Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 17-майы № 72
“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 126-статья менен толукталсын:
“126-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттарын киргизүү үчүн жыйым
1. Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде жыйым алынат.
2. Жыйым алуунун тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |