Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-марты № 43
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берененин сегизинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Токой мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары токой чарбачылыгын натыйжалуу башкаруунун, токой экотутумдарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоонун, токойлордун экологиялык жана экономикалык потенциалын жогорулатуунун, токой чарбачылыгын илимий негизде, көп максаттуу жүргүзүүнүн негизинде коомдун токой ресурстарына болгон муктаждыгын канааттандыруунун жалпы мамлекеттик милдеттеринен келип чыккан токойлорду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө, аларды сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.".
3. 18-беренеде:
экинчи абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алын салынсын;
он үчүнчү абзацында "токой-аңчылыгын" деген сөздөр "токой" деген сөзгө алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацта "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын.
4. 19-берененин 1-бөлүгүндө:
бешинчи абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын.
5. 24-беренеде:
1-бөлүгүндө:
экинчи абзацында "жана аңчылык фондун" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алын салынсын;
тогузунчу абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алын салынсын;
он биринчи абзацында ", аңчылык фондунун" деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын; "токой аңчылыгын" деген сөздөр "токой" деген сөзгө алмаштырылсын;
он бешинчи абзацында "жана аңчылык фондорунун" жана "токой аңчылыгын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "фондусунун" жана "токой" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бүлүгүндө "жана аңчылык фондуларын" жана "токой-аңчылыгын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "фондусун" жана "токой" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 27-берененин 3-бөлүгүндө "жана аңчылык фондуларынын" деген сөздөр "фондусунун" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 37-берененин 1-бөлөгүнүн сегизинчи абзацында ", аңчылык жана балык уулоону" деген сөздөр алып салынсын.
8. 49-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан аңчылык ресурстарын пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.".
9. 70-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70-берене. Токойду аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу
Аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка токой пайдалануулар жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
10. 71-73-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 75-беренеде:
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", ошондой эле мамлекеттик аңчылык фондусун пайдалануу" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацында "ошондой эле мамлекеттик аңчылык фонду" деген сөздөр алып салынсын;
расмий тилдеги бешинчи абзацында "и использования государственного охотничьего фонда" деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын.
12. 84-берененин 2-бөлүгүнүн он экинчи абзацында "жана аңчылык" деген сөздөр алып салынсын.
13. 96-берененин 3-бөлүгүндө "же аңчылык жерлерин" деген сөздөр алып салынсын.
14. 97-беренеде:
берененин аталышында "жана аңчылык фондуларына" деген сөздөр "фондусуна" деген сөзгө алмаштырылсын;
беренеде "жана аңчылык фондуларына" деген сөздөр "фондусуна" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |