Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 26-июну № 95
"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
"6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:
7) судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкандар жана анын жыйынтыктары боюнча Кеңеш тарабынан сунушталбагандар же болбосо Президент тарабынан кайтарылып берилгендер, же болбосо Жогорку Кеңеш тарабынан шайланбагандар;
8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.".
2. 7-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-21-пункттар менен толукталсын:
"19) Кеңештин курамына талапкерлерге ушул Мыйзам менен коюлуучу талаптарга ылайык келбөө фактысы белгиленгенде;
20) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызмат өтөө жана алардын кадрларынын тескөөсүндө болуу фактысы белгиленгенде;
21) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын дискредитациялагандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандыгынын фактысы белгиленгенде.";
3-бөлүгүндө "3-18" деген сандар "3-21" деген сандарга алмаштырылсын.
3. 17-берененин 2-7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 19-беренеде:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.";
3-6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө кирери менен Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш өзүнүн актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |