Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 17-апрели №26-22/2
«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгисинин
эскизин бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгисинин эскизи боюнча конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» төш белгисинин эскизи бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бултоктомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | У.Турсунбаев |
| Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 17.04.2014 ж. №26-22/2 токтомуна № 1 тиркеме |
« Каракол шаарынын ардактуу атуулу» белгисинде үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз мамлекетинин желеги берилди. Ал эми астынкы борборунда Каракол шаарынын желеги, тегерете агыш түстүн фонунда кочкул боз түс менен контур рельеф негизинде, « Каракол шаарынын ардактуу атуулу» жазуусу жазылган. Жазуунун сырткы бөлүгүнөн тегерете саргыч тус жана кызыл лента менен бириктирилип байланган, тынчтыктын, символу болгон лавр жалбырагы.
Белгинин өлчөмдөрү:
Кыргыз мамлекетинин желеги тартылган белгинин өлчөмү -3,2смх1.6см. калындыгы- 0.16 см.
Астынкы бөлүгүндө Каракол шаарынын желеги тартылган айлананын сырткы - Ф 2.4 см.
« Каракол шаарынын ардактуу атуулу» жазуусунун сырткы - Ф 3.4см.
Лавр жалбырагы түшүрүлгөн белгинин туурасы -4.6см, бийиктиги -5.2см.
Эки бөлүк бири-бири менен шакекче аркылуу бириктирилет.