МыйзамКүчүндө

КР 2014-жылдын 11-январындагы № 3 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция11.01.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

 

2014-жылдын 11-январы № 3

 

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев