Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 1-июлу № 102
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
26-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.''.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдын ичинде оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Ш. Атамбаев |