Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 24-майы № 76
2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө түркиялык тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |