Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-марты № 28/10-6
“Чолпон-Ата шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин органдары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын шаардын жашоочулары менен тыкыс иш алып баруусун камсыздоо, кварталдык жана үй комитеттеринин ишин иретке келтирүү менен туура иштерди алып баруу максатында Чолпон-Ата шаардык Кенеши токтом кылат:
1.Чолпон-Ата шаарынын кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобосу бекитилсин.
2.Чолпон-Ата шаарынын мэриясына:
-жалпы элдик жыйынында жашоочуларын “Кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобо менен тааныштыруу тапшырылсын;
-шаардык кварталдык комитеттерге аймактык чектерин тактап, алардын жоопкерчилигин көтөрүү максатында курамы ирилештирилсин;
-жобого ылайык жолугушууларды өткөрүп, кварталдык жана үй комитеттеринин жаңы курамы түзүлсүн.
3.Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин 2007-жыл 15-марттагы №5 токтому жокко чыгарылсын.
3.Токтом шаардык Кеңештин реестрине катталсын жана областтык юстиция башкармалыгына мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
4.Токтом мамлекеттик тилде басылып, массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана мекеме-ишканалар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына (Т.С.Чекиров) жүктөлсүн.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы: |
Б.Иманбеков |
| БЕКИТИЛДИ Чолпон-Ата шаардык Кенешинин 26-март 2014-жылдагы №28/10-6 токтому менен |
1.Кварталдык жана үй комитеттери. Жалпы жобо
2.Кварталдык жана үй комитеттеринин максаттары.
3.Кварталдык жана үй комитеттеринин укуктары жана милдеттери.
4. Кварталдык жана үй комитеттерин башкаруу.
Жыйынтыктоо
I. Жалпы жоболор.
1.1.Кварталдык жана үй комитеттери кварталдын, көчөнүн, үйдүн аймагындагы коомчулуктун иш-алып баруу демилгесин өркүндөтүүгө, жарандарды мамлекеттик, чарбалык жана социалдык-маданий маселелердин чечилишине тартуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын баштапкы коомдук комитеттери болуп саналат.
1.2Кварталдык комитеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын сунушу менен түзүлөт жана шаардык кеңеш менен мэриянын токтомдору менен бекитилет.
1.3 Кварталдык жана үй комитеттери ушул комитеттер камтыган аймакта жашаган жашоочулардын жалпы жыйындарында 50%, үй комитеттери квартирада жашагандардын 30% катышуусу менен шайланат. Кварталдык жана үй комитеттери төрагаларын шайлоо үчүн жашоочулардын жыйындары шаардык мэриянын же шаардык кенештин чечими менен чакырылат.
1.4Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалыгына талапкерлер шаардык кенеш менен макулдашылып. Шаардын жалпы жыйынында шайлангандан кийин шаардык мэрия тарабынан бекитилет.
Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларын шайлоо боюнча жыйындардын өткөрүү тартиби депутаттык топтор менен макулдашылгандан кийин аймактык кенеш менен аныкталат.
Жалпы чогулушта жарандардын жарымынан көп добуш алган жактар кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына шайланган болуп эсептелет.
1.5.Кварталдык жана үй комитеттери өзүлөрүнүн арасынан төраганын орун басарын жана катчысын дайындайт жана мүчөлөр арасында милдеттерин бөлүштүрүшөт.
1.6.Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары 4(төрт) жылдык мөөнөткө шайланышат.
Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары,мүчөлөрү төмөнкү учурларда ыйгарым укуктарынан четтетилет:
Чолпон- Ата шаардык мэриясынын, депутаттык топтун көрсөтмөсү менен тапшырылган милдеттерин аткарбаган убакта;
-Тастыкталган коллективдик арыздын негизинде;
-Өздүк арызынын негизинде же ден- соолугуна байланыштуу;
Кварталдык жана үй комитеттерин мөөнөтүнөн мурда шайлоо депутаттык топ менен мэриянын биргелешкен токтомуна ылайык:
-төраганын бошонуусу;
Комитеттин курамынан жарымынан көп мүчөлөрүнүн чыгышы;
1.7. Кварталдык жана үй комитеттери депутаттык топторго, мэрияга,элдик жыйынга,коомдук кенештин алдында жооптуу;
II.Кварталдык жана үй комитеттеринин максаттары
Кварталдык жана үй комитеттери шаардын көрктөндүрүү, сактоого, колдонууга жана турак- жай коммуналдык чарбасын жакшыртууга,санитардык иш чараларды өткөрүүгө коомдук тартипти бекемдөөгө активдүү катышат.
Бул максатта кварталдык жана үй комитеттери
а) кварталдын, көчөнүн,үйдүн жашоочуларынын каттосун жүргүзөт;
б)жарандардын паспорттук режимин көзөмөлүнө көмөк көрсөтөт, каттоодо жок жарандарды каттайт.
в) жашоочулардын көрктөндүрүү иштерин уюштуруусун (үйлөрдү актоо, короолордун тегерегин тазалоо, көчөттөрдү отургузуу, кашааларды сырдоо, арыктардын тазалоо) камсыз кылат.
г) билим берүү тармагына мектеп жашындагы балдарды каттоо,мектепке барбаган балдарды таап чыгуу, балдардын кароосуз калуусуна каршы күрөшүү.
д)медицина тармагында дарылоо-профилактикалык иштерине, жашоочулардын санитардык- агартуучулук иш- чараларына көмөк көрсөтөт.
ж) финансы органдарына өз учурунда жашоочулар тарабынан салыктын төлөөнүн тартибине ылайык жардам берүүгө катышат.
з) жардамга муктаж болгон согуштун жана эмгектин майыптарына, согушта курман болгондордун үй бүлөөлөрүнө жана багар- көрөөрү жоктордун жалгыз бой карылардын, аскер кызматындагылардын үй бүлөөлөрүнө кам көрөт, алардын үй бүлөөсүнүн жашоо шартын изилдейт. Зарыл болгон учурда коомдук кенештер, мэрия аркылуу жардам берүүнү уюштурат.
и) Коомдук кенештер, мэрия менен бирдикте өз ыктыярдуу элдин кошундарды жашаган жери боюнча уюштурат.
к) шаардык кенештин депутаттарын шайлоочулар менен кезигүүсүн уюштурат.
III. Кварталдык жана үй комитеттеринин укуктары жана милдеттери
Кварталдык жана үй комитеттерине төмөндөгүдөй укуктар берилген:
а) кенештин ишмердүүлүгүнө кирген жыйындарды чакырууга, кварталдын, көчөнүн,үйдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрияга сунуш киргизүүгө;
б) аймакты көрктөндүрүү маселелери боюнча иш планын түзүүгө активдүү катышат.
в) өзүнүн территориясында курулуш эрежелерин көзөмөлүн жүргүзөт,жерди рационалдуу пайдалануу жана коргоо, турак-жайды туура кармоо ж.б өзүнүн иши боюнча аймактык кенешке кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш киргизет.
г) кварталдын,көчөнүн, үйдүн жашоочулары тарабынан турак- жайды экплуатациялоонун тартиби, санитардык нормалары жана башка эрежелерин колдонуу боюнча коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жалпы жыйында, кварталдын,көчөнүн, үйдүн чогулушунда талкуулоо же болбосо материалдарды аксакалдар сотуна жөнөтөт.
д) шаардын жашоочуларынын жашагандыгы, үй бүлөлүк абалы жана мүлкү тууралуу маалым кат берүү үчүн өз алдынча чарба китептерин жүргүзөт.
е) Кварталдык жана үй комитеттери жашоочулардын коомдук уюмдары болгондугуна байланыштуу өз алдынча буйрук жана токтомдорду чыгара алышпайт, ошондой эле айыптарды өндүрө албайт, финансылык- чарбалык иштерди алып бара албайт.
IV. Кварталдык жана үй комитеттеринин ишин уюштуруу
2.1. Кварталдык жана үй комитеттери өзүлөрүнүн ишин Чолпон- Ата шаардык мэриясы менен макулдашылган пландын негизинде алып барат.
2.2. Кварталдык жана үй комитеттеринин жыйындары зарыл болгон учурда чакырылат, бирок кварталда бир жолдон кем эмес.Бардык маселелер комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет жана протоколго киргизилет.
2.3. Кварталдык жана үй комитеттери өзүлөрүнүн ишинде зарыл болгон учурда коомдук комиссияларды (тазалык, аялдар менен иштөө,балдар менен иштөө, коомдук тартипти бекемдөө, көрктөңдүрүү жана жашылдандыруу, аз камсыз үй бүлөөлөр менен иштөө) түзөт.
V. Кварталдык жана үй комитеттерин жетектөө.
3.1.Чолпон-Ата шаардык мэриясы кварталдык жана үй комитеттеринин бардык ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат:
а) Кварталдык жана үй комитеттерине экономика жана социалдык- маданият тармагы боюнча пландарды тааныштыруу, жакынкы жылга карата комитеттердин милдеттери жөнүндө жыйындарды өткөрөт.
б) Иш алып баруу ишмердигин текшерүүнү уюштурат,жардам берет жана отчетторун талкуулайт.
в) Кварталдык жана үй комитеттеринин практикалык ишмердүүлүгүнө зарыл болгон шарттарды түзүп берет, аларды керектүү (иш кагаздары, жөлөк жардамдарды) материалдар менен камсыздайт.
г) Кварталдык жана үй комитеттеринин ортосунда мелдештерди уюштурат, мыкты комитеттердин мыкты иштерин жыйынтыктайт жана жайылтат, комитеттин мүчөлөрүн сыйлыкка сунуштайт.
д) Бир жумалык мөөнөттө кварталдык жана үй комитеттеринин сунушун карайт жана зарыл болгон учурда чараларды көрөт.
3.2 Чолпон- Ата шаардык мэриясы мыйзамга туура келбеген учурда, аз-аздан же толугу менен кварталдык, үй комитеттеринин жыйынында же жалпы жыйында кабыл алынган чечимдерин жокко чыгара алат.
Жыйынтыктоо
1. Кварталдык жана үй комитеттеринин ишмердиги төмөндөгү учурда токтотулат:
-жалпы жыйындын чечими, аймакта жашаган жашоочулардын конференциясы
-мыйзамда каралган башка учурларда.
Чолпон-Ата шаардык Кенешинин төрагасы: |
Б.Иманбеков |