Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 1-февралы № 21
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 12-пункт "үй чарбалары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле статистикалык мүнөздөмөлөрдү алып жүрүүчүлөр болуп саналган башка субъекттер, объекттер, кубулуштар же окуялар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Статистикалык изилдөөлөр жалпы же тандалма негизде жүргүзүлөт.";
2) 9-берененин 3-бөлүгүндөгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Башка консультативдик органдар
1. Улуттук статистика комитетинин төрагасы расмий статистикада стратегиялык жана координациялык ишти колдоо үчүн улуттук статистика тутумуна кирген же кирбеген мүчөлөрү менен башка консультативдик органдарды түзүүгө укуктуу.
2. Консультативдик органдардын ишинин тартиби жана курамы Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.";
4) 13-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Каттоо
1. Каттоо калктын саны жана түзүмү, турак жай фонду, айыл чарба жана экономикалык бирдиктер жөнүндө айрым мүнөздөмөлөрдү камтуучу маалыматтарды жалпы эсепке алуунун негизинде топтоону жана алууну камсыз кылуучу иш-чараны билдирет.
2. Каттоо маалыматтары статистикалык изилдөөлөрдүн, административдик маалыматтардын, башка булактардын негизинде же жогоруда белгиленген варианттарды айкалыштыруу менен түзүлөт.
Каттоо анын методологиясына жана түрүнө жараша документтик ырастоо (айыл чарба каттоосу) менен же документтик ырастоосуз жүргүзүлөт.
3. Каттоого катышуу бардык респонденттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Каттоо жалпы улуттук жана тематикалык болуп бөлүнөт.
Тематикалык каттоо расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат. Аны өткөрүүнүн тартиби Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан аныкталат.";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-1 - 19-3-беренелер менен толукталсын:
"19-1-берене. Жалпы улуттук каттоо
1. Жалпы улуттук каттоо республикалык маанидеги иш-чара болуп саналат жана элди жана турак жай фондун каттоону, айыл чарбасын каттоону, ошондой эле экономикалык каттоону камтыйт.
2. Жалпы улуттук эл жана турак жай фондун каттоо, ошондой эле айыл чарбасын каттоо он жылда бир жолу дүйнөлүк каттоолордун кезектеги раундуна туура келген мөөнөттө өткөрүлөт.
Жалпы улуттук экономикалык каттоо беш жылда бир жолу өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасында жалпы улуттук каттоону өткөрүү, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү, алынган баштапкы маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо, жалпы улуттук каттоонун жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана жайылтуу боюнча чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу жана башка тартылган мамлекеттик органдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кошумча персоналды жалдоо жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
19-2-берене. Жалпы улуттук каттоону өткөрүү тартиби
1. Улуттук статистика комитети жалпы улуттук каттоону уюштурууну жана координациялоону, жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгууну жана жарыялоону жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
3. Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан ишин жетектөө, контролдоо жана координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан атайын комиссия түзүлөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечими менен тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде тиешелүү комиссиялар түзүлөт.
19-3-берене. Каттоо документтери
1. Каттоо документтери Улуттук статистика комитети тарабынан кызыкдар мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, коомдук уюмдардын катышуусу менен иштелип чыгат жана атайын комиссия тарабынан бекитилүүгө тийиш.
2. Каттоо документтерин алдыда боло турган каттоону өткөрүүнү уюштурууну жана анын жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгуу технологияларын апробациялоо Улуттук статистика комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мөөнөттө жана көлөмдө пилоттук каттоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Толтурулган каттоо документтери Улуттук статистика комитетинде жана анын аймактык органдарында бөтөн адамдар кире албаган жайларда сакталууга тийиш.
Каттоо документтерин сактоо мөөнөтү архив иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.";
7) 23-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде идентификаторлору бар жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырат.";
8) 35-беренеде "жоруктар жана бузуулар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 36-беренеде "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 37-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пунктунда:
- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик каттоо функциялары берилген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-февралындагы №8 жарыяланды
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 465-ст.);
2) "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 59 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 341-ст.);
3) "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-январындагы № 23 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 23-ст.);
4) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.);
5) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 6 жана 26-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 29-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |