Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 3-июлу № 110
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
2-бөлүгүндө:
"Ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде "администрациялык" деген сөз "Администрациялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
эскертүү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Балдардын администрациялык жоопкерчилиги
Он алты жашка толо элек адамдар администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
Он алты жаштан он сегиз жашка чейинки администрациялык укук бузган адамдарга карата ушул Кодекстин 27-статьясынын 1-2, 5-8, 13-пункттарында каралган чаралар колдонулушу мүмкүн.".
3. 22-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартууга карата иммунитети бар адамдар администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.".
4. 30-статьянын 5-бөлүгүндө "жүз" деген сөздөн кийин "(ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын 4-бөлүгүн жана 248-статьясынын 3-бөлүгүн кошпогондо) деген сөздөр менен толукталсын.
5. 33-статьянын 1-бөлүгүндө "төрт" деген сөз "беш"' деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү
Ушул Кодекстин 226-231, 232-235, 241-242-статьяларында каралган, техникалык каражаттар менен тартылган-жазылган видео- жана фотожазуулар менен ырасталган, бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу укук бузган транспорт каражаттарынын айдоочулары Жол кыймылынын эрежелерин билишин текшерүүгө жөнөтүлөт.".
7. 38-cтатьянын 3-пункту "он сегиз жашка толо электерге,'' деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 22-статьясында каралган адамдарга," деген сөздөр менен толукталсын.
8. 43-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
9. 173-статьядагы "үч" деген сөз "он'' деген сөзгө алмаштырылсын.
10. Расмий тилдеги 216-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "трех" жана "семи" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "пяти" жана "десяти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 219-статьяда "жыйырма" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
12. 223-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
13. 224-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын башкаруу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгисин алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчтүн элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 225-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"225-статья. Айдоочулардын техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын айдоосу
Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламентине ылайык техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын айдоосу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
15. 226-статьяда "эки" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 228-cтатьяда:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "үн чыгаргыч, жарык белгилери менен" деген сөздөр "aтайын үн чыгаруу же жарык белгилерин берүү түзүлүштөрү менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "жыйырма" деген сөзгө алмаштырылсын:
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же трaнспорт каражатын башкаруу укугунан алты айлык мөөнөттө ажыратууга" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 229-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч'' деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 230-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.
19. 231-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ''эсептешүү көрсөткүчүнүн бир" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эскертүү берүүгө алып келет.".
20. 232-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он'' деген сөз "жыйырма" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 233-статьяда "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын.
22. 234-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эскертүү берүүгө же жыйырма саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
23. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 234-1-статья менен толукталсын:
''234-1-статья. Ички иштер органынын кызматкери тарабынан транспорт каражатын мыйзамсыз токтотуу
Фото-, видиожазууларды (видиокаттоолор, уюлдук телефондордун жана түзүлүштөрдүн видиокамералары менен) жүзөгө ашыруучу техникалык каражаттар менен тартылган-жазылган кылмыш жосунунун белгилери жок транспорт каражатын ички иштер органынын кызматкери тарабынан мыйзамсыз токтотуу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Айдоочунун талабы боюнча кызматтык ырастамасын көрсөтпөгөн ички иштер органынын кызматкери тарабынан транспорт каражатын токтотуу транспорт каражатын мыйзамсыз токтотуу деп түшүнүлөт.".
24. 235-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "он'' деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "жыйырма" деген сөзгө алмаштырылсын.
25. 238-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" деген сөз "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кырк саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.";
5-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.";
8-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
9-бөлүгүнүн экинчи абзацында "отуз" деген сөз "эки жүз" деген сөзгө алмаштырылсын;
10-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
11-бөлүгүндө:
биринчи абзацында ", бешинчи жана сегизинчи" деген сөздөр "жана бешинчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"беш жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
26. 240-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз ''он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"эскертүү берүүгө же төрт саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
27. 241-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "жыйырма" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки" деген сөз "он'' деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
28. 242-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жыйырма" деген сөз "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жыйырма саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.";
4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн жүз жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
29. 243-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"243-статья. Айдоо укугуна ээ болбогон адамдын транспорт каражатын башкаруусу
Айдоо укугуна ээ болбогон же болбосо башкаруу укугунан ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпеген тарабынан жасалса, -
он саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
30. 244-статьяда "эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
31. 245-статьяда "эки" деген сөз "'беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
32. 247-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүнүн экинчи абзацтарында "бирден экиге чейинки" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
33. 248-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жыйырма" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жыйырма" деген сөз "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же үч жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратууга" деген сөздөр "транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
34. 249-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "элүү'" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "беш" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
35. 258-статьяда "эсептешүү көрсөткүчүнүн бир" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
36. 508-статьянын 1-бөлүгүндө:
бөлүк "213-5-статьянын экинчи бөлүгү," деген сөздөрдөн кийин "224-статьянын төртүнчү бөлүгүндө,'' деген сөздөр менен толукталсын:
"228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө" деген сөздөр "228-статьясында, 228-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"238-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө" деген сөздөр "234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 234-1-статьясында, 238-статьясында (тогузунчу бөлүктү кошпогондо), 240-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 243-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
37. 510-статьядагы "223-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 231-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 240-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 243-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө," деген сөздөр алып салынсын.
38. 511-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи жана алтынчы абзацтарында "224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239- жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243-245," деген сөздөр "224-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 228-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-233-статьяларында, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларында, 238-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө, 239-статьясында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 243-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 244-245," деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзацында "ал эми ички иштер бөлүмүндө жол кыймылы коопсуздугунун бөлүмү жок болгондо - ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары" деген сөздөр "топтун улуктары, улук инспекторлор жана администрациялык пpaктиканын инспекторлору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацында "администрациялык практиканын улук инспекторлору жана инспекторлору," деген сөздөр алып салынсын.
39. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-глава менен толукталсын:
"36-1-глава
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар тарабынан администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базаларын жүргүзүү
546-5-статья. Администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базасы
Салынган администрациялык жазаларды жана администрациялык укук бузган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар чыгарылган эскертүүлөрдү кошпогондо, салынган администрациялык жазалардын маалыматтарынын (мындан ары - маалыматтардын электрондук базасы) электрондук базасын жүргүзүүгө милдеттүү.
Маалыматтардын электрондук базасында төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- укук бузган адам жөнүндө (фамилиясы, aты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);
- салынган администрациялык жазанын түpү;
- жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзү (түрү) жана датасы;
- салынган администрациялык жазанын аткарылышы жөнүндө статус;
- администрациялык токтомдун номери жана датасы.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган жасалган укук бузуулардын мүнөзүн эсепке алуу үчүн маалыматтардын электрондук базасын зарыл болгон башка маалыматтар менен да толуктоого укуктуу.
Маалыматтардын электрондук базаларын уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
546-6-статья. Маалыматтардын электрондук базасына жеткиликтүүлүк
Маалыматтардын электрондук базасы администрациялык жаза салууга ыйгарым укуктуу адамдарга карап көрүү жана жазуу (мурда толтурулган маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү, маалыматтарды алып салууну кошпогондо) режиминде жеткиликтүү болууга тийиш.
Администрациялык жаза салынган жарандар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар администрациялык жазалардын аткарылышынын жоюлгандыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү маалыматтардын электрондук базаларынан алууга укуктуу.
Маалыматтардын электрондук базасындагы маалыматтар үчүнчү адамдарга берилбөөгө тийиш.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган маалыматтардын электрондук базасынын негизинде өткөн календардык жылы жасалган укук бузуулардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматтарды статистика opгандарына берүүгө милдеттүү.
546-7-статья. Маалыматтардын электрондук базасына маалыматтарды киргизүүнүн мөөнөтү
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалыматтардын электрондук базасына маалымат киргизүүгө милдеттүү.
546-8-статья. Маалыматтардын электрондук базасындагы маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу opган тарабынан киргизилген маалыматтар маалыматтардын электрондук базасында беш жылдан ашпаган мөөнөткө сакталат.".
40. 547-1-статьянын 1-пунктүнүн 3-пунктчасында "жалпыга маалымдоо каражаттарындагы" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде интернеттеги)" деген сөздөр менен толукталсын.
41. 553-статьянын 3-бөлүгүндө "техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле фото- жана видеожазуу функциялары (видеокамералар, видеокаттоолор, уюлдук түзүлүштөрдүн жана шаймандардын видеокамералары) бар техникалык каражаттар менен тартылган-жазылган маалыматтар" деген сөздөр менен толукталсын.
42. 553-3-статьяда:
2-пунктунда ", укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же" деген сөздөр ", бул" деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) көрсөтүлгөн адам тарабынан жасалган укук бузуу үчүн төлөнгөн администрациялык айыптын суммасын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш жүзүндөгү укук бузуучудан өндүрө алат.".
43. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статья, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын үчүнчү бөлүгү, 248-статья);".
44. 561-статьянын 2-бөлүгүндө "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
45. 568-статьянын 1-бөлүгүндө "241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө" деген сөздөр "241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
46. 585-статьянын 2-пунктунда "бир айдан" деген сөздөр "он күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
47. 592-статьянын 1-бөлүгүндө "241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө" деген сөздөр "241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
48. 593-статьяда "бир айдын" деген сөздөр "он күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
49. 599-статьяда "жыйырма күндүк" деген сөздөр "он күндүк'' деген сөздөргө алмаштырылсын.
50. 614-статьянын 4-пунктунда "республикалык бюджетке чегерилет" деген сөздөрдөн кийин ", ушул акча каражаттарынын 25 пайызы жол кыймылынын коопсуздугу органдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат''.
51. VI бөлүмдүн 3-бөлүгү "он сегиз жашка толо электерге," деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 16-статьянын 1 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
"24-1-cтатья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы
1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү.".
3. 26-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-статья менен толукталсын:
"26-1-статья. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөткөн уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар
1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөткөн уюм (автомектеп) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- айдоонун теориясына жана практикасына үйрөткөн уюмдун кызматкерлери (инструкторлору) айдоонун үч жылдан кем эмес стажына ээ болууга;
- айдоонун көндүмдөрүнө үйрөтүүнү жүзөгө ашыра турган (менчик же ижаралык негиздеги) автомобиль транспортунун болушуна;
- айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги компьютердик техникасынын болушуна;
- окуу үчүн жеке же ижарага алынган имараттын, ошондой эле автоаянтчасынын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна.
2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине үйрөткөн билимдердин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмө транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.".
5. 27-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык ден соолугун аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөн жана ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган адамдарга берилет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер айдоого үйрөнүүдө алган транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө милдеттүү. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеокаттоолор менен жүзөгө ашырылган видеотартуулар же болбосо видеожазууларды жүзөгө ашыруучу башка түзүлүштөр менен белгиленет.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин кыскартуу боюнча чараларды көрсүн.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1-статьянын 39-пункту ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2-берененин 4 жана 5-пункттары ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |