Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 17-апрели №26-22/1
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012 жылдын 6 июнунда кабыл алынган №26-5/5 «Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыктын алдында жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүн
ачуу жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы А.К.Мамбеталиевдин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012 жылдын 6 июнунда кабыл алынган №26-5/5 «Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыктын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүн ачуу жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн Жобосун аракеттеги мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012 жылдын 6 июнунда кабыл алынган №26-5/5 «Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыктын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүн ачуу жөнүндөгү» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдогу «Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын алдында» деген сөздөрүнүн ордуна «Каракол шаарынын мэриясынын алдында» деп жазылсын;
- биринчи пункттагы «Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмү» деген сөздөрдүн ордуна «Каракол шаарынын мэриясынын алдында жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмү» деген сөздөр жазылсын;
2. Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн Жобосу бекитилсин (№1 тиркеме).
3. Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматов жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүн каржылоону, штаттык сыраттаманын негизинде жана сунушталган сметага ылайык, бөлүмдүн кызматкерлеринин айлык акылары МСКнин кызматкерлеринин айлыктарындай болуусун эске алуу менен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
6. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | У.Турсунбаев |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 17.04.2014ж. №26-22/1 токтомуна №1 тиркеме |
Бул жобо, «Мамлекеттик салык кызматы жѳнγндѳгγ» жободо кѳрсѳтγлгѳн негизги милдеттердин жана функциялардын алкагында, Каракол шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγнγн негизги милдеттеринин жана функцияларынын курамын аныктайт.
1.Жалпы жоболор:
1.1 Бул жобо Каракол шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγн уюштурууга анын ишмердγγлγгγнѳ болгон бирдиктүү талаптарды бекитет жана анын кызматкерлеринин укуктук макамын аныктайт.
1.2 Каракол шаарынын мэриясынын астында жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγ боюнча структуралык бѳлγкчѳсγ. Каракол шаарынын мэриясынын астында жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγнүн юридикалык адреси Ысык-Көл областы , Каракол шаары, К.Тыныстанов көчөсү №21. Орусча аталышы: «Отдел местных налогов и сборов при мэрии по городу Каракол», мамлекеттик тилде: «Каракол шаарынын мэрясынын алдында жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγ», кыскартылган аты-ОМНиС при мэрии г.Каракол; Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы ЖС жЖБ.
1.3 θзγнγн ишмердγγлγгγндѳ жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын салык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жѳнγндѳгγ» мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын θкмѳтγнγн ченемдик – укутук актыларын, Кыргыз Республикасынын θкмѳтγнγн алдындагы МСК, Каракол шаары боюнча МСКБгы жѳнγндѳгγ жобону, ведомстволук ченемдик актыларды,ушул жобону, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорун жетекчилике алат.
1.4 Болум ѳзγнγн ишмердуулугун Каракол шаары боюнча МСКБнын башка структуралык бѳлγкчѳлѳрγ менен байланышта жγргγзѳт.
2.Бѳлγмдγн негизги милдеттери жана функциялары
2.1 Бѳлγмдγн негизги милдеттери тѳмѳнкγлѳр:
-Мамлекеттик бюджеттин киреше бѳлγгγнѳ жергиликтуу салыктардын, жыйымдардын толук кѳлѳмдѳ, ѳз убагында тγшγшγн камсыз кылуу, жыйноо жана кѳзѳмѳл жγргγзγγ;
-Жергиликтγγ салыктар жана жыйымдардын тγшγшγнѳ талдоо, мониторинг, божомол жγргγзγγ;
- салык тѳлѳѳчγлѳр тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана ченемдик актыларын аткарууну камсыз кылуу;
- салык мыйзамдарын бузууга алып келγγчγ себептерди, шарттарды аныктоо жана жоюу;
- салык тѳлѳѳчулѳр, уюмдар, мамлекеттик органдар берген маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо.
2.2. Жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγ ага жγктѳлгѳн милдеттерге ылайык тѳмѳнкγ функцияларды аткарат:
- башка Мамлекеттик органдар менен бирдикте кѳзѳмѳлдγк рейдтерди жγргγзѳт, коро жай участкалары γчγн жер салыгын тѳлѳбѳгѳндѳрдγ аныктоо боюнча ишти уюштурат, координациялайт.
- Каракол шаары боюнча МСКБнын башка бѳлγмдѳрγ менен салык кѳзѳмѳл боюнча рейдтерди жана жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγн толуктоо жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдулуугун сактоо максатында салык постторун орнотууну жургγзѳт;
- аракеттеги салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, бѳлγмдγн компетенциясына кирген маселелер боюнча укук коргоо органдарынын, соттордун, каржы полициясынын, прокуратура органдарынын, салык тѳлѳѳчγлѳрдγн жана атуулдардын каттарын, арыздарын, кайрылууларын кароону жана аткарууну жγргγзѳт.
- салык мыйзамдуулугун, отчеттордун формаларын ѳркγндѳтγγ боюнча сунуштарды киргизет. θз ишин Каракол шаары боюнча МСКБнын башчысы бекиткен план боюнча жγргγзѳт.
3. Жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγнγн укуктары жана милдеттери
3.1. θзγнγн милдеттерин аткаруу γчγн жергиликтγγ салыктар жана жыйындар бѳлγмγнγн кызматкерлери тѳмѳнкγ укуктарга ээ:
- салык тѳлѳѳчγγлѳрдѳн бекитилген формадагы отчетторду жыйнаганга: таштандыны чыгаруу γчγн, короо жай участкаларына жана бактарга болгон жер салыгы γчγн;
- салык эсептерине ылайык, салык тѳлѳѳчγγлѳрдγн маалыматарын изилдѳѳгѳ, талдоого;
- салык базасын, салык тѳлѳѳчγγлѳр тарабынан салык мыйзамдуулугу аткарылышын изилдѳѳ максатында, коро жай участкаларынан жер салыгы боюнча жерине барып кароо жγргγзγγгѳ;
- Каракол шаары боюнча МСКБнин башка бѳлγмдѳрγнѳн ѳз милдеттерин аткарууга керек болгон маалыматтарды алууга;
- Каракол шаары боюнча МСКБнын жетекчилигине докладтардын, аныктамалардын долбоорлорун даярдоого, жогоруудагы мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, жеке ишкерлер менен бѳлγмдγн компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга;
- бѳлγмдѳрдγн ѳз ара иштешуу структурасына ылайык, чарба жγргγзγγчγ субъектер жѳнγндѳ маалыматтарды иштетγγ γчγн берγγгѳ, алууга.
- мыйзамдарда каралган мамлекеттик социалдык жана укуктук коргоого жана айрым учурларда кызматкерлердин γй-бγлѳлѳрγнγн мγчѳлѳрγнѳ дагы.
3.2. Бѳлγмдγн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, ѳзγлѳрγнγн кызматтык жана функционалдык милдеттерин абийирдγγ, сапаттуу аткарууга, кызматтык жана башка, мыйзам тарабынан корголуучу сырларды, мамлекеттик кызматкерлердин тартибинин ченемдерин сактоого милдеттγγ.
4.Башка жоболор
4.1 Жергиликтγγ салыктар жана жыйымдар бѳлγмγнγн кызматкерлери мэриянын, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин жана Каракол шаары боюнча МСКБнын кызматкерлеринен тγзγлгѳн комиссия тарабынан, конкурстук негизде ишке алынышат.
4.2 Эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык төлөнсүн.
5.Жобону өзгөртүү
5.1. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекитет жана алар Кыргыз Республикасынын адилет министрлигинин органдарында катталгандан кийин күчүнө кирет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы: |
Майрыков Э.А. |