Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-январы № 16
Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап, гумандуулук жана боорукерлик принциптерине негизденип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесин жетекчиликке алып:
1-берене.
Жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөр бошотулсун:
1) беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпеген адамдар;
2) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;
3) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, же алардын багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар адамдар;
4) үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар, ошондой эле кош бойлуу аялдар;
5) I жана II топтогу майыптар;
6) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан ашык эмести түзгөн адамдар;
7) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.
2-берене.
Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде жаза өгөгөн жерге, камакта кармоо жана аскер кызматын өтөгөн жерлерге ыктыярдуу келсе. адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрү ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу"), 337-статьясы ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясы ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын 1-бөлүгү ("Аскерден качуу") менен каралган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдарга жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылсын:
1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго - жарымын;
2) 5 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда атайылап жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген соттолгондорго - жарымын;
3) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 5 жылдан ашык жана 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бирине;
4) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылдан ашык жана 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - төрттөн бирине;
5) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бирине;
6) тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге - жарымын.
2. Ушул Мыйзамга ылайык аларга карата жазанын мөөнөтү кыскартылган адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жазанын мөөнөтүн жаңыча эсептөө жөнүндө кол койдуруу менен расмий маалымдалууга тийиш.
4-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 97-статьясы, 104-статьясы, 123-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү, 124-статьясы, 125-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү, 129-133-статьялары, 154-статьясынын 2-бөлүгү, 156-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрү, 164-статьясынын 4-бөлүгү, 165-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрү, 166-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрү, 167-статьясынын 4-бөлүгү, 168-статьясынын 2, 3 жана 4-бөлүктөрү, 170-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү, 171-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрү, 172-статьясынын 3-бөлүгү, 181-статьясынын 2-бөлүгү, 183-статьясы, 188-статьясынын 2-бөлүгү, 190-статьясынын 2-бөлүгү, 198-статьясы, 204-статьясынын 2-4-бөлүктөрү, 208-статьясынын 2-бөлүгү, 226, 226-1, 227, 229-233-статьялары, 234-статьясынын 3-бөлүгү, 240-статьясынын 3-бөлүгү, 241-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү, 245-статьясы, 246-статьясынын 4-бөлүгү, 247-249-статьялары, 250-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү, 252-статьясы, 254-статьясынын 3-бөлүгү, 260, 261, 263-статьялары, 266-статьясынын 3-бөлүгү, 292-299-2-статьялары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-статьясынын 1-бөлүгүнөн (шалаакылык) тышкары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-главасы (кызматтык кылмыштар), 319-статьясы, 320-статьясынын 4-бөлүгү, 321-1-статьясы, 322-статьясы, 324-статьясынын 3-бөлүгү, 325-статьясынын 3-бөлүгү, 326-статьясынын 3-бөлүгү, 328-статьясынын 2-бөлүгү, 332-статьясынын 4-бөлүгү, 336-статьясынын 3-бөлүгү, 338, 340-статьялары, 341-статьясынын 2-бөлүгү, 345-статьясы, 373-376-статьялары менен каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
5-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;
3) коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;
4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар деп табылган адамдарга;
5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн адамдарга;
6) жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу бөлүгүндө аларга карата мурда мунапыс же ырайым кылуу актылары колдонулган жана кайрадан билип туруп кылмыш жасаган адамдарга;
7) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун) курамында кылмыш жасаган адамдарга;
8) кызматтык кылмыш жасаган адамдарга (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясы, 304-статьясы, 304-1-статьясы, 305-статьясы, 305-1-статьясы, 305-2-статьясы, 306-статьясы, 307-статьясы, 307-1-статьясы, 308-статьясы, 308-1-статьясы, 309-статьясы, 313-статьясы, 313-1-статьясы, 313-2-статьясы, 314-статьясы, 315-статьясы, 315-1-статьясы).
6-берене.
Кыргыз Республикасынын соттору, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана жазаны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөп жаткан адамдар ушул Мыйзамдын колдонулушуна дал келет. Акыркыларга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет.
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазаны анын чегинен тышкары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын санкциясы менен аймагында соттун өкүмүн аткаруу жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык келишимдердин негизинде чечилет.
7-берене.
Айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн коркунуч туудурган оорулардан (кургак учук, карантиндик жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) жабыр тарткан адамдарга карата, ошондой эле аларга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жана алар ушул Мыйзамга ылайык жазадан бошотулууга жаткан адамдарга карата мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.
8-берене.
Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон жөнүндө зарыл маалыматтар жок болгондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе кошумча материалдарды алганга чейин кийинкиге калтырылат. Ушул Мыйзамдын аткарылышы жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тиешелүү уюмдардан, мекемелерден суратып алуу укугу берилет. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга жатат.
9-берене.
Аларга жазанын мөөнөтү мурда ырайым кылуу же мунапыс тартибинде кыскартылган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда ырайым кылуу же мунапыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жазанын мөөнөтүнө негизденүү керек.
10-берене.
Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча соттолгон, ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасаган адамдар жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотулууга жатпайт.
11-берене.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө жазанын өтөлө элек мөөнөтүнө негизденүү керек.
12-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган жана анын ичинде асырап алган же болбосо камкорчулукка алынган, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө 18 жаш курагына жете элек балдары, же болбосо алардын курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүкүтөрү чектелүү балдары бар адамдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кош бойлуу аялдар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга I жана II топтогу майыптар, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамдар менен белгиленген тартипте ошондой деп табылган адамдар кирет.
13-берене.
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) тергөө жана прокуратура органдарына - алардын кылмыштары жөнүндө иштер жана материалдар ал органдардын өндүрүшүндө болгон адамдарга карата;
2) сотторго:
- алардын кылмыштары жөнүндө иштер соттордун өндүрүшүндө болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин карала элек адамдарга карата, ошондой эле алардын кылмыштары жөнүндө иштер каралган, бирок өкүмдөр мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;
- жаза пулга, үч эсе айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле өкүмдү аткаруу мөөнөтү аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;
3) түзөтүү мекемелеринин, тергөө изоляторлорунун начальниктерине - түзөтүү мекемелеринде жүргөн, жазаны андан ары өтөөдөн жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө толук бошотулууга жаткан соттолгондорго карата;
4) жазык-аткаруу инспекцияларына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга жана жазадан шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазык-аткаруу инспекцияларынын контролунун астында жүргөн адамдарга карата;
5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон аскер кызматчыларына карата.
14-берене.
Ушул Мыйзамды колдонуу прокурор тарабынан санкцияланган ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
Токтомго соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары менен жаза чаралары жөнүндө маалымкат жана мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
Соттор тарабынан ушул Мыйзамды колдонууда прокурордун катышуусу милдеттүү болот.
Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн же болбосо мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
Материалдык зыяндын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдардан тышкары, доолук карыздары бар адамдарга карата жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан материалдык зыяндын суммасынын орду толук толтурулгандан кийин кабыл алынат.
15-берене.
Кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдар ушул Мыйзамдын колдонулушуна дал келет.
16-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди алар жашаган жерине келгенден кийин өз убагында эсепке турушуна, алардын эмгекке орношуусуна же ата-энелеринин же болбосо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл учурларда аларды жашаган жерине келген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, жатак-мектептерге жайгаштырууга көмөк көрсөтүүнү;
2) жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын ишин координациялоону;
3) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында эсепке алууну, аларды жашаган жерине келген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусун уюштурууга; аларды багып алышы мүмкүн болгон туугандары жок, жазадан бошотулган майыптарды жана улгайгандарды майыптар же улгайгандар үчүн үйлөргө жайгаштырууга;
4) алардын коомго тезирээк көнүгүшүнүн максатында ушул Мыйзамдын негизинде эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулган адамдар менен айкын реабилитациялык жана алдын алуучулук иш-чараларын жүргүзүүгө ички резервдерди издеп табууну же болбосо каражаттарды тартууну.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына башка органдар менен биргелешип жазадан бошотулган жана кургак учуктун оор түрү менен ооруган адамдарды атайын дарылоо мекемелеринде эсепке алууну жана аларга жиберүүнү милдеттүү тартипте уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жарандары болуп саналган, жазадан бошотулган адамдарды эсепке алууну жана өлкөдөн чыгарып жиберүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын.
17-берене.
Ушул Мыйзамды белгилүү мөөнөттө аткарбоого же тиешелүү түрдө аткарбоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
18-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |