МыйзамКүчүндө

КР 2014-жылдын 24-майындагы № 76 «2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк»Манас«университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция24.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 24-майы № 76

2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө түркиялык тарапка кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Атамбаев