Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-январы № 23
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-берененин үчүнчү абзацында "майыптар үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу турушу үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
Ушул Мыйзам эл каттоого даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн, катталуучу адамдар жана турак жай фонду жөнүндө жекече маалыматтарды чогултуу жана сактоонун жүрүшүндө, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жана Кыргыз Республикасынын калкына социалдык-демографиялык изилдөө жүргүзүүнүн (мындан ары - эл жана турак жай фондун каттоо) жыйынтык маалыматтарын жарыялоодо жана башкача түрдө таркатууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.".
4. 3-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл жана турак жай фондун каттоо жана Кыргыз Республикасынын калкына социалдык-демографиялык изилдөө жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.";
3-бөлүгүндө "Президенти же" деген сөздөр алып салынсын.
5. 4-беренеде:
1-бөлүгүндө "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацында "эл аралык нормалар менен стандарттарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгүндө "белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-беренеде:
1-бөлүгүндө "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгүндө ", соода" деген сөз алып салынсын; "белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 8-беренеде "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 9-беренеде:
1-бөлүгүндө "Эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгүндө "Эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 10-берененин 1-бөлүгүндө "Эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 11-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 12-беренеде "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "статистикалык маалыматты пайдалануунун тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 14-берене "Эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фонду" деген сөздөр менен толукталсын; "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларды чакыруунун жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жол-жоболоштуруунун кабыл алынган тартибине ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 15-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |