мөөнөттө айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, 3-ай туруктуу жашагандан кийин жамааттын мүчөсү деп эсептелсин.
4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүн жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүн каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул Айыл мыйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын граждандары жергиликтүү жамааттын мүчөсү катары боло алат.
5. Жамааттын алдынча өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн жергиликтүү Кеңештин чечими менен “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган Кыргыз Республикасынын граждандары жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
6. Жамааттын мүчөлөрү өз каалоолору менен туруктуу жашоо үчүн башка жакка кетип жатса, паспорттук режимдин негизинде айылдык Кеңештин аймагында жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлккө ээлик болуучу мамлекеттик документи жана өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул Айыл Мыйзамын кабылдаган жана айыл талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары жамааттын мүчөсү катары эсептелинет.
7. Жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарылган граждандар эгерде кайрадан жамааттын мүчөлүгүнө кирүүнү кааласа, алардын мүчөлүккө кирүү жөнүндөгү арызын берген күндөн тартып 1 (бир) жылдык мөөнөткө сынак убактысы белгиленет жана ага көзөмөл болуучу адам бекитилет. Сынак убактысында алар Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды толук аткарган убакта гана кайрадан жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат.
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
Жамааттын ар бир мүчөсү ушул Айыл Мыйзамына ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот:
1. Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүнүйө-мүлкүнө жана башка абалына карабастан, төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
- жамааттын ишине башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана турмушка ашыруу боюнча иш аракеттерге катышууга;
- иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз пикирин айтууга жана баа берүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктын менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынын белгиленген тартиптин чегинде пайдаланууга;
- жергиликтүү референдумдарга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык кенештер менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- Айыл Мыйзамында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- Айыл Мыйзамынын эрежелеринин жамааттын башка мүчөлөрү жана башка адамдар бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алуу учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга жана алардын кызматына пайдаланууга;
- адал мээнет, ак эмгеги менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамааттын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгүнүн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Айыл Мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга;
- аталган укуктардан жана ушул Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамаатташтыктын мүчөлөрү гана пайдалана алат.
VII. Жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
1.Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Айыл Мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйындардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча милдеттүү түрдө аткарууга);
- элдик курулуштарда, жолдорду, көпүрөлөрдү, арыктарды, каналдарды салууда жана ремонттоодо жамааттын ар бир мүчөсү бир жылда 5 күн бекер иштеп берүүгө;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул мыйзамынын негизинде кабыл алынган чечимдерди аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- өзүнүн үйүнүн (короосунун) чегине чейинки көчөнүн бөлүгүнүн тазалыгын сактоого, өзү жана башка адамдар тарабынан булганбашына , акыр-чикир таштабасына көз салууга жана жол бербөөгө;
- кашаалардын (штакетниктердин) тосмолордун эстетикалык көрүнүшүнө, аларды өз убагында актап жана сырдап турууга, үйүнүн жанындагы көчө жарыгынын болушуна кам көрүүгө;
- мыйзамдуулукту бузууну бардык көрүнүштөрүн, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоо;
- уурулук кылуу фактыларын байкап же көрүп, угуп калган учурларда сөзсүз түрдө аны кварталдык комитеттерге, айыл башына дароо билдирүү;
- курчап турган табиятка (айлана-чөйрө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан жаныбарларга кыянатчылык менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- көчөдө өскөн бак-дарактарды, талдарды уруксаатсыз кыюуга жол бербөөгө;
- турак жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- жамааттын ар бир мүчөсү коомдук жана малдын арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында менчик малын тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди купкоодон өткөрүүгө жана өз убагында ветеринардык текшерүүдөн, кароодон өткөрүп турууга;
- адамдар арасында жугуштуу оорулардын тарашына жол бербөө максатында үйдөгү жаныбарларды (ит, мышыктарды) өз убагында ветеринардык каттоодон өткөрүп, тиешелүү эмдөөлөрдү жүргүздүрүп турууга;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жердин, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрдүн сарамжалдуу пайдаланууга;
- коомдоштуктун аймагында жайгашкан ар бир ишкана, чарбалар, соода түйүндөрү, ассоциациялар, бирикмелер, коомдор мектепте ж.б. мекеме уюмдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул кабыл алынган Айыл Мыйзамын так сактоого, сыйлоого жана анын талаптарын сөз сүз аткарууга;
- материалдык жактан жетишпеген, жалгыз бой адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, багаар көрөөрү жок адамдарга, жетимдерге, майыптарга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине өз ыктыярлары менен жардам көрсөтүп туруу;
- ар бир дыйкан, багаар көрөөрү жок, кары-картаңдарга, майыптарга мүмкүнчүлүккө жараша айылдык кеңештин алдындагы “Жардам” фондусу менен бирдикте жакырчылык картасына ылайык каттоодо турган жарандарга даректүү жардам берүүгө;
- - өзүнүн жана айланасындагы территорияны, көчөнүн бөлүгүн таза кармоого, кашааларды, тосмолорду оңдоп жана сырдап турууга, көчөдөгү жарык берүүчү түйүндүн иштөөсүн камсыз кылууга;
- - өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелердин сакталышына жана ушул багыттарда баардык иш чараларга милдеттүү түрдө катышууга;
- - айылдык курулуштарга, ишембиликтерге, ашарларга, жолдорду жана каналдарды куруу, оңдоо ж.б. коомдук иштерге катышууга;
- - айылды көрктөндүрүү, тазалоо жана жашылдандыруу иштерине катышууга;
- - жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдерин аткарууга;
- - мектептер жана жаштар уюмдары тарабынан кары картаңдарга, жалгыз бой адамдарга жардам көрсөтүү отряддарын /мурдагы Тимурчулар командасы сыяктуу / түзүү жана даректүү жардам көрсөтүүнү уюштуруу.
2.Өзгөчө милдеттер жана парздар:
- балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо ар бир ата-эненин милдети;
- ата-энелерине камкордук көрүү эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата энесинен багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багаар көрөөрү жок кары картаңдар, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жалпы жамааттын ыйык парзы;
- альтернативдик кызмат өтөп жаткан ар бир улан коомдук тартипти чыңдоо иштерине милдеттүү түрдө катышууга;
- улууга урмат, кичүүгө ызаат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукчулукка, бекерпоздукка, жалкоолукка барбоо жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо.
- өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоо үй-бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча, жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңдоо айыл аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети.
Той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүүнүн,
маркумдарды узатууну коомдук тартиби
Азыркы мезгилде аймагыбызда маркумду узатуу аземдеринде сөөктү 3 күн кармоо, бир нече бодо малдарды союу, арак берип көнүл айтуу, чон таштардан эстелик тургузуу, күмбөз салуу, темирден коргон куруу сыяктуу ашыкча ысырапкерчиликтер маркумдун үй-бүлөсүн ашыкча көп чыгымдарга дуушар кылып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, кошумча кыйын абалда калтырып жатканын баарыбыз көрүп билип жүрөбүз. Мындай терс көрүнүштөр динибизде да жок. Ошондуктан:
1. Сөөк чыккан үйдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу керек.Жакын адамдын жоготуп, кайгыга батып турган адамдардын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу туура эмес.
2. Маркумга атап үчүлүгү, жетилиги, кыркы, жылдыгы деген ырым-жырымдарды атуулдар оз мумкунчулугуно жараша чакан откозушсун..
3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөдөн айрып, “жыртыш” таратып берүү, шариатта жок, андыктан бул адатка да тыюу салынат.
4. Чоң таштардан кымбат баалуу материалдардан күмбөз салууга тыюу салынат.
5. Тазия болгон (аза күткөн) жер жерлерде спирт ичимдигин ичүүгө тыюуу салынат.
Той юбилей жана башка шаан-шөкөттөрдү өткөрүүнүн тартиби
I. 1, 5, 10, 15, 20, 25, 30, 40-жылдык деген юбилейлерди өткөрүүгө тыюу салынат.
II. Тойлордо ЗАГСка чыкканда эки жеңил автомашина менен чыгууга уруксат. Ашыкча 5-10 автомашиналар менен чыгууга тыюу салынат.
III. Тойлор түнкү саат 23.00 кийин улантылбайт.
IV. Коомдук жайларда мас жүрүүгө тыюу салынат.
V. Спирт ичимдигин сатуу түнкү саат 20.00 кийин тыюу салынат.
VI. Спирт ичимдигин, тамекини сатуу жаш өспүрүмдөргө сатууга тыюу салынат.
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык жана экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарды сактоо жана өнүктүрүү;
- жамааттыктын мүчөлөрүнүн арасында интернационалдуулукту өнүктүрүү максатында айылда жашаган улуттардын каада-салттарын жайылтууга карата майрамдарды өткөрүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- мыйзамдарга жана ушул Айыл Мыйзамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
IХ. Жамааттын өз алдынча башкаруусунун
экономикалык жана финансылык негиздери
1. Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу кыймылдуу жана кыймылсыз дүйнө мүлктөр, социалдык маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйындар жана каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар жана инвестициялар;
- ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акылар;
- өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор;
- тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн, гранттардан жыйналган финансылык ресурстар.
2. Жамааттын финансылык экономикалык негиздерин түзгөн байлыктарды айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кенеш тарабынан аныкталат.
3. Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланышына коомдук көзөмөлдөө айылдык кеңеш тарабынан түзүүчү 9 адамдан турган элдик көзөмөл тарабынан жүргүзүлөт.
Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүчүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
Х. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралар
1. Айыл Мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- мактоо баракчаларын тапшыруу;
- “Ыймандуу үй-бүлөө”, “Үлгүлүү үй, көчө, квартал”, “Алдыңкы чарба”, “Алдыңкы жамаат”, “Элдик уул”, “Алдыңкы дыйкан” деген наамдарды ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү
2. Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдык, кварталдык жашоочулардын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына таандык;
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, “Ыймандуу үй-бүлөө”, “Үлгүлүү үй”, “Көчө”, “Квартал”, “Алдыңкы чарба”, “Алдыңкы жамаат”, “Элдик уул”, “Алдыңкы дыйкан” деген наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак тактасына жана Ардак китебине жазуу, “Айылдын ардактуу атуулу” ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кенеш тарабынан кабыл алынат.
ХI. Жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралар
1. Айыл Мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралар колдонулат:
- ооз эки жана жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктердин жана берилген ардак наамдан ажыратуу;
- белгиленген тартипте айыл жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
3. Айыл Мыйзамынын эрежелеринин одоно түрдө бузган же өз милдетин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
а) айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө жана жооптуу кызматкерлерине:
- жазуу жүзүндө эскертүү;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу;
- айыл өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
б) айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен чечими менен:
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.
в) айылдык кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
ХII. Жамааттын өзгөчө укуктары
1. Жамаатка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттар менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам чегинде белгиленген тартипте ар кандай деңгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жамаат чет өлкөлүк, эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
ХIII. Айыл Мыйзамын (Уставын) кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
1. Жамааттын Айыл Мыйзамын (Уставынын) долбоорун айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн атайын комиссия иштеп чыгат. Комиссия тарабынан даярдалган Айыл Мыйзамынын долбоору айылдык кеңештин жыйналышында бекитилип жамааттын мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлат.
Талкуулоого түшкөн сунуштардын негизинде комиссия Айыл Мыйзамынын долбооруна тиешелүү кошумчаларды киргизип, айылдык кеңештин кароосуна коюлат.
Айылдык кеңеши тарабынан бекитилген долбоор юридикалык экспертизадан өткөрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлөт. Юридикалык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Айыл Мыйзамы күчүнө кирет.
2. Айылдык курултайда кабыл алынган Айылдык Мыйзам (Устав) областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөндөн кийин ал айыл өкмөтү тарабынан жамааттын мүчөлөрүнө жетишүү нускада жарыяланат (жамааттыктын гезити, атайын чыгарылган китепчелер аркылуу).
3. Айыл Мыйзамы жамааттын бардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга жатат.
4. Жамааттын Айыл Мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, аксакалдар соту жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрү жүзөгө ашырышат.
5. Айыл Мыйзамына (Уставка) түзөтүүлөрдү, алымча, кошумчаларды киргизүү ушул Мыйзамына кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
ХIV. Жыйынтык тилек
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
“Ырыс алды ынтымак” деп, ушул өзүбүз кабыл алган Айыл Мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюуусуз аткаралы.
“Сабырдын түбү сары алтын” деп, чекилик иштерге барбай, нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укукту толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп, өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы!
Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кембагалыбыз байып, өнөрлүүбүз, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман ынсап кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет.
Жараткан бизге ушул койгон ыйык милдеттерди аткарганга күч кубат берсин!