КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 11-январы № 3
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |